You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Киев жүрөгүмдүн бир бөлүгүн ээлеп алды”. Жо Байден Киевге орус баскынчылыгынын бир жылдыгын утурлай барды
АКШ президенти Жо Байден 20-февралда күтүүсүздөн Киевге барып, Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолугушту.
“Сиздин сапарыңыз бүткүл украиналыктарды колдоонун өтө маанилүү белгиси”,- деди Зеленский. Андан соң украин президенти Байден менен бирге согуштун тогуз жылында (Зеленский өз сөзүндө 2014-жылдан бери карай эсепке алган) курман болгон жоокерлердин мемориалына барышты.
Америкалык президенттин сапары алдын ала белгилүү болгон эмес. Анын үстүнө Ак үй аны уюштуруу реалдуу эмес экенин бир нече жолу билдирген, анткени согуш болуп жаткан өлкөдө президенттин коопсуздугун камсыздоо мүмкүн эмес болчу.
Байден 20-22-февралда Польшага барып, президент Анджей Дуда менен жолугушмак. Бул сапар тууралуу Ак үй алдын ала билдирүү тараткан.
Байден менен бирге Киевге Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жейк Салливан да келди.
Башка жогорку даражалуу америкалык чиновниктер сыяктуу эле Байден Польшадан Киевге поезд менен келген, деп жазды New York Times гезити.
Rolling Stone журналы Ак үйдөгү булагына таянып, Байденге бул сапар үчүн бир нече пландар сунушталганын жазды. Алардын бири: Байден менен Зеленскийдин поляк-украин чек арасындагы жашыруун жерде жолугушуусу болгон. Дагы бир сунуш - жолугушууну өлкөнүн чыгышындагы Львов шаарында уюштуруу (бул аймак бир нече жолу орус аба соккуларына кабылган, бирок салыштырмалуу коопсуз бойдон калууда). Бирок Байден Киевге барууну чечти.
Салливан Ак үй Байдендин Украинага сапары тууралуу Москваны алдын ала кабарлаган. Бул эки өзөктүк державанын ортосунда түздөн-түз чыр-чатакка алып келиши мүмкүн болгон ар кандай инциденттерди алдын алуу үчүн жасалган. Анткен менен Байден Киевде жүргөн маалда аба тревогасы жарыяланган - буга Беларустун аймагынан учкан МиГ-31К кыйраткычы себеп болду.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дөн кийин америкалык президент Киевден чыгып кеткени белгилүү болду.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин орус тилдүү Телеграм-каналында: "АКШ жыл сайын февралдын үчүнчү дүйшөмбүсүндө Президенттердин күнүн белгилейт. Бүгүн чындап эле тарыхый Президенттердин күнү!" - деген билдирүү жарыяланды.
Байден Украина улут катары биригип, өз мамлекетин коргогону аны таасирленткенин айтты. “Киев жүрөгүмдүн бир бөлүгүн ээлеп алды”, - деди ал.
Америкалык президент бир жыл мурда орус аскерлери Украинага басып кирген “караңгы түндү” эске салды. "Бир жылдан кийин Киев дагы эле турат, - деди Байден. - Украина да турат. Демократия дагы".
Байден АКШ Украинага жардамды "канча керек болсо" көрсөтөөрүн дагы бир жолу кайталады.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба дүйшөмбү күнү Владимир Зеленский менен Жо Байдендин Киевдеги сүйлөшүүсү эң ишенимдүү маанайда өткөнүн билдирди. "Тарыхый сапар болду. Мен муну айтып коеюн: эки президент тең сүйлөшүүгө ыраазы. Атмосфера мүмкүн болушунча ишенимдүү жана чынчыл маанайда болду", - деп жазган ал Фейсбук баракчасына.
"Путин Украинаны алсыз, ал эми Батыш бөлүнүп кетти деп ойлогон...биз биримдикте боло албайбыз деп ойлогон. НАТО биримдигин сактай албайт деп эсептеди. Ал Украина башка өлкөлөрдү өзүнө тарта албайт деп ойлогон, - деди Жо Байден жолугушуудан кийин Владимир Зеленский менен бирге сүйлөгөн сөзүндө. - Ал бизди отургуза алам деп ойлоду. Менимче, ал азыр антип ойлобойт. Абдан жаңылды. Анын баскынчылык согушунан да майнап чыккан жок".
"Бул АКШ менен Украина мамилесинин тарыхындагы эң маанилүү сапар", - деп жооп берди Зеленский.
Анын айтымында, бул сапардын жыйынтыгы согуш талаасына сөзсүз таасир этет. Зеленский ошондой эле Байден менен алыскы аралыкка атуучу куралдарды жеткирүү маселесин талкуулаганын белгиледи.
"Украина үчүн абдан маанилүү колдоо пакети болорун билем... бул Орусиянын агрессиясына туруштук берет, - деди Зеленский. - Украина сизге ыраазы, президент - мырза".
Байдендин сапары тууралуу башкалар эмне деди?
Кремлден азырынча расмий комментарий боло элек. Бирок КМШ өлкөлөрү институтунун директор орун басары Владимир Жарихин ТАСС агенттигине берген маегинде АКШ президенти Киевге орус президентинин кайрылуусунан бир күн мурун атайылап келген деген пикирин билдирди.
"Бул Байдендин кыжырга тийүүчү кадамы. Менимче, ал мамилелерди мындан ары да курчутат. Анын бүгүнкү аракеттери Орусия президентинин кайрылуусунда эске алынат деп ойлойм, - деди ал. - Бул Орусиянын кыйыр жообун камтыган кыжырга тийүүчү аракет. Ал Путинге ушуну менен каршы чыкты. Менимче ал жообун алат".
Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев да четте калган жок.
"Байден коопсуздук кепилдигин алгандан кийин акыры Киевге барды. Ал көптөгөн курал-жарактарды убада кылып, өлгөнгө чейин неонацисттик режимге берилгендигине ант берди. Албетте, жаңы курал жана кайраттуу эл менен келе турган жеңиш жөнүндө өз ара билдирүүлөр болгон, - деп жазды ал Телеграм-каналында. - Чындап эле Батыш Киевди курал-жарак жана акча менен үзгүлтүксүз камсыз кылып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бул НАТО өлкөлөрүнүн аскердик өнөр жай комплексине эбегейсиз акча табууга, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча террористтерге сатуу үчүн куралдарды уурдоого мүмкүндүк берип жатат”.
Бозгунда жүргөн саясат таануучу Аббас Галлямов бул визит "Путиндин жооп бере турган эч нерсеси жок экени түшүнүктүү болгон кырдаалда "мелдешти" күчөтүп же мындай жоопту атайылап провокациялоо" болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Ачууланган Путин Киевге сокку урууга буйрук берет дейли. Мындай кырдаалда армия бул буйрукту аткаруудан баш тартышы мүмкүн - алар мындан ары бул "атайын аскердик операция" эмес, толук кандуу согуш болорун түшүнүшөт, - деп жазды Галлямов өзүнүн Телеграм-каналында. Орус аскерлери буга даяр эмес болушу мүмкүн. Ал эми буйрукка баш ийбөө - бул төңкөрүш аракети".
Бат университетинин коргонуу жана коопсуздук боюнча эксперти, НАТОнун мурдагы талдоочусу доктор Патрик Беринин пикиринде, Байден менен жолугушуунун негизги жыйынтыгы - НАТО союздаштарынын Украинага колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр болгону.
Би-Би-Сиге берген маегинде ал: "Бул Владимир Путинге “биз артка чегинбейбиз, андыктан бул согушта бизден озуп кетүү аракети ишке ашпайт” дегендин белгиси" деди.
“Убакыт боюнча айта турган болсок: алар президентти мааракеге [24-февралда] жиберүүнү каалашпаса керек, анткени ал күнү жапырт орусиялык бомбалоо коркунучу күчөйт. Бул көптөн бери пландалып келген, мындай сапарлар, албетте, кылдат пландаштырууну талап кылат жана бул тууралуу Зеленский декабрда АКШга барганда да сүйлөшүлгөн”, - деди Барри. (EB)