БУУ: Украинада 3 миң 496 жай тургун согуштан каза тапты

Published

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы (OHCHR) Россия Украинага басып киргенден бери жайкын тургундардын өлүмүн эсепке алып келет.

 Анын маалыматына караганда, 10-майга карата Украинада согуш башталгандан бери 3 миң 496 адам каза болуп, дагы 3 миң 760 киши ар кандай жарааттар алышты.

 Алардын арасында өспүрүмдөр жана жаш жаш балдар дагы бар.

 Каза болгондордун көбү артиллериялык жана ракеталык чабуулдардын жана аба соккуларынан курман болгондор.

OHCHR эксперттери курман болгондордун так саны расмий маалыматтан алда канча көп деп эсептешет. Себеби, согуштун активдүү аймактарынан алынган маалыматтар толук эмес жана көп отчеттор кошумча текшерүүнү талап кылат.

  Бул көбүнчө Мариуполдо, Изюмда жана Попаснада каза болгондордун эсебине тиешелүү.

Анткени бул шаарларда карапайым калк арасында курмандыктар көп болгону кабарланууда.