Тергөөнү ким адилет жүргүзөт: чекист, прокурор же милициябы?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда тергөө функциясын Башкы прокуратурадан ИИМ же УКМКга өткөрүү демилгеси талкуунун чордонунда.

Президенттин администрациясы Кылмыш-Процессуалдык кодекске айрым өзгөртүүлөрдү караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документте бул чара прокуратура органдарындагы коррупциянын алдын алары айтылат:

“Азыркы мыйзамдар менен прокуратура органдары тергөө жүргүзүп, анан кайра эле өздөрү ошол тергөө мыйзамдуу жүрүп жатабы, көзөмөл кылышат. Муну менен коррупцияга жана кызыкчылыктар конфликтисине жол ачылууда”.

Башкы прокуратурага тергөө функциясы президент Садыр Жапаров жаңы бийликке келген жылдары берилген.

2016-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде жаңыланган Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси 2021-жылы декабрда күчүнө кирген. Бул кодекске ылайык, Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлүп, коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер тергеле баштаган. Ага чейин тергөө функциясы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана УКМК алдындагы Антикоррупциялык кызматында болуп келген эле.

Бирок эми эки жылга жетип жетпей Башкы прокуратуранын бул укуктарын алууну караган мыйзам демилгенип жатат. Буга баш прокурор өзү кандай пикирде?

“Башкы прокуратурадан тергөөнү алып, эки укук коргоо органына бөлүп берүү же өзүнчө Тергөө департаментин түзүү боюнча сунуштар болуп, иштер жүрүп жатат. Ал боюнча өлкө башчысы кандай чечим кабыл алса, ошол боюнча ойду айтып, анан аракеттенсек болот. Биз реформага муктажбыз”, - деди Зулушев жакында эле парламентте депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып.

Аталган мыйзам долбоорун “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев былтыр декабрда эле демилгелеген.

“Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийликке манчыркап, өздөрүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калышкан. Мурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагында абдан көп жумуштарды, реформаларды жасады. Ага болсо Башкы прокуратура тарабынан жети кылмыш иши козголуп, бир айга жакын түрмөдө отуруп чыкты. Кийинчирээк болсо козголгон кылмыш иштери тергөө-иликтөө иштеринин негизинде кыскартылды. Буга моралдык жактан ким жооп берет?”, - деген эле демилгечи депутат.

Былтыр Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди Covid-19га каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга айыптап кармап, жети кылмыш иши козголгон. Ал арада президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин кармалышы боюнча комиссия түзүп, тергөө аяктаганга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан четтеткен эле.

Анда Алымкадыр Бейшеналиев президенттин жакын санаалашы экендиги, андан кийин Садыр Жапаров менен Курманкул Зулушевдин ортосундагы мамиле начарлаганы тууралуу да талаш-талкуулар жүргөн эле.

Кайра темага кайта турган болсок, коомдо Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып салууга пикирлер бир кылка эмес.

“Башкы прокуратураны тергөө укугунан ажыратуу башка көйгөйлөрдү жаратат,-деди мурдагы биринчи вице-премьер, генерал Токон Мамытов. - Мисалы, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук Гвардиянын, УКМКнын, Коргоо министрлигинин офицерлери же жоокерлери кылмыш жасаганда алардын тергөөсүн ким өткөрөт? Бул жерде кызыкчылыктар конфликти болуп калбайбы, ошолорго каршы тергөө Башкы прокуратурада эле калышы керек. Бирок негизинен бөлөк жолго түшсөк болмок. Европа мамлекеттерин же Россияны эле алалы, бул мамлекеттерде ИИМден жана башка органдардан тергөөнү алып туруп, өзүнчө тергөө кызматын түзүп коюшкан. ИИМ баш болуп берки органдар ыкчам иликтөө иштери алып барат, ал эми Башкы прокуратура көзөмөл функциясын аткарат. Мына ушул жол эң туура болмок”.

Башкы прокуратуранын тергөө макамы 2021-жылда кабыл алынган соңку Баш мыйзамдын 105-беренесинде да айтылат. Буга чейин тийиштүү мыйзам долбоору парламентте талкууланып, анда депутаттар Башкы прокуратурадан тергөө укугун алыш өтө машакаттуу иш экенин айтышкан эле:

“Татаал процесс. Ал үчүн биринчи Баш мыйзамды өзгөртүш керек. Ал жерде тергөө иши Баш прокуратурага берилгени даана, так жазылып турат. Аны жөнөкөй мыйзам менен өзгөртө албайсың. Аны биринчи Конституцияны өзгөртүп, анан гана өзгөртсө болот. Ошол үчүн мүмкүн эмес”, -деген болчу депутат Балбак Түлөбаев.

Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Башкы прокуратурада тергөө жүргүзүү укугу бар. Бирок коррупциялык мүнөздөгү жана ири кылмыш иштер көбүнесе УКМК менен Башкы прокуратурада тергелет. Бул эки органды үч жыл мурда бийликке келген күчтөрдүн лидерлери Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушев жетектейт.

Султан Жоошбаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, ал соңку жылдары ИИМдин тергөө укугу чектелип жатканына кабатыр:

“Мамлекетте тартипти кармап туруш үчүн тергөө функциясын бир гана структурага бериш керек эле. Союз убагында тергөөнү адам өлтүрүү боюнча окуя болсо, аны прокуратура тергөөчү. Калган кылмыштардын бардыгын ИИМ тергечү эле. Ал эми УКМК мамлекеттик чыккынчылык боюнча иштерди гана тергечү. Ошондо тартип жана жоопкерчилик бар эле. Азыр кимден сурашты билбейсиң, баары эле тергеп атат”.

Башкы прокуратурадан тергөө функциясы алынып кала турган болсо, Кыргызстанда тергөө укугу ИИМге караганда көбүрөөк УКМКга өтүшү мүмкүн. 2016-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык, ансыз деле кызматтык кылмыштарды тергөө Баш прокуратурадан УКМКга берилген эле.

Эми тергөө функциясы УКМКга өтсө, бул органга эбегейсиз мүмкүнчүлүк ачылары турган иш.

УКМК кантип күчтөндү?

Эгемен Кыргызстан тарыхында Улуттук коопсуздук комитетинин ыйгарым укуктары улам кеңейип жүрүп отурду.

2009-жылы атайын кызмат чалгын жана контр-чалгындан тышкары экстремизмге каршы иш алып баруу укугун алды. Ошол эле жылы УКМК маалыматтык коопсуздукка көзөмөлдү алууга жетишкен.

2011-жылы УКМК мамлекеттик объектилеринин күзөтүнүн коопсуздугун да камсыздоо укугуна ээ болгон. Ошондой эле Антикоррупциялык кызмат түзүлүп, УКМК кызматтык кылмыштарга каршы иш алып бара баштады.

2014-жылдан тарта атайын кызмат өлкөгө кирип-чыккан транзитти да көзөмөлдөй алат.

2016-жылы ишке ашкан конституциялык реформанын негизинде УКМК Баш прокуратурадан тергөө функциясын да өзүнө алган.

Конституцияга ылайык президент атайын кызматтын башчысын тикелей дайындай алат. Ошол себептүү серепчилер атайын кызмат буга чейин дээрлик бардык президенттердин куралы болуп келгендигин белгилешет. Бирок азыркы Жапаров-Ташиев тандеминде бул формула канчалык иштейт, айтуу кыйын.