Бакандай тергөөчү кармалды эле, иштин аягы эмне болот?

Published

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү саналуу күн мурун коррупцияга шектелип кармалды. Ал Бишкек машина заводуна тийиштүү 62 гектар жерди мыйзамсыз сатууну уюштурган деп айыпталууда.

Ал арада  Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Башкы прокурордун ишмердиги тууралуу маселе көтөрүп, Курманкул Зулушевдин парламентке келүүсүн да талап кылышкан эле.  

Бул көрүнүштөр президент Садыр Жапаров соңку кезде Башкы прокурор Курманкул Зулушевге сыртын салууда деген имиш-имиш, айың кептер айтыла баштаган учурга туш келди. Бирок белгилей кете турган жагдай, буга чейин президент өзү да башкы көзөмөл органынын жетекчисине ишеним артып, кыңыр иштерди аныктап, тактоо боюнча иштерди тапшырган жайы бар.

Башкы прокуратура С.Н.М аттуу кызматкери коррупцияга шектелип жатканын Би-Би-Сиге тастыктады:

“Азырынча бул тууралуу комментарий бере албайбыз. Буга чейин Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын улук прокурору да кармалганын ырастайбыз”.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү ушул күндөрү аймактарда иш сапары менен жүргөнү белгилүү.

Көзөмөл органынын айрым кызматкерлери шек жаратты

Башкы көзөмөл органынын бакандай кызматкерлери оор кылмышка шектелип жатышы прокуратура ичиндеги коррупциянын масштабы тууралуу маселени козгоду.

Бирок андан дагы маанилүүсү президент Садыр Жапаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мамилеси мурунку Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге коюлган айыптардан кийин сууп баратат деген сөздөргө дагы бир жолу жем таштагандай болду.  

“Эгемендүүлүк күнүнө карата Садыр Нургожоевич наамдарды ыйгарды, спикер Талант Мамытовго “Мыкты юрист”, ошол эле Камчыбек Ташиевге “Кыргыз Республикасын баатыры” наамын берди. Бирок Курманкул Зулушев эч кандай наам алган жок. Демек президенттик пулдан бир аз алыстап бара жатабы деген суроолор жаралып жатат”, -деди Би-Би-Сиге коомдук активист Атай Бейшенбек .

Президент Садыр Жапаров “коррупцияга” шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ага кылмыш ишин козгогон Башкы прокурор Курманкул Зулушевди 4-июнда тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтеткен.

Анда талдоочулар Башкы прокурор бул ишти президент менен кеңешпей кылганы үчүн иштен четтетилген болушу мүмкүн деп чыгышкан.

Себеби, Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагындагы коррупцияга каршы иштерин президенттин колдоосу менен ишке ашырып келгенин дайым айтып келген эле.

“Зулушевди чакыралы”

Ал тапта Жогорку Кеңеште “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Нурлан Шакиев коомдо өсүп жаткан зордук-зомбулукка тынчсыздануусун билдирип, Башкы прокурорду парламентке чакырып, отчет алууну демилгеледи.

“Бүгүнкү күндөгү жалпы мыйзамдуулук, адам укуктары боюнча биз Башкы прокурор Курманкул Зулушевди чакырышыбыз керек. Ал аракеттеги мыйзамдардын бузулушу, сакталашы боюнча маалымат берсин. Бир топ тынчсызданууларга, суроолор жооп алышыбыз керек. Эмики жума чакыралы”.

Парламенттин дал ошол жыйында Курманкул Зулушевдин ысымын депутат Шайлообек Атазов дагы атаган эле.  

“Революциялар Укушевди (ред. Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси), Зулушевди байысын деп Укушев же Зулушев үчүн болбошу керек. Эмне үчүн кыргыз мамлекетинде кайра-кайра тополоң болушу керек”.  

Буга чейин коомдук сайттарда “Садыр Жапаровго прокурорлордун анонимдүү кайрылуусу” деген кат жарыяланып, анда Зулушевдин жакындары акыркы эки жылда бир канча жаңы фирмаларды каттаганы тууралуу маалыматтар айтылат.

Андан кийин айрым жергиликтүү басылмалар Юстиция министрлигинин сайтында чындыгында эле катта айтылган компанияларды Зулушевдин жакындары түптөгөнүн таптык деген мазмунда материалдарды жарыялашкан.

Мисалы, "Радуга Пром Строй" компаниясын Токторалыев Барсбек Курманкулович башкарат. Ал башкы прокурордун уулу. Компания 2021-жылы 30-сентябрда кайра каттоодон өткөн.

Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын тарапкерлеринин бири Курманкул Зулушев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин баш прокурор болуп дайындалган.

Президенттин анти-коррупциялык саясаты

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу Би-Би-Сиге комментарий берди.

Ал аталган кеңеш иштеп чыккан коррупцияга каршы стратегиянын долбоорунда Башкы прокуратура тууралуу да сунуштар бар экенин айтты:

“Башкы прокуратура өзү коррупция менен күрөшүп жаткан орган. Бирок булардын эң биринчи функциясы – укук коргоо болуш керек. Булар коррупция менен күрөшпөй, алар азыр иш жүзүндө коррупциянын кесепети менен күрөшүп атышпайбы. Кылмыш иши өндүрүшкө алынгандан кийин иш кылып жатышат. Ошондуктан булар, "неотвратимость наказания" деген түшүнүк бар, мына ошого гана жооп берип, коррупциянерлерге туура санкция салганы жакшы. Ал үчүн алар берип аткан чечимдерине жооп бериш керек. Тергөө иштериндеги же айыптар боюнча Башкы прокуратура ар бир иши боюнча отчет бериши керек”.

Октябрь окуяларына чейин тергөө функциялары негизинен УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызматка берилип, ИИМде айрым иштер боюнча гана тергөө укугу калтырылган.

Бирок 2021-жылдан кийин Коррупцияга каршы кызмат жоюлуп, тергөө фунциялары кайра Башкы прокуратурага өткөн эле.