Украинадан Түркияга дан ташуу жанданды

Published

Дан коридорун макулдашуу алкагында Украинанын Одесса портунан биринчи кеме жолго чыкты. Сьерра-Леоне өлкөсүнүн желеги сайылган кеме 26 миң тонна жүгөрү ташып бара жатат. Кеме Стамбулда текшерүүдөн өткөндөн кийин Ливанга барат.  

“Razoni кемеси Одессадан Ливандын Триполи портуна жөнөп кетти. Кеме Стамбулга 2-августта келери күтүлүүдө. Ал Стамбулда текшерүүдөн өткөндөн кийин бара турган портуна жолун улантат, - деп айтылат Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Түркиянын оргоо министри Хулуси Акар “Анадолу” агенттигине берген маегинде, “мындан кийинки кемелер дагы ушундай таризде, жолун тоскоолсуз улантат” деди.  

Акар кеме 2-августта, саат 15:00 чамасында Стамбулдагы Босфор кысыгына келээрин, андан кийин биргелешкен комитет тарабынан көзөмөлдөн өтөрүн билдирди.  

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш да Украинадан данды экспорттоону кубаттады. “Бул дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үчүн абдан муктаж болгон Украина портторунан келген көптөгөн жеткирүүлөрдүн биринчиси болот деп үмүттөнөбүз”, - деди Гутерриш. 

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Украинанын портторундагы миллиондогон тонна данды ташуу үзгүлтүккө учураган эле.  

Украинадагы данды экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 22-июлда Стамбулда данды ташуу боюнча келишимдерге кол коюлду. 

Кол коюу аземине Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана ББУнун баш катчысы Антонио Гутерриш катышкан.  

Дан коридору боюнча макулдашууга кол коюлгандан бир нече саат өткөн соң Орусия Одессадагы портко ракеталык чабуул жасады, мындан улам процесстин башталышы кечеңдеди.  

Өз кезегинде Орусия кол салууда жүк ташууга таасир эткен инфраструктура бутага алынбаганын билдирген. 

27-июлда макулдашуунун алкагында Стамбулда Биргелешкен координация борбору ачылган - анда БУУ, Түркия, Орусия жана Украинанын бештен жооптуу өкүлдөрү мониторинг жүргүзөт.

Биргелешкен координация борбору кандай иштеп жатат?

Биргелешкен координация борбору Стамбул-Маслактагы Улуттук коргонуу университенинин кампусунда жайгашкан. 20 адамдан турган топту түрк адмиралы жетектеп жатат. 

Украинадан дан ташуу үчүн чыккан кемелердин порттон жөнөп кетүү убактысы, жүгү, бара турган жери, жетүү убактысы тууралуу маалыматтар Биргелешкен координация борборуна жиберилет. 

Борбор кемелердин Кара деңизде белгиленген коридордон коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн алыстан жана абадан байкоо жүргүлөт. Кемелердин багыты, ал өтүп жатканда башка жүк жүктөлүп-жүктөлбөгөнү дагы текшерилет. Ошол эле учурда белгиленген коридорго башка аскердик түзүмдөрдүн жакындоосу да көзөмөлдөнөт. Аскердик түзүмдөргө коридорго жакындоого тыюу салынат. 

Биргелешкен координация борбору  мүмкүн болгон чагымчылдыкты алдын алуу үчүн белгиленген азык-түлүк коридоруна аскердик кеме, учак же аскердик дрондордун жакындашына тоскоолдук жаратат. Бул аскердик түзүмдөрдүн канчалык аралыкта жайгаша аларына да борбор чечим чыгарат. Борбордон уруксаты жок бир дагы тарап бул аймакка аскердик түзүм киргизе албайт. 

Коридор 120 күн иштейт, бирок мөөнөтү узарышы мүмкүн

Биргелешкен координация борборунун түзүлүшүнө алып келген дан коридору макулдашуусунун мөөнөтү 120 күн деп белгиленди. Ошондуктан борбордун  биринчи этапта 120 күн иштеши каралып жатат. Бирок тараптардан кандайдыр бир кайрылуу келбесе, кызмат мөөнөтү автоматтык түрдө 120 күнгө узарат. 

Макулдашуунун 120 күндөн ашуун убакытка түзүлгөнүн Украинанын кемелеринде 25 миллиондон ашуун тонна дан азыктарынын болушу жана Орусиянын жыл аягына чейин 50 миллион тонна экспорт жасоону көздөп жатканы шарттап жатат. Согушта бул планды коопсуз ишке ашыруу, ошондой эле кемелерди текшерүү иш-чараларды эске алуу менен жай өтөт деп күтүлүүдө.

Биргелешкен координация борбору менен процесстин иштөө маалында чыга турчу көйгөйлөрдү ыкчам түрдө чечилиши дагы кошумча маселе жаратышы мүмкүн.

Түркия менен БУУнун жооптуу кызматкерлери процесстин өнөктөшү да, кепили да катары көйгөйдүн чечилишинде активдүү роль ойной турганы белгиленди.

Биргелешкен координация борборунун милдеттеринин бири - кемелердин кыймылы учурунда шектүү жагдай пайда болгон учурда же тараптардын бири тарабынан макулдашуунун болжолдуу түрдө бузулушу боюнча эл аралык укуктун ченемдерине ылайык текшерүү жүргүзүү.

Кеме өзгөчө кырдаалды кабарлаган учурда да, борбор ишке киришет жана кеменин жана жүктүн, өзгөчө кеменин экипажынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт.

Бул борбор ошондой эле тараптардын коммерциялык кемелерге эч кандай кол салбоо убадасынын аткарылышын технологиялык каражаттар аркылуу көзөмөлдөйт.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: