Алмазбек Атамбаев эки иш боюнча акталды

Published

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Атамбаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмазбек Атамбаев

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки иш боюнча актады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.                                     

Атамбаевге “Калыс-Ордо” конушундагы мектепти курууда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”  жана Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспортун берүү ишиндеги “коррупция” беренелери менен айып тагылган.

Маалыматка ылайык, соттук отурумда прокурор “Калыс-Ордо” иши боюнча айыптоону колдоодон баш тартты. Ал эми түркиялыктарды кыргыз жарандыгына кабыл алуу иши боюнча “кылмыштын курамы жок болгондуктан” акталды.

Учурда Атамбаев №47 түзөтүү колониясында - ал криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган. 

“Калыс-Ордодогу” мектептин курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча экс-мэрлер Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, Кубанычбек Кулматов 4,4 млн сомдук айыпка жыгылган. Ибраимов 2020-жылы октябрда болгон башаламандыктарда колониядан бошотулуп, азыркыга чейин дайынсыз.

Ал эми түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү ишинин алкагында Атамбаевден сырткары анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жана Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) бир катар кызматкери кармалышкан. Шектүүлөрдүн бири - ММКнын калкты каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев тергөө менен кызматташууга барып, 2021-жылдын октябрь айында 260 миң сомдук айыпка жыгылган.

Кыргыз паспортун алгандардын арасында Түркиянын чалгындоо кызматы тарабынан уурдалган “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды болгон.