You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Байден уулунун жазасын жеңилдетеби?
Кейтлин Уилсон
BBC News, Вашингтон
Ак үй президент Байден өзүнүн уулунун кылган кылмышы үчүн чыккан өкүмдү жумшартпайт деп билдирди. АКШнын федералдык соту Хантер Байденди куралды мыйзамсыз сатып алганы үчүн күнөөлүү деп тапты.
Өкүмдү жумшартуу жөнундө суроого жооп берип жатып, Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер президент мурда айткан сөздөн башка эчтеке кошумчалай албасын билдирди.
Шейшембиде Делавэр штатынын арачы соттору Хантер Байденди 2018-жылы револьвер сатып алып жатканда баңгизат чекпей турганы жөнүндө жалган айтканы үчүн күнөөлүү деп табышты.
Жан-Пьер өкүмдү жумшартуу тууралуу президент менен сүйлөшкөн эместигин баса белгилеп жатып, өткөн аптада Байден уулуна кечирим бербей турганын айтканын кайталады.
АКШнын президенттери федералдык кылмыштар үчүн күнөөлүүлөргө өкүмдү жумшартууга укугу бар. Алар керек болсо мындай өкүм чыккандар адамдарды биротоло кечирип коюшу да мүмкүн.
Өкүмдү жумшартуу деген өкүмдүн күчүндө калганын, бирок сот чыгарган өкүмдү жумшагыраак жазага алмаштыруу дегенди билдирет.
Бирок президенттер штаттардын деңгээлиндеги иштерде жазаны жумшартып же кечирип кое албайт.
Шаршембиде Air Force One бортунда Жан-Пьер журналисттерге: “Ал (президент Байден) жана биринчи леди өздөрүнүн баласын жакшы көрөт жана колдойт. Мен андан башка эчтеке албайм”,-деди.
Ал ошондой эле президент шейшембиде кечинде үй-бүлөсү менен өткөргөн убакыт тууралуу дагы эчтеке айтпай турганын кошумчалады. Президент өзүнүн уулунун иши боюнча арачы соттор айыптаган вердикт чыгаргандан кийин кечинде Делавэр штатына, Уилмингтонго жөнөп кеткен болчу.
Шаршембиде президент G7 саммитине катышуу үчүн Италияга учту. Анын алдында сүйлөгөн сөзүндө Жан-Пьер Байдендин «сот процессин сыйлай турганын, ал кандай болсо да кабыл аларын» айткан мурдагы эле сөзүн окуп берди.
Хантер Байден биографиялык маалыматтарды федералдык текшерүү убагында баңгизат чекпей турганы тууралуу калп айткан деген эки айыптоо менен макул болгон жок. Ошондой эле баңгизат чегип жүргөндө курал сатып алган деген айыптоону да кабыл алган жок.
54 жаштагы Хантер 2018-жылы октябрда пистолет сатып алганда сакайып калганын айтууда.
Жалпысына алганда Хантер Байден 25 жыл түрмөгө камалышы мүмкүн, бирок эксперттер президенттин уулун мынчалык узак мөөнөткө кесип жиберишпейт дешет.
Конституционалист-окумуштуулар президенттин кечирим берүү укугу анын өзүнө келгенде иштейби деген суроого эки ача пикир айтышууда.
Бирок Дональд Трамп эгер ноябрда президенттик шайлоодо жеңип чыкса, өзүнө чыккан өкүмдү өзгөрткөн биринчи адам болуп калышы мүмкүн. Анын федералдык эки кылмыш боюнча соттолуп жатканы белгилүү. (КС)