Айлык: Быйыл кимдики канчага көбөйөт? Министрдин жообу

Эсептөө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда 1-апрелден социалдык тармакта эмгек акы масштабдуу көтөрүлө турганын өлкөнүн финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана социалдык кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайыздан 80 пайызга чейин жогорулайт.

"Билим берүү тармагында эмгек акы 80% жогорулайт. Жаңы модель боюнча эсептесек, стажысы жок, жаңы иштеп аткан мугалим, колуна 20-21 миң сом алат. Азыр бул категориядагы адистер 4-7 миң алууда",-деди министр.

Социалдык тармакта баардыгы 309 миң адамдын айлыгы көбөйөт. Ал үчүн мамлекеттик казынага 25 миллиард сом талап кылынат.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-марттагы жыйында 1-апрелде жогорулай турган эмгек акынын күч органдарына жана аскер кызматчыларына тийиштүү эмеc экенин билдирди. Алардын эмгек акысын 1-августтан көбөйтүү пландалууда.

Судьялар айлык жагынан алдыда

Судьялар

Сүрөттүн булагы, Sot.kg

Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Би-Би-Сиге 1-февралда берген эксклюзив маегинде судьялардын эмгек акысы 81 миңден 160 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн ырастаган.

Соттордун эмгек акысы 81 миңден 160 миңге чейин көтөрүлгөнү жөнүндө Финансы министрлигинин биринчи маалыматтары чыкканда Жогорку Соттон аны туура эмес, судьялардын эмгек акысы анчалык деңгээлге чыга элек деген билдирүүлөр жарыяланды.

Финансы министри судьялардын алды азыр 160 миң сом эмгек акы алып жатканын Би-Би-Сиге өзү дагы бир ирет тастыктаган болчу.

"Сөз судьялар жөнүндө болуп атат. Бүгүнкү күндө 503 судья бар Кыргызстанда. Өткөн жылы 7-июлда Президенттин жарлыгы чыккан, ошонун негизинде судьялардын эмгек акысынын коэффициенти көтөрүлгөн. Ошондо орточо алганда 60 миңден 81 миңге чейин маяналары көтөрүлгөн. Маяна деген бул базалык бөлүгү, ага ар кандай кошумчалар бар. Ошондой эсептегенде 80 миң сомдон 160 миң сомго чейин судьялар алат",-деди Алмаз Бакетаев.

Ошол эле убакта министр сот тармагында иштеген судьялардан башка кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлө электигин тактай кетти.

Адатта Кыргызстанда эң чоң көлөмдөгү эмгек акы Улуттук Банктын жетекчилеринде экени белгилүү. Бирок анын чыныгы өлчөмүн алар түз айтпай, качып кайпактатып келатышат. Андан кийинки эле чоң айлык судьялардыкы болуп калды.

Бул кабарды мугалимдер, дарыгерлер эмоционалдуу кабыл алып, ар кандай пикирлерди жазып жатат.

Фейсбук

Сүрөттүн булагы, screenshot

Мугалимдерге Акылбек Жапаровдун убадасы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Судьялардын эмгек акысынын канчалык жогорулаганын укканда мугалимдер менен дарыгерлердин өкмөткө нааразылыгын түшүнсө болот. Алардын эмгек акысы кымбатчылык менен каатчылыкта жашоого жетпей калды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун октябрда парламентте "Биз [кыздардан] кимге турмушка чыгасың деп сураганда, мугалимге деп жооп бергенге чейин токтобойбуз», - деген сөзү элдин эсинде. Мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлө турганын андан кийин президент Садыр Жапаров да бир-эки жерде айткан эле.

Финансы министри буга чейин Би-Би-Сиге берген маегинде эсептөөлөр жүрүп жатканын, 1-апрелден тарта башка тармактарда, анын ичинде биринчи кезекте билим берүү тармагында эмгек акынын көтөрүлө турганын ырастаган эле.

"Президент бизге өткөн жылы эле тапшырма берген социалдык тармакта иштегендердин эмгек акысын көтөрүү боюнча. Бул биринчи кезекте мугалимдер, саламаттык сактоо, социалдык коргоо кызматкерлери, пенсия-пособиялар. Булардын баарын биз санап жатабыз, кандай кезек менен көтөрөбүз деп. Базалык бөлүктөн элүү пайыз деп айтылган, азыр биз ошону санап атабыз".

Мугалим
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мугалимдердин орточо айлыгы 14764 сом

Министр келтирген маалыматка караганда, бүгүнкү күндө социалдык тармакта 1 миллион 480 штаттык бирдик бар, башкача айтканда ушунча кызматкер иштейт. Анын ичинде билим берүү кызматкерлери 188 миң. Алардын ичинен кесиптик окуу жайларда иштеген окутуучулар 101 миң.

"Биз азыр тактап эсептеп жатабыз. Реалдуу иштеген мугалимдердин саны штаттык расписаниеде каралгандан аз. Дарыгерлер да аз. Ошондуктан, мүмкүн, элүү пайыздан дагы көп болуп кетет, эгер бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетсе. Туура? бүгүнкү күндө мугалимдердин, социалдык тармакта иштегендердин айлыгы аябай аз. Жалпысынан 1-апрелден көтөрөлү деп атабыз. Социалдык тармактын эмгек акысын элүү пайыз көтөрө турган болсо, болжолдуу түрдө 22-24 миллиард сом керек болот. Ошон үчүн биз азыр бюджетибизди эсептеп атабыз",-деген министр.

Билим берүүнүн ичинде мугалимдердин эмгек акысы акыркы жолу 2019-жылы көтөрүлгөн. Ал эми жогорку окуу жайлардагы окутуучулардын эмгек акысы он эки жылдан бери былкылдабай турат. Азыркы көтөрүлүүгө илинебизби-жокпу деген кабатыр ой чырмап турат азыр аларды. Финансы министри бул маселе дагы оң чечиле турган жолдо баратканын билдирген:

"Университеттер, институттардын өздөрү иштеп тапкан атайын каражаттары бар, окутуучулар ошондон кошумча айлык алып атат. Бирок бул чынын айтканда туура эмес. Азыр бул тармакта иштегендердин баарына, квалификациялык талаптарга ылайык адистерге жалпысынан көтөрө турган кадамга барып жатабыз".

Маданиятта да маяна көбөйөт

Маданият кызматкерлери

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы өткөн жылы 40 пайызга чейин көбөйгөн.

2021-жылы 1-июлдан баштап маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин эмгек акылары жогорулаган. Өкмөттүн токтому менен коэффициенттери жогорулатылып, кызматтык эмгек акылары көбөйгөн. Бирок бул маданият кызматкерлеринин айлыгы бир жолу көбөйдү, бул жылкы көбөйтүүгө илинбейт дегендик эмес. Буюрса, маданият ишерлери үчүн да социалдык колдоо болот деди министр:

"Өткөн жылы көтөргөнбүз 40 пайызга чейин. Ал эчтеке эмес. Быйыл үстүндө дагы кошулат. Өткөн жылы маданият кызматкерлерине, саламаттык сактоо кызматкерлерине айлыкты көтөрдүк. Эми быйыл көтөрбөйбүз деген, андай болбойт. Ал өткөн жылы болгон. Быйыл жалпы элүү пайызга көтөрөбүз".