Садыр Жапаров республикалык бюджетти 63% өсүш менен бекитти. Аны ишке ашыруу реалдуубу?

Published

Чоробек Сааданбеков, Руфат Эргешов, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Президент Садыр Жапаров 20-январда республикалык бюджеттин 63% өсүшү каралган мыйзамга кол койду. Мамлекеттик инвестициялык гранттар менен бирге 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сомду түзүшү күтүлүүдө. Бул былтыркы жылдын номиналдык бюджетинин кирешесине караганда 63,2%га же 109,2 млрд сомго көп. Ошондой эле республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду же ИДӨнүн 1,3 пайызын түзмөкчү. 2024-жылдын бюджети 8,3 миллиард сом профицит болот деп болжолдонууда. Мыйзамга кол коюлганы КР президентинин вебсайтында жарыяланды.

Бул амбициялуу өсүш планы канчалык ишке ашышы мүмкүн деген суроого жооп издеп, биз экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировго кайрылдык.

Элдар Абакиров

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элдар Абакиров

Би-Би-Си: Бир жыл ичинде ушундай чоң өсүш берүү мүмкүнбү, ага экономикалык негиздер барбы?

Элдар Абакиров: Өсүү мүмкүн, албетте. Бирок кандай жол менен деген суроо жаралат. Эгерде сомдун курсу өзгөрбөсө, инфляция болбосо, баалар анчалык өспөсө, анда мындай өсүштү амбициялуу максат деп айтсак болот. Өкмөт салык кирешелерин 100-150 млрд. сомго чейин көбөйтөбүз деп жатат. Салык эмес кирешелерди 20 млрд, бажы төлөмдөрүнөн келген кирешелерди 30-40 млрд. сомго чейин көбөйтөбүз деп билдиришти. Эгерде ошону ишке ашыра алышса, экономиканы алдыга жылдырса, албетте, жакшы.

Би-Би-Си: Өкмөттүн айткандары - бул чоң көрсөткүч, ага номиналдык эмес, реалдуу түрдө жетсе болобу?

Элдар Абакиров: Эгерде катуу иштесе, кызматка профессионалдар келсе, санариптештирүү бардык жерде иштесе, коррупцияны жокко чыгарса, албетте, буга жетсе болот. Бирок жакында эле коррупцияга шектелип, Бажы кызматынын башчысы иштен алынды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Жогорку Кеңештеги суроо-жоопторун көрдүк. Күчтүү кадрлар кызматка келбесе, өкмөттүн бул айткандары сөз бойдон эле калышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Быйыл мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча өкмөт убада берген. Эгерде жогоруда айтылган өсүш болбой калса, ал бюджетте иштегендердин айлыгына кандай таасир этиши мүмкүн?

Элдар Абакиров: Бизде бюджеттин көп бөлүгү мугалим, дарыгерлерге айлык акы катары төлөнөт. Азыр бардык нерсеге баалар көтөрүлдү, ошого жараша айлык да көтөрүлүшү керек. Өкмөт айтып жаткан экономалык өсүүлөр болбосо, анда айлык да көтөрүлбөшү турган иш. Мисалы, билим берүү тармагына жыл сайын бюджеттен 40 млрд. бөлүнсө, анын сексен пайыздайы айлыкка кетчү. Айлыкты 1,5-2 эсе көтөрүү үчүн жок дегенде бюджеттен 60-70 млрд. бөлүнүшү керек болот.

Эгерде эл жанын бага албай калса, айлык жетишсиз болсо, социалык нааразылык болушу мүмкүн. Экинчи жагынан айлык алып иштеп жаткан дарыгерлер, мугалимдер башка жактарга ишке которулуп кетип, кадрлардын сапаты дагы төмөндөп кетиши мүмкүн. Ошондой тобокелдик бар.

“Жаңы салык кодексинде реэкспорттук товарларга өзүнчө саясат жүргүзүлсө туура болмок”

Сүрөттүн булагы, dordoi.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Жаңы салык кодексинде реэкспорттук товарларга өзүнчө саясат жүргүзүлсө туура болмок”
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Ушул аптада президент Садыр Жапаров салык кодексине кол койду. Бул экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун куралы катары айтылып жатат. Буга сиздин оюңуз кандай?

Элдар Абакиров: Ниети жакшы. Бирок салык кодексине бир норма кирип калды. Бул мурунку финансылык полициянын бардык ыйгарым укуктары салык органына берилип калышы. Эми бул кызмат тергөө иштерин жүргүзө алат, текшерип, кылмыш ишин козгой алат. Бул жаман көрүнүш. Себеби салыкчылардын айлыгы 15-20 миң сомдун тегерегинде, аны баары билет. Ошондон улам салыкчылар коррупцияга барбайбы деген суроо жаралат. Бул ого бетер ишкерлердин көмүскөгө качуусуна себеп болушу мүмкүн. Салык кодексин кабыл алып жатканда ошол сыяктуу адамдык факторлор эске алынышы керек эле.

Би-Би-Си: Ошондо, сиздин оюңуз боюнча, жаңы салык кодекси экономиканы өстүрүп, көмүскө финансыларды ачыкка алып чыкканга жардам береби же тескерисинче экономикалык өсүүгө тоскоол болуп калабы?

Элдар Абакиров: Бул жерде коркутуу жана кызыктыруу дагы бар. Кызыктыруу - эгерде силердин акча жүгүртүү 8 миллиондон ашпаса, анда салыкка нөл пайыз төлөйсүңөр деп турат. Бирок 2023-жылы 1,5%, 2024-жылы 2,5% төлөнөт.

Кассалык машинаны сатып алуу керек, анын бухгалтериялык иштерин жүргүзүү үчүн өзүнчө адисти ишке тартуу зарыл, ошондой нерселер тоскоолдук кылат. Мажбурлоо катары салык органына финансылык полициянын укуктарын берип жатат. Бул коррупцияга жол ачып, аягында эффект бербей коюшу мүмкүн.

Бул иште санариптештирүү, автоматташтырууга басым жасалышы керек. Чек арадан өтүп жатканда, кандай товар, канча көлөмдө, кайсы акчага келди, мунун баарын билип туруу зарыл. Ошондой механизмдер колдонулса, жакшыраак натыйжа болмок деп ойлойм.

“Салыкчылар коррупцияга барса, бул ишкерлердин көмүскөгө качуусуна себеп болушу мүмкүн”

Сүрөттүн булагы, dordoi.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Салыкчылар коррупцияга барса, бул ишкерлердин көмүскөгө качуусуна себеп болушу мүмкүн”

Би-Би-Си: Кассалык аппараттарды киргизүү ыктыярдуу патенттерди жоюу менен коштолуп жатат. Чакан ишкерлик менен алектенгендер ага нааразы. Ушул маселени чечүүнүн башка альтернативдүү жолу бар беле?

Элдар Абакиров: Мисалы, Дордой, Кара-Суу базарын ала турган болсок, биз реэкспорттук зонадабыз да. Бул чоң базарларда жүз миңдей ишкер өз тиричилигин өткөрүп келүүдө. Ири базарлардан алып, андан ары башка жакта саткан соодагерлер да көп. Жаңы салык кодексинде реэкспорттук товарларга өзүнчө саясат жүргүзүлсө туура болмок. Товар чек арадан кирип жатканда, бул өлкө ичинде кала турган товарбы же андан ары кетеби, ошону жакшылап көзөмөлдөө саясаты жүргүзүлсө маанилүү иш болмок. Мындай болсо сатуучулар нааразы болуп, көчөлөргө чыкпайт болчу.

Би-Би-Си: Өкмөттүн жалпы экономикалык саясаты тууралуу оюңуз кандай?

Элдар Абакиров: Мөмөлүү дарактын мөмөсүн алуу керек, дарактын өзүн кыйбаш керек. Эгерде салык органында коррупция күчөп кетсе, анда инвестициялык климат талкаланат. Таза иштейм деген инвесторлор Кыргызстанга келбей калат. Андан тышкары укук коргоо органдары, сот системасы адилеттүү иштеши зарыл. Азыр андай нерсе болбой жатат. Кээде бийликте отургандар соттун атынан дагы, тергөөчүлөрдүн атынан дагы жыйынтыктарды чыгарып коюп жатышат. Бул жалпы инвестициялык климатка көлөкөсүн түшүрөт.

Салыкты баары төлөсүн, бирок бизнеске зыян алып келбесин. Өкмөт ишкерлерге бардык жагынан жардам бериши керек.