Акылбек Жапаровдун бюджет тууралуу убадасы орундалабы?

Published

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Акылбек Жапаров

Сүрөттүн булагы, KENESH.KG

Жогорку Кеңеш Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин курамын карап, аны жактырды.

Түрдүү суроолор берилгени менен депутаттардын көпчүлүгү Акылбек Жапаровдун өлкө казынасын келерки жылы 400 млрд сомго жеткирем деген милдеттенме алганын кубаттап, колдоп беришти. Бирок ошол эле учурда бул убада реалдуубу? Кантип, кайсы булактар менен 400 млрд сомго жеткирет дегендер жок эмес.

Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети өзүнөн сырткары 4 орун басарынан, 14 министрден жана бир комитет башчысынан турат. Парламентте ар кандай суроолор, сунуштар айтылганы менен депутаттар негизинен бюджет кантип 400 млрдга жетет деген маселеге көңүл бурушту.

Акылбек Жапаров программасы кылдат даярдалып, тармактын баарын камтыганын айтты. Ал акырындап турмуш жакшыра баштай турганын дагы убада кылды. Мунун бир далили катары мугалимдердин айлыгы кыйла жогорулап, “мугалимге турмушка чыгам дегендей деңгээлге жетмейин токтобойбуз”, - деди.

Акылбек Жапаровдун сөзүнө караганда, 400 млрд сом чек эмес, ал 600 млрд сом тууралуу планын айтты. Ишке ашабы?

Энергетика

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошондой эле чечимдер өтө тез, машакатсыз кабыл алынаарын да ишендирди. Башкы суроо болгон - бюджетти көтөрүү маселесин дагы чечмеледи. Ал негизинен салыктар менен бажы төлөмдөрүнө таяна турганын, Кытай менен олуттуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бир топ макулашуулар алдыга жылганын айтты. Акылбек Жапаров убагында министр болуп турган кезинде бюджет профицит менен жыйынтыкталып, өлкө өз күчү менен ГЭСтин курулушун да баштаганын сөз кылышты. Буга улай ГЭС курулуштары өтө приоритеттүү тармак, энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурулат деди. Президент кийинки жылы ГЭС курууну катуу тапшырма катары койгонун айтты.

Ошол эле учурда, Акылбек Жапаровдун бюджет боюнча убадасынан күмөн санагандар да жок эмес. Экономист, ишкер Эмиль Ашимбаев министрлер кабинетинин башчысынын планы түшүнүксүз жана ийне-жибине чейин чечмеленген эмес деп жатат. Экономист мындай асман чапчыган цифралар кайдан, кантип алынып жатканын түшүнө албай жатканын айтууда. Ал Акылбек Жапаровдун өзүнө да бул боюнча жазуу жүзүндө кайрылаарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары

Сүрөттүн булагы, KENESH.KG

Бир топ депутаттар министрлер кабинетинин бул курамы пандемия торуп, удаа-удаа шайлоолор, экономикада, энергетикада кризис курчуп турган учурда иш баштап жатканын айтып, кесипкөйлөр чогулуптур деп баалашты. Бирок, ошол эле учурда “президент ишке ашырам деген планды түшүнбөгөн кээ бир министрлер бар экени ашкере болду, мындай команда менен кантип иштейсиз?” дегендер да болду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Депутат Абдывахап Нурбаев буга жүйө катары Билим берүү министри ваучердик системаны түшүнбөй турганын мисал келтирди.

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаров тапшырмаларды так берип, катуу талап койгонун, эгер алар орундалса азыркы министрлер кабинетинин мүчөлөрү беш жылдап туруктуу иштей турганын бир нече жолу айтты. Дагы бир өзгөрүү - санарип министрлигинин ишинин жыйынтыгы жоктугунан, азыркы курамда министрлик катары жок экенин да Акылбек Жапаров депутаттарга жооп берип жатып айтты.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров коомдук сайттагы баракчаларынын бирине: "

"Ар бир мамлекеттин башкы көйгөйү – казынаны толтуруу. Казына толсо элдин жашоосу оңолот, пенсия, маяна көбөйөт, инфратүзүм жакшырат. Ошондо гана күчтүү мамлекет болобуз. Биз Акылбек Жапаров менен макулдаштык, ал бул жылдын бюджетин 280 миллиард сом менен жаап, келерки жылы 400 миллиард сомго жеткирем деп сөз берди. Эгер муну аткарбаса, чара көрөм. Аны сындабай, иштөөсүнө убакыт берели. Мурдагы ишмердигин сындаган атуулдарга айтаарым, Жапаровдун ар бир кадамы менин жеке көзөмөлүмдө болот" - деп жазды.

Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенине сырттан башкарууну жактагандардын бири. Ал кыргыз бийлигинин кенге сырттан башкарууну киргизүү чечимин жактап, керек болсо соттошуудан корко турган эч нерсе жок экенин айтып келет.