You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шойгуга тиш кайраган Пригожин: "Суровикин башкарып турганда, ок-дары жагынан эч кандай көйгөй чыккан эмес"
- Author, Илья Барабанов
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын (ЖАКтын, б.а. жоочулар тобунун) негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен Орусиянын Коргоо министрлигинин ортосундагы чыр жаңы баскычка чыкты. Өз жоочулары үчүн ок-дарылардын таңкыстыгы маселесин көшөгө артында чече албай койгон Пригожин эми Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга каршы коомдук өнөктүк баштады. Бул өнөктүктө Пригожин мырза эң көп сандагы тилектештердин, – Чеченстандын башчысынан 2014-жылдан бери Украинанын чыгышында согушуп жаткандарга чейинки кишилердин, – колдоосун алууга далаалат кылып жатат.
Евгений Пригожин 20-февралда өз басма сөз кызматы таркаткан аудио катында: "Бок боркулдап, кан кайнап жатат, бирок ок-дарылар боюнча берген суроолорум алигиче чечилбеген бойдон кала берүүдө", – деп нааразылыгын ачуулана билдирди.
ЖАКтын негиздөөчүсүнүн ырастаганына караганда, орусиялык аскерлерде "замбиректик ок дары таңкыстыгы деле көрүнбөйт", ал эми аскердик өнөр жай болсо кан майданга керектүү көлөмдө ок-дарыларды өндүрүп чыгаруунун ыргагына жетип калды. Пригожиндин айтымында, ал бул ок-дарылар алынып келинген кампаларды, курал-жарак топтомдорунун номурларын, жада калса алар салынган кутулардын номурларына чейин билет, бирок бул ок-дарылар менен өзүнүн ЖАКындагы жалданма жоочуларды жабдуу үчүн анын бардык тааныштары жана байланыштары аздык кылып жатышат. Бул жоочулар болсо жарым жылдан ашуун мезгилден бери Донецк облусундагы Бахмут шаарын каратып алуу үчүн майнапсыз алпурушуп келет.
Орусиянын Башкы штабы жана Коргоо министрлиги менен жалданма жоочулардын жетекчисинин өз ара чатагы бир нече айды кучагына камтыды. Бирок буга чейин Пригожин мырза көйгөйдү өз оозу менен айтпастан, өз кол алдындагылардын биринин оозу менен эл алдында даттанууну артык көрүп келген.
2022-жылы декабрдын аягында анын жоочулары орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовду кемсинткен видеону таратып, анда аны жоочуларга ок-дарыны өз убагында камсыздоого тоскоолдук жаратып жаткан "*****" (Орусиядагы гомосексуалдарды кемсинткен "кызтеке" дегендей жаманатты кылуучу сөз. – Би-Би-Си) жана "[жагымсыз] шайтан" деп жаман сөз менен атап алышкан.
2023-жылы январдын башында президент Владимир Путин аскердик жетекчиликте кезектеги өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырып, Герасимовду Украинадагы орусиялык топтун командачысы кылып дайындаган жана мурдагы командачы, генерал Суровикинди командачынын орун басарлыгына төмөн түшүргөн.
Ошондон кийин Пригожиндин жалданма жоочулары Башкы штабдын башчысын кемсинтүүнү бир канча убакытка токтото турушту. Ал эми 2023-жылы 16-февралда алар “Коргоо министрлигиндеги кесиптештерине жана досторго” ок-дары жабдуу жаатындагы көйгөйдү чечүү өтүнүчү менен адаттан тыш сылык мүнөздөгү кайрылуу жасашкан.
Буга да эч кандай жылуу мамиле байкалбаган чакта, “Вагнер” ЖАКынын жоочулары, – же вагнерчилердин атына жамынып алган дагы бирэөлөр, – ок атууда машыгуучу жайда (полигондо) генералдар Герасимов менен Лапиндин кагаздагы сүрөттөрүн пулемёт менен аткылашкан. Пригожин мырза бул видеого өзүнүн эч тийешеси жоктугун билдирүүгө аргасыз болду жана өз кол алдындагылардын мындай видео тасма тартууга эч кандай тиешеси жок экенин да баса белгиледи.
Соңку (20-февралдагы) кайрылууда “Вагнер” ЖАКынын негиздөөчүсү ок-дары таңкыстыгынын көйгөйүн чечүү үчүн атын атабаган маектештер ага жогорку даражалуу төбөлдөрдөн кечирим суроосун сунуштап жатканын айтты. Арийне, кайрылууда ошол төбөл делгендердин эч биринин ысымы дагы ачыкталган жок.
Пригожин сөөмөйү менен өйдө жакты көрсөтүп жана көзүн чакчайтып, мындай деп айтты: "Баары тең эле кайсы бир жогорку жакка карай башын ийкешет. "Билесиңби, ал жакта сенин өз ара мамилең опурталдуу болуп жатпайбы. Баш ийүү үчүн аларга ийилип барышыңыз керек, ошондо гана жоокерлериңиз ок-дарылар менен камсызданышат", – дешет. Деги мен кимден кечирим сурашым керек? 140 миллиондуу орусиялыктар, мага айтсаңыздарчы, мен жигиттерим азыркыдай санда эмес, андан эки эсе азыраак набыт болушу үчүн деги кимдердин алдында кечирим сурашым керек?"
Пригожиндин ырасташынча, 2022-жылдын күзүндө Украинадагы орусиялык аскердик топко генерал Сергей Суровикин командачылык кылып турганда, "өнөр жай дагы эле мажирөө болуп жатканына" карабастан, анын жоочу топторунда ок-дары жабдылышы жаатында эч кандай көйгөй болгон эмес болчу. Бирок азыркы тапта "аскердик аткаминерлер көчүгүн отургучунан көтөрбөй кала берип жаткандыгынын" айынан, жалданма жоочулар набыт кетип жатышат.
"Орус жоокери кан майданда набыт кетип жаткан кезде, силер алтын идишке нанүштө (эртең мененки тамакты) ичип, кыздарыңарды Дубайга эс алууга жөнөтүп жатасыңар, деп мен мурдуңарга чертип айтып жаткан жокмун го", – деди "Вагнер" ЖАКынын негиздөөчүсү.
Бул сөзү аркылуу ал коргоо министри Сергей Шойгуну кыйытып сындап айта кетти.
"Дегиңкиси, бул – ашынган экстремисттин билдирүүсү эмес. Бул сөз кимдир-бирөөнү маскаралоо далаалаты да эмес. Деги кампаларда бар болгон ок-дарыдан зарыл өлчөмдө эле жабдып тургулачы", – деди Пригожин мырза.
Орусиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин оозеки чабуулдарына көңүл бурбай коюуну эп көрүүдө.
Мындай шартта, ал түгүл министрлик тарабынан сунушталган күн тартибине ылайык иш аткарып келчү жана ар дайым ишенимдүү саналчу аскер кабарчылары да коргоо мекемесин кылдат нукта сынга ала баштаган кезеңде, 2023-жылдын 19-февралында "Комсомольская правда" басылмасы Бахмутту "мурдагы зэктер (б.а. мурдагы абактагылар) менен Башкы чалгын башкармалыгынын подполковниктери" чабуулга алып жатышкандыгы жөнүндө репортажды жарыялады.
"Жигердүү түрдө илгери сүңгүү маалында чабуулчулар замбиректик ок-дарынын таңкыстыгына дуушар боло башташат. Чабуулдун ыргагын колдон чыгарбоо үчүн ок-дарыга карата мындайча суусагандыкты ыкчам түрдө кандыруу абзел. Албетте, ок-дарыларды колдонууну чече тургандар бул жакта бар эмеспи", – дейт аскер кабарчысы Александр Коц.
Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын аскердик үгүтчүсү Евгений Поддубный төмөнкү жагдайларды мойнуна алып сүйлөдү.
"Азыркы тапта #ВагнерчилергеОк-дарыБергиле (#ДайСнарядыВагнерам) деген аталыштагы флэшмобдун арабада пайда болушунун өзү эле аң-таң калтыра турган кырдаал. Ал гана турсун Артёмовка (б.а. Бахмут) багытында ийгиликтүү аракет кылып жаткан түзүмдүн ок-дары менен жабдылышы боюнча талкуу калайык назарынын ачык айдыңына чыгып кеткендигинин өзү эле ошол түзүмдүн командири катары таанымал жана бардык өңүттөн алганда деле өтө таасирдүү болгон киши өзүнүн аппараттык-бюрократиялык мүмкүнчүлүктөрүн толук коротуп салгандыгын чагылдырат. Менин жоромолумду алсак, кырчылдашкан салгылашуулардын, утуп чыгуулар менен жеңилүү ызаларынын, калпыстыктар менен тыянактардын жылы кырдаалды өзгүртүп салмак. Бирок (турмуш чындыгы) андай болбой чыкты", – деди Поддубный мырза.
Ал эми анын бир гана кесиптеши Александр Сладков эч кандай көйгөйлөр деле жок, – деп ишендирүүнү улантууда. "Бахмут менен Соледардагы тапшырмалардан тышкары, биз, Коргоо Министрлиги, көп милдеттерди чечип, (Вагнер) ЖАКына көмөк уюштуруп келебиз, — дейт Сладков. — Чынында Донецк жикчил коопсуздук күчтөрүнүн спикери Эдуард Басурин тээ күзүндө эле ардагерликке чыккан, бирок "Вагнер" жоочулар тобунун негиздөөчүсү бул фактка азыр гана көңүл бурду.
Кайрылууларына жана сын пикирлерине эч кандай жооп ала албаган Пригожин, – 1990-жылдардагы медиа согуштарынын салтына ылайык, – министр Шойгу жана Башкы штаб менен болгон тирешүүсүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк өнөктөштүн колдоосун камсыздоого далаалат кылып келет.
"Бул "Вагнер" тобу аскердик жактан өзүнүн натыйжалуулугун бекем түрдө тастыктады жана ушул топтун зарылдыгы жөнүндө кызуу талкуунун тыянагын чыгарып койду. Шексиз түрдө мындай кесипкөй (аскердик) түзүлүштөр керек жана өзгөчө зарыл", – деп Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров мырза быйыл 19-февралда өзүнүн каналында жазды.
Рамзан Кадыров санаалашы Пригожин менен бирге Орусия аскерлеринин Харьков облусундагы майнапсыздыгы үчүн генерал Александр Лапинди айдан ачык сынга алды.
"Вагнер" ЖАКынын негиздөөчүсү Пригожин өзүн азыркы тапта кан майданда согушуп жаткан жалданма жоочулардын эле жетекчиси болуп чектелбестен, 2014–2015-жылдары жикчил ЛЭР жана ДЭР түзүлүштөрүнүн тарабында согушкан бардык командирлердин лидери катары да көрсөтүүгө далаалат кылууда. Маселен, өзүн өзү ДЭР деп жарыялап алган жикчил аймактын куралдуу күчтөрүнүн 2014-жылдан бери расмий басма сөз өкүлү болуп келген Эдуард Басурин 2022-жылдын күзүндө аскер кызматынан бошотулуп салынган.
Өткөн аптанын дем алыш күндөрү алиги Сладковдун интернеттеги жарыясынан кийин бул кызматтан кетирүү фактына Орусиянын кремлчил маалымат каражаттары көңүл бурушту.
Пригожин болсо Басурин менен жеке өзү жолугушуп, ага колдоо көрсөттү жана аны "Вагнер" жоочулар тобунун саясий үгүт башчысынын орун басары кызматына сунуш кылды.
Ошол эле учурда Пригожин баалуу жана кадыр-барктуу кадрлардан арылып жаткан мекеме деп өзү түкшүмөлдөгөн Орусиянын Коргоо министрлигинин аткаминерлерин сынга алды.
Азырынча Пригожиндин Рамзан Кадыров мырза, аскер кабарчылары жана ардагер басма сөз өкүлү Басурин менен убактылуу үзөңгүлөштүк аракеттери ал өзү даттанган маселелер боюнча башкы көйгөйдү чечүүгө өзүн караандатып деле жибербей келет.
Сергей Шойгунун кеңсеси Пригожиндин Telegram каналдарындагы сын пикир камтылган чабуулдарына жана коомдук өнөктүгүнө эч көңүл бурбай коюусун улантууда.
20-февралда Коргоо министри Шойгу мырза Рустам Мурадовго генерал-полковник аскер даражасын ыйгарды. Ал эми Орусиянын өкмөтчүл аскер кабарчылары Мурадов мырзаны орусиялык аскерлердин Угледарга чабуул коюудагы майнапсыз далаалаты үчүн айыптап чыгышты.
Пригожин мырза өзүнүн жоочулар тобу менен бирге азыркы согуштун экинчи жылында жалпыга маалымдоо каражаттарында таанымал болгон, бирок 2014–2015-жылдардагы системалуу эмес (чалды-куйду) алектенген талаа командирлерин көбүрөөк эске салат.
Бул командирлер тийешелүү мезгилге чейин жигердүү колдонулган болчу.
Арийне, кийинчерээк алардын катары суюлду: бирөөлөрү набыт кетти, айрымдары болсо Украинадан Орусиянын ичкерки аймактарына кылдаттык менен сүрүлүп чыгарылышты. (TT)