You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинанын башкы чалгынчысын уулантабыз дегендер аялын ууландырып алыштыбы?
Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгы (ГУР) атайын кызматтын башчысы Кирилл Будановдун аялы ууланганы тууралуу украин маалымат каражаттарынын маалыматын тастыктады.
Чалгын кызматынын өкүлү Андрей Юсов Би-Би-Синин украин кызматына Марианна Буданова оор металлдарга ууланып, азыр акыркы дарылоо курсунан өтүп жатканын маалымдады.
Юсов ошондой эле ГУРдун бир нече кызматкеринде уулануунун жеңил белгилери бар экенин билдирип, бирок алардын санын тактаган жок.
“Будановдун аялынын бою кыска жана салмагы аз болгондуктан, уулануу анда тезирээк байкалган. Негизи, дагы бир нече кызматкер ууланганы аныкталды, бирок алар олбурлуу болгондуктан, адегенде эч нерсе байкаган эмес, бирок учурда алар да дарыланып жатышат”, - деп мурдараак Би-Би-Сиге украин коопсуздук блогундагы маалымат булактар билдирген.
Марианна Буданованын абалы чалгынчылардыкынан оорураак – ал азыр бейтапканада.
Украиналык Babel басылмасынын маалыматына караганда, анын дарылоо курсу аяктап бара жатат. "Мындан ары ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек", - деп, Башкы чалгындоо башкармалыгындагы басылманын булагы билдирди. Ал дагы Марианна оор металлдан ууланды деген шек менен дарыланып жатканын тастыктады.

Бутага Кирилл Буданов алынганбы?
Ууландыруучулардын бутасы - ГУРдун офицерлериби, Будановдун аялыбы же чалгын кызматынын башчысыбы - так ким болгону белгисиз.
Би-Би-Синин украин кызматынын укук коргоо органдарындагы булагы азырынча кылмыш иши ачыла электигин, бирок жакын арада расмий иликтөө башталышы мүмкүн экенин билдирди.
Washington Post гезити Будановдун жакын чөйрөсүндөгү кишинин сөздөрүн жазып, Буданов өз өмүрүнө кеминде 10 жолу кол салуу аракетинен аман калганын билдирген.
2019-жылы анын унаасынын астына бомба коюлган, бирок ал убактысынан мурда жарылып кеткен.
Америкалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде Буданов "өлүмдүн бул жышааны" аны өтө этият болууга мажбурлаганын, бирок ал дагы эле өтө кооптуу операциялар үчүн жооптуу экенин айтты.
Будановдун айтымында, ал дээрлик кеңсесинде жашайт жана эл алдында сейрек чыгат.
"Анын кабинетинде классикалык музыка күнү-түнү жаңырып турат - музыка бөлмөнүн ичинде айтылгандарды тыңшоо аракетинен коргоо максатында коюлган болушу мүмкүн", - деп болжолдойт америкалык басылма.
Марианна Буданова 2022-жылдын октябрында Elle журналына берген маегинде күйөөсүнүн өмүрүнө кол салуу аракеттеринин бири тууралуу айткан.
“Кирилл Алексеевич жыйында дубалдын арт жагында болчу, мен бир нече документтерди окуу үчүн бөлмөлөрдүн бирине кирдим. Бут кийимимди чечип, терезенин маңдайындагы диванга жаттым. Бир нече мүнөттөн кийин учуп келе жаткан ракетанын үнү угулду – мен ал добушту эч качан унутпайм”, - деп, аялы айтып берди.
“Ошол учурда мен эшикке карай чуркадым, Кирилл Алексеевич мени көздөй чуркап келди. Ал күнү биз бир жолдошубуздан айрылдык.”
Марианна Буданова Башкы чалгындоо башкармалыгында иштебейт, бирок толук масштабдуу согуш башталгандан бери күйөөсү менен анын кеңсесинде жашап келет.
Буданова 2021-жылдын июнь айынан бери Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун кеңешчиси болуп иштейт.
Буданов War Zone гезитине берген маегинде аялы "Украина улуттук полиция академиясынын профессору" жана "юридикалык психологиядан сабак берет" деп билдирген.