Путин Жеңиш парадындагы сөзүн Украинадагы согушка арнады

Published

Россиянын президенти Владимир Путин, быйылкы Кызыл аянттагы парадда сүйлөгөн сөзүнүн көбүн Украинадагы согушка арнады.

Күтүлгөндөй Украинага согуш жана аскерге жалпы мобилизация жарыянган жок.

Путин эмне деди?

Путин сөзүнүн башында 9-май тууралуу эле эмес, орус тарыхындагы жеңиштер тууралуу дагы кеп кылды. Андан ал өзү “атайын операция” атаган согушка өттү.

“Азыр дагы [гитлердик Германия менен согуштагыдай эле], силер биздин Донбасстагы кишилер үчүн, мекенибиз - Россиянын коопсуздугу үчүн салгылашып жатасыңар”,- деди Путин.

Анын айтканы боюнча, фашизмди талкалаган “жеңүүчүлөрдүн каарман мууну” - “бизге этият болууну” осуят кылып кетишкен.

РФ президенти декабрда АКШ менен НАТОго кепилдиктер тууралуу сунуш киргизгенин эскерди.

“Россия Батышты ачык диалогго чакырган... Баары текке кетти, НАТО өлкөлөрү бизди уккусу келбеди”, - деп сөзүн улантты ал.

Путин алар “Донбасста кезектеги жазалоочу операцияга” даярдык көрүп жатышкан деди. Киев өзөктүк курал алуу ыктымалдыгы тууралуу жар салганын дагы кайта эскерди.

Путин: “Биз кабыл ала албай турган коркунучтар ыраттуу түзүлүп жатты“, - деп белгиледи. Бул Жеңиш парадында, Путин мурдатан айтып жүргөн - “Донбасста согуш болбой кое алмак эмес”, - деген пикирин дагы кайталады.

“Россия агрессияга алдын алган сокку урду”, - деп ал миңдеген киши курман болгон, Украинага кол салуусун актаган позициясын дагы кайталап өттү. Анын сөзүнө ылайык, “бул - суверендүү өлкө кабыл алган жалгыздан жалгыз туура чечим болгон”.

“Русофобияны козутуу” жана “чыккынчыларды даңктоо” тууралуу дагы айтылды. Андан кийин Путин кайрадан Украина темасына кайрылды.

“Бүгүн Донбасс кошуундары Россиянын армиясы менен бирдикте өз жеринде салгылашып жатышат”, - деди Путин.

Ал орус куралдуу күчтөрүнө жана “Донбасс кошуундарына” кайрылып: “Силер мекен үчүн, анын келечеги үчүн салгылашып жатасыңар”. - “Эч ким Улуу Ата-Мекендик согуштун сабактарын унутуп калбашы үчүн”, - деп кошумчалады Путин.

Андан Путин 2014-ж. окуяларга кайрылып, “тирүүлөй өрттөлгөн одесса курмандыктары” жана Донбасста каза болгондор тууралуу сүйлөдү.

Аза күтүү мүнөтүн жарыялап жатып, Путин Россия үчүн күрөштө “баатырларча курман болгондорго” таазим этүүнү сунуштады.

Муну менен РФ президенти быйыл аза күтүү мүнөтүндө Украинада каза болгон орус жоокерлерине дагы таазим кылууну кошо кетти.

Аза күтүү мүнөтүнөн кийин мамлекет жана мекемелер“ каза болгон жоокерлердин туугандарына жардам берүү тууралуу сөз кылды.

“Силер бүгүн ата-бабаларыбыз салгылашкан нерселерди коргоп жатасыңар”, - деп Путин дагы бир түшүндүрмө берди.

Сөзүнүн аягында, алардын урматына Кызыл аянтта парад өтүп жүргөн “жеңүүчүлөр муунуна” кайтып, аларга теңелгенге аракет кыларын белгилеп, бирок кайра эле азыркы учурга кайтты:

“Каарман куралдуу күчтөрүбүзгө даңк. Россия үчүн. Ура!"

Россиянын гимни ойноп баштап, Путин Украинадагы согушка баа берген жок. Жалпы мобилизация тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Параддын авиабөлүгү болгон жок, Кремль аны аба-ырайы менен түшүндүрдү. (CS)