Татарстандын Нижнекамск шаарындагы дрон чабуулунан каза тапкандар 13 кишиге жетти

Сүрөттүн булагы, social media
Татарстандын Нижнекамск шаарына урулган Украинанын дрон соккуларынан 13 адам каза болду. Алардын арасында алган жараатынан көз жумган кичинекей кыз да бар.
Республиканын бийлиги дрондор аты аталбаган өнөр жай объектилерине жана турак жай секторуна чабуул койгонун маалымдады.
Нижнекамсктеги дрон чабуулунан каза болгондордун саны 13кө жеткенин шаар мэри Радмир Беляев билдирип, өлгөндөрдүн арасында бир бала да бар экенин кошумчалады. Ал украин дрондору өнөр жай объектилерин гана эмес, турак жай секторун да бутага алганын айтты.
Татарстан башчысынын басма сөз кызматы өлгөндөр арасында Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары да бар экенин кабарлаган. Республикада аза күтүү жарыяланып, Нижнекамск шаарынын 60 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар токтотулду.
Жалпысынан шаардын 75 тургуну медициналык жардамга кайрылганын жергиликтүү басылмалар расмий маалыматтарга шилтеме берүү менен жазышты.
Орусиянын Тергөө комитети терроризм боюнча кылмыш ишин козгоду.
Украинанын Башкы штабы 10-августка караган түнү Украинанын Коргоо күчтөрү Орусиядагы эки мунай иштетүүчү заводго — Нижнекамск шаарындагы "Танеко" жана Краснодар крайындагы Ильск мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын билдирди.




























