You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Арабөк мыйзам: фейкке каршыбы же сөз эркиндигинеби?
Президент маалыматты манипуляциялоо тууралуу мыйзамын артка кайтарды. Бирок жалган маалыматтарга каршы мыйзам керек экенин айтып, ага вето койгон жок. Кайра иштеп чыгууга парламентке жолдоду.
Президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген кезектеги маегинде “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга карата өзүнүн позициясын билдирди
“Түпкүлүгүндө ушул мыйзамды демилгелеп чыккандарды жана ал мыйзамды колдоп жаткандардын негизги философиясын - жалган маалымат менен күрөшүү керек экендигин президент катары дагы, Кыргызстандын жараны катары дагы колдойм. Ал сөзсүз керек. Мага бир топ кайрылуулар келип түштү. Мыйзамга кол коюуну, ага вето коюуну өтүнгөн эки тарап бар. Мен алардын жүйөөлөрү менен тааныштым. Ток этерин айтканда, бул мыйзам бизге керек. Бирок аны дагы бышырышыбыз керек”.
Өлкө башчысы өнүккөн мамлекеттер да фейк маалыматка каршы күрөшүүдө деп, бул мыйзам менен сөз эркиндиги чектелбесин белгиледи. Адам укугун сыйлаган мамлекетте жалган маалыматка каршы мыйзам болушу керек, деди. Кыскасы, бул мыйзамга карата президенттин көзү түз, бирок аны бекиткенге даяр эмес.
Депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмоналиева сунуштап жаткан мыйзам долбооруна ылайык, макалада же жаңылыкта кадыр-баркына шек келтирди делген жаран сотко кайрылары менен ал тууралуу жарыяланган интернеттеги маалымат 48 саат ичинде өчүрүлүүгө тийиш.
Документтин авторлору мыйзамдын саясий өңүтү жок экенин, ал болгону фейк жаңылыктар менен күрөшүү максатын көздөрүн айтып келишет.
Бирок медиа чөйрө жана укук коргоочулар жаңы демилгени сөз эркиндигине чабуул деп кабыл алышты.
Мыйзамга каршы Бишкекте бир нече ирет митингилер өтүп, анда мыйзам долбоорун кайтарып алуу талап кылынды.
“Бул мыйзам фейктерге гана каршы жана ал абдан зарыл деп жатышат. Бирок мыйзам долбоорун окуп көрсөңүз, ал сайтттарды жана аккаунттарды блоктоо процедурасын жеңилдетүүгө кабыл алынчудай. Сот чечими талап кылынбай калат, ал эми Маданият министрлиги эмне чын, эмне калпты аныктоочу бокочого айланат”,- деген мыйзамга каршы уюштурулган митингдердин биринде журналист Болот Темиров.
Президенттин соңку билдирүүсүнөн кийин “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамынын авторлорунан комментарий алуу мүмкүн болбоду.
Бирок мыйзамга байланыштуу соңку чечимдин юридикалык жол-жобосу тууралуу талкуулар чыкты.
Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева коомдук сайттагы өз баракчасында буларды жазды.
“Баш мыйзамга ылайык, президент мыйзамга кол коет же өзүнүн макул эместигин билдирип, Жогорку Кеңешке кайра кайтарат. Өлкө башчысы мыйзам долбоорунун кайсы жерине макул эмес так жана конкреттүү билдирген жок. Кайра иштеп чыгуу (доработать) деген сөздү кайдан алышты? ... Муну толук кандуу вето деп эсептегенге болбойт. Президент мыйзамдын ар бир пунктун талдап, эмне үчүн макул эмес тактап, өз аргументин келтирип, сунуштарын парламентке жолдошу керек болчу. Мыйзамды кайтарууну жол-жобосу ошондой болот. Президенттин кылганын мен юрист катары түшүнө албай турам”,- деди Токтогазиева.
Укук коргоочулар бийликтин соңку жүрушүн саясий оюн катары баалап, коомдук саясий маанайга жараша шайлоого жакын бул мыйзамдын тагдыры чечилет деген пикирде.
“Эми мыйзам кайра Жогорку Кеңешке келип түшөт, анан макулдашуу комиссиясы түзүлүшү керек. Бирок Жогорку Кеңеш ага үлгүрөбү? Шайлоого чейин ушул мыйзамга кол коюлуп калабы? 4-сентябрда үгүт башталат, ошого чейин үлгүргөнгө аракет кылышабы? Же кийинкиге калабы? Биз ар кандай сценарийлерди карап атабыз. Саясий оюнга айланып кетип атат, бул жерде так айтышы керек эле: “коем” же “койбойм” деп. Эмне үчүн булар минтип ойноп атышат? Булар азыркы абалды байкап атышат. Кырдаалга жараша чечим кабыл алышат. Абал курчуп кетсе андай койбойт, эл толкубай тынчып, нараазы болбой өз иши менен алек болсо, балким кол коюп коюшат”,- деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.
Эксперттер интернеттин өнүгүшү жана санарип гаджеттердин жеткиликтүү боло башташы менен мамлекеттин маалыматка болгон монополиясы бошоңдоп жатканын айтышууда.
Аталган мыйзам долбоору менен бийлик ал монополияны кайрадан калыбына келтирүү аракетинде деген пикирлер да бар. Eka