You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Кызыл зонадагы” врачтар: сактай албай калган бейтаптарым түшүмө кирет
Күзүндө коронавирустун экинчи толкуну орун алса, медициналык кызматкерлер жетишсиз болуп калабы деген чочулоолор бар. Өкмөт эмитен кадрдык резервин тактоого өттү.
Ыктыярчы дарыгер Урматбек Заиров Бишкектеги №6 шаардык клиникалык ооруканасында кызмат кылат. “Кызыл зонада” иштегенине эки айдын жүзү болду.
“Бизге оор акыбалдагылар көп келип жатты. Алардын арасында жоготуулар да аябай көп болду. Мисалы, бир палатада эле катарынан экиден, үчтөн каза болуп атышты. Өзүң карап жүргөн бейтапты сактай албай калсаң аябай өкүнөсүң. Кээ бирлери түшүңө чейин кирип чыгат, кыйналасың. Жаман кабарды туугандарга угузуу да аябай оор нерсе. Бирөө бир тууганын, экинчиси апасын, дагы бири атасын жоготкондо алардын кайгы-капасын көрүп көзгө жаш алган убактар көп эле болду”.
Эмоционалдык жактан оор жана вирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги чоң болсо да Урматбек кесибинен танган жок.
“Экинчи толкун болсо, жардамым, кызматым керек болсо мен ага даярмын. Иштеп жатып, чынында абдан чарчадык, физикалык, моралдык жактан да чарчадык. Жүрөккө тийген катуу, оор нерселер болсо да мен алардын барына даярмын”.
Жаздан бери оору менен алышып чарчап калган жергиликтүү врачтарды колдоо үчүн июлда Москвадан кыргызстандык адистердин тобу жардамга келишти.
Нурлиc Токебаев буга чейин Москвада “кызыл зонада” иш алып барган.
“Орусиядан келгенибиздин себеби - кадр жетишпей жатты. Марттан бери иштеп келе жатышкан врачтардын көпчүлүгү ооруп, үйдө дарыланып жатышты. Кадр жетишпей калды деп күндө жаңылыктардан, социалдык медиядан окуп аттык. Анан балдар менен сүйлөшүп өлкөгө кызмат кылалы деп чечкенбиз. Ал жакта бүт бардыгын таштап, жумуштан жооп сурадык, эс алууга деп айтып коюп өлкөбүзгө келгендер болду. Ординатор балдарыбыз окууларын таштады. Ага өкүнбөйбүз”.
Өлкөдө саламаттык тармагына көп жылдардан бери жетиштүү көңүл бөлүнбөй, бюджеттен арткан акча менен каржыланып келди. Алдыңкы дарыгерлер чет мамлекетке жумуш издеп кетсе, калгандары аз айлыкка моюн сунуп иштеп жатышкан. Коронавирустун оор жүгү биринчи эле аларга тийди.
Оору жаңы башталганда жер-жерлерде арыз-муңун айтып чыккан врачтар куугунтукталып, айткан-дегендерин кайра танып видео-кайрылуу жаздырган учурлары көп дагы болду.
Вирус алгач катталган март айынан бери жетимиштен ашык дарыгер каза тапты.
Ыктыярчы Айша Султанбекованын “Дарыгер” уюму жалаң догдурларга жардам берип келет.
“Июлда өлүм-житим көп болуп, ыктыярчылар топтолуп, “Дарыгер” уюмун негиздедик. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча Кыргызстанда он миң адамга 22 гана врач туура келет экен. Бул аябай аз, ошондуктан биз дарыгерлерге жардам көрсөтөлү деп чечтик. Адам ооруса ага ким керек? Биринчи кезекте дарыгер керек, алардын саны аз болгондуктан адегенде аларга жардам көрсөтүшүбүз керек болду. Бир айдын ичинде эле көп жакшы иштерди аткара алдык”.
“Дарыгер” уюмунун активисттери кыска мөөнөттө өлкөдөгү жүздөгөн медиктерге коргонуучу каражат, дары-дармек, тамак-аш таратып, транспорттук маселесин да чечкенге жетишти.
Өлкөдө 13,5 миң медицина кызматкери бар. Өкмөт алардын компенсация акылары 30% көтөрүлгөнүн айтып жатат. Бирок андай шартта деле дарыгерлер аздык кылып, оору кайра күч алса бейтаптарды тейлегенге адис жетишпей калабы деген коркунуч бар:
“Медиктер жетишсиздиги, айрыкча аймактарда эң чоң көйгөй"- деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов бейшембиде .
Премьер-министр кадрлар резервин тактап, кошумча дарыгер тартуу керектигин айтты. Башка профилдеги дарыгерлер үчүн кыска курстарды уюштуруп, жеке менчик медицина тармагынан да киши тартууга болорун айтты.
Буга чейин өкмөт аргасыздан медициналык ЖОЖдордун бүтүрүүчү студенттерин да коронавирус менен күрөшкө тарткан. Аянычтуусу, анда 22 жаштагы ыктыярчы дарыгер Адинай Мырзакбекова каза болуп калган эле. EKa