You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Калифорнияда сегиз кишиси менен B-52 бомбалоочу учагы кулап түштү
Калифорниянын түштүгүндөгү "Эдвардс" авиабазасынан учуп чыккандан көп өтпөй, АКШнын Аскер-аба күчтөрүнө таандык B-52 Stratofortress бомбалоочу учагы кулап, сегиз адам каза болгондугун базанын өкүлдөрү билдиришти.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:20де (Бишкек убактысы боюнча түнкү 01:20) болгон. Учак пландаштырылган сыноо учуусун аткарып жаткан.
"Бүгүн Эдвардс авиабазасында коркунучтуу трагедия болуп, биз сегиз мыкты америкалыкты жоготтук", - деди полковник Жеймс Хейз журналисттерге. Ал каза болгондор аскер кызматкерлерден, өкмөттүк жарандык кызматкерлерден жана жана подрядчылардан турган аралаш экипаж болгонун белгиледи.
Анын айтымында, B-52 учагы базанын радиолокациялык каражаттарын модернизациялоо программасына катышып жаткан, ал учуп чыккандан көп өтпөй кулап түшүп, өрттөнүп кеткен.
Азырынча кырсыктын себеби аныктала элек жана 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн болгон тергөө иштеринин жүрүшүндө такталбашы мүмкүн. Хейз кошумчалагандай, кырсыктын себептерин терең изилдөө алты айдан ашык убакытты талап кылышы ыктымал.
Boeing B-52 Stratofortress учагын америкалык аскерлер 1950-жылдардан бери колдонуп келет. Бул АКШ менен Израилдин Иранга каршы акыркы согушунда бомбалоолорго катышкан алыска учуучу стратегиялык бомбалоочу учак.
15 км бийиктикке чейин учууга жөндөмдүү (коммерциялык авиалайнерлер болжол менен 10 км бийиктикте учат) бул ири бомбалоочу учак 35 тоннага жакын пайдалуу жүктү көтөрө алат, анын ичинде жүздөгөн кадимки бомбалар жана 32 өзөктүк канаттуу ракета бар. Ал абада май куюуга жөндөмдүү.
Адатта учактын бортунда беш экипаж мүчөсү болот — учактын командири, учкуч, радардык штурман, штурман жана радиоэлектрондук кызматкер.
"Эдвардс" базасы Лос-Анджелестен түндүктү карай болжол менен 160 км алыстыкта, Мохаве чөлүндө жайгашкан.
Өзү шайланган аймакка база караган конгрессмен Жей Обернолт Фейсбуктагы баракчасына: "Биз жубайым экөөбүз бүгүн Эдвардс авиабазасындагы B-52 кырсыгына кабылгандардын баары үчүн, өзгөчө экипаж мүчөлөрү, алардын үй-бүлөлөрү жана окуя болгон жердеги куткаруучулар үчүн дуба кылып жатабыз", - деп жазган.
Мичиган штатынан келген республикачы Лиза Макклейн да кырсык боюнча комментарий калтырган мыйзам чыгаруучулардын арасында болуп, X социалдык тармагында: "Менин дубам бүгүн түштөн кийин Эдвардс авиабазасындагы B-52 кырсыгынан жапа чеккен ар бир адам менен бирге", — деп жазды.