You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мексикада футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өттү, Өзбекстан рекорд жаратууда
Үч өлкөдө 48 команда күч сынаша турган 2026-жылдын футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июнь күнү кечинде Мексикада салтанат менен башталды.
Мексика — алдыдагы беш апта бою дүйнөдөгү эң ири футбол турнирин АКШ жана Канада менен биргеликте кабыл ала турган үч өлкөнүн бири.
Борбор калаа Мехико шаарындагы "Ацтека" стадионунда өткөн салтанатта атактуу колумбиялык ырчы Шакира ырдап чыкты. Бул ырчынын Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине экинчи жолу катышуусу. Жалпысынан алганда, Шакира акыркы 20 жылда эң ири футбол турнирине төрт жолу чакырылган – 2006, 2010, 2014 жана 2026-жылы.
Ошондой эле "Ацтекада" Алехандро Фернандес, Дэнни Оушен, Андреа Бочелли, J Balvin жана Golden ыры менен дүйнөнү дүрбүткөн корей-америкалык EJAE өңдүү артисттер да өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Аземден соң Дүйнө чемпионаты Мексика менен Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) беттешүүсү менен расмий түрдө старт алды.
Ачылыш оюну 2:0 эсебинде мексикалыктардын жеңиши менен аяктады.
Мексикадагы майрам турнирдин биринчи ачылыш аземи, андан башка дагы эки иш-чара бар.
Кийинки ачылыш салтанаты 12-июнда Торонтодогу BMO Field стадионунда уюштурулган. Анда Канада курама командасы Босния жана Герцеговинаны кабыл алат. Канададагы ачылыш аземинде Майкл Бубле, Алессия Кара жана Аланис Мориссетт сыяктуу өлкөнүн үлкөн жылдыздары сахнага чыгат. Ошондой эле палестин жана чилилик теги бар Элианна дагы обон созот.
Акыркы ачылыш аземи да 12-июнда АКШ менен Панаманын беттешинин алдында Лос-Анжелестеги SoFi стадионунда уюштурулат. Америкадагы бул шаан-шөкөттө поп-жылдыз Кэти Перри ырдайт. Ага бразилиялык Anitta жана K-pop жылдызы LISA шерик болуп беришет.
Өзбекстан - Колумбия оюну рекорд жаратууда
К тайпасынын 1-турундагы Өзбекстан менен Колумбия командаларынын беттеши күйөрмандар арасында абдан популярдуу болуп, учурда сатылган билеттер боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу футбол аналитиги Алишер Никимаев жазып чыкты.
Анын маалыматына ылайык, бул оюнга азыркы тапта 74 725 билет сатылды. Мисалы, Мексика – ТАР ачылыш матчына 73 373 билет, ал эми Бразилия – Марокко беттешине 73 719 билет сатылган. Бул оюн 81 миңден ашык орундуу Мексиканын эң чоң "Ацтека" стадионунда өтөт. Бул — Өзбекстандын ДЧга биринчи жолку катышуусу.
Мурдагы атактуу италиялык футболчу жана учурдагы машыктыруучу Фабио Каннаваро башында турган Өзбекстан курамасы Дүйнө чемпионатындагы алгачкы оюнун 18-июнда Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 08:00дө өткөрөт.
Футбол тарыхындагы эң кымбатка турган 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын алкагында 16 шаарда жалпысынан 104 матч өткөрүлөт. Стадиондордун басымдуу бөлүгү АКШда жайгашкан.
Финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Нью-Йорк шаарына жакын MetLife стадионунда өтөт.