Трамп Иран менен алдын ала макулдашууга кол коюлганын билдирди

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен согушту токтотуу боюнча алдын ала макулдашууга кол коюлганын билдирип, келишимдин чоо-жайы "жакынкы арада" жарыялана турганын ишара кылды.

"Ага кол коюлганын, келишим толугу менен бекитилгенин айтууга абдан кубанычтамын", - деди ал G7 саммитинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрү да айрым деталдарды ачыктай башташты. Алардын маалыматына ылайык, Ормуз кысыгы жума күнү — Женевада келишимге расмий кол коюла турган күнү кайра ачылат.

Алардын айтымында, Ирандын ядролук программасы боюнча техникалык сүйлөшүүлөр ушул жумада башталышы керек, ал эми санкцияларды жумшартуу же тоңдурулган активдерди бошотуу Ирандын келишим боюнча милдеттемелерин аткаруусуна жараша болот.

Вице-президент Жей Ди Вэнс дүйшөмбү күнү CNN телеканалына берген интервьюсунда АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму «бир жарым барактай» экенин жана ал абдан жалпы документ болуп саналарын билдирди.

Вэнс көптөгөн деталдар келечектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө макулдашыла турганын кошумчалады. "Бир катар маселелер боюнча биз техникалык сүйлөшүүлөр баскычында деталдарды иштеп чыгышыбыз керек, бирок меморандум ирандыктар келишим боюнча өз милдеттемелерин аткарып, анын үзүрүн көрө турган негизди түзөт", - деди ал.

Вэнстин айтымында, документтин биринчи пунктунда Иран "регионалдык тынчтыкка жана туруктуулукка" умтулууга милдеттенээри айтылат, бул болсо анын сөзү боюнча, "террордук уюмдарды" каржылоону токтотууну камтыйт.

"Эң негизгиси - алар ядролук курал түзбөө боюнча текшерүүгө боло турган милдеттенме алышат", — деди Вэнс.

Америкалык аткаминерлер келишимге Трамп, Вэнс жана Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Бакер Галибаф электрондук түрдө кол койгонун билдиришти.

Ошондой эле алар кошумча деталдар шаршембиге чейин жарыяланышы мүмкүн экенин болжолдошту, бирок Трамп келишимдин толук тексти жума күнкү аземден кийин «жакынкы арада» жарыяланарын айтты.

"Бул абдан күчтүү документ, мен анын жарыяланышын каалайм. Ошондуктан, сыягы, жакында эле жарыяланат", — деди президент.

Келишим ок атышууну токтотуу режимин дагы 60 күнгө узартат, бул убакыт аралыгында тараптар акыркы келишимдин деталдарын макулдашышат.

Жекшемби күнү сүйлөшүүлөрдөгү бурулуш тууралуу жарыялаган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф (анын өлкөсү ортомчулук кылган) "Ливанды кошкондо, бардык фронттордо аскердик операцияларды токтоосуз жана туруктуу токтотуу" боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди.

Америкалык аткаминерлер Ливан ок атышууну токтотуу алкагына киргени менен, израилдик күчтөрдүн Ливандын аймагынан чыгып кетиши келишимдин шарты эмес экенин белгилешти. Алардын айтымында, Израил өзүн-өзү коргоо укугун сактап калат.

Дүйшөмбү күнү кечинде сөз сүйлөгөн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху израилдик күчтөр Ливандагы, Сириядагы жана Газадагы "коопсуздук зоналарында" канча убакыт талап кылынса, ошончо убакыт калаарын жана аракет эркиндигин сактап каларын билдирди.

Ал ошондой эле маалымат жыйынында келишим болсун-болбосун, Иранга ядролук курал алууга жол берилбей турганын баса белгиледи.

Нетаньяхунун бул билдирүүсү Ливандын ММКлары түштүктөгү бир унаага израилдик сокку урулганын кабарлагандан кийин жасалды — бул тынчтык келишими жарыялангандан берки биринчи окуя болду. "Хезболла" болсо буга жооп катары израилдик күчтөргө ракета жана дрондор менен чабуул жасаганын жарыялады.

Трамп жекшемби күнү АКШнын иран портторуна койгон аскердик-деңиз блокадасын дароо алуу боюнча буйрук бергенин айтып, баштапкы келишимге кол коюлгандан кийин Ормуз кысыгы ачыларын кошумчалаган.

Дүйшөмбү күнү ал социалдык тармактарда "кемелер, алардын көбү мунай ташыган кемелер, Ормуз кысыгынан өтө баштады" деп жазды.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Ирандын мамлекеттик телеканалына берген телефондук маегинде аскердик операциялар токтотулганын тастыктады. Телеканал алкактык келишимди Ирандын жеңиши катары чагылдырды.

Гарибабади катарлык ортомчулар Тегеранда алгачкы келишимге жетишүү үчүн "дээрлик 14–15 саатка созулган сүйлөшүүлөрдү" өткөрүшкөнүн билдирди.

Ирандын жогорку аскердик командачылыгы ирандыктар өлкөнүн куралдуу күчтөрү жана Тегерандын аймактагы союздаш топтору менен биргеликте АКШ менен Израилге "жеңилүүнү кабыл алуудан жана багынып берүүдөн башка жолу жок экенин" көрсөткөнүн билдирди.

Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран АКШга карата дагы деле "терең ишенбөөчүлүктү" сезерин жана бул келишим "чыңалууну басаңдатуу үчүн болгону бир гана кадам" экенин билдирди.

Ливандын президенти Жозеф Аун жетишилген макулдашуулар «зордук-зомбулук циклине биротоло чекит коё турган практикалык кадамдарга» айланарына ишенерин билдирип, бул жарыяны кубаттады.

Конфликттин негизги талаштуу маселелери катары Ирандын уран байытуусу, Батыштын өлкөнүн ядролук куралы болбошу керек деген талабы, ошондой эле Ирандын санкцияларды толук алууга жана тоңдурулган миллиарддаган долларлык мунай кирешелерине жетүүгө умтулуусу эсептелет.