You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 50 компанияны жоюуда
Кыргызстан Батыш өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен санкциялык тобокелдиктерге шектелген 50 компанияны жоюу процессин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри, Кыргызстандын санкциялык саясат боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун 11-июндагы билдирүүсүндө айтылат.
Анын айтымында, расмий Бишкек 2023-жылдан бери АКШ, Европа Биримдиги жана Улуу Британиянын тиешелүү институттары менен бул багытта тыгыз диалог жүргүзүп келет.
"Батыштагы өнөктөштөрдүн өтүнүчү боюнча учурда алардын пикиринде жогорку санкциялык тобокелдиктерге ээ операцияларга тартылган болушу мүмкүн болгон 50 юридикалык жакты жоюу иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз максималдуу ачыктыкты жана биргелешкен кызматташууга даяр экенибизди көрсөтүүдөбүз", - деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.
Бакыт Сыдыков өз билдирүүсүндө виртуалдык активдер багытында көзөмөл кескин күчөтүлөрүн эскертти.
Кыргызстан бул чөйрөнү тартипке келтирүү үчүн чараларды көрүп жатканын билдирүүдө.
Эл аралык стандарттарды (FATF) бузган жана мыйзамсыз каржылык операцияларга жол берген рынок катышуучуларына лицензияларды кайтарып алууга чейинки катуу чаралар көрүлөрү айтылат.
Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттик түзүлгөнү, бул орган блокчейн-транзакцияларды талдоо жана мониторингдөө куралдарын киргизери белгиленет.
3-июнда Президент Садыр Жапаров экономика министри Бакыт Сыдыковду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусунда Санкциялык саясат боюнча атайын өкүл кылып дайындаган.
Бул кадам өлкөнүн экономикасын сырткы чектөөлөрдөн коргоо жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бирдиктүү позицияда сүйлөшүү максатын көздөйт.
Кыргыз тарап Батыштын чектөөчү чаралары үчүнчү өлкөлөргө жана ак ниети менен соода кылган ишкерлерге терс таасирин тийгизбеши керектигин белгилеп келет.
"Бир тараптуу санкциялардын кесепеттерин үчүнчү мамлекеттерге жана эл аралык сооданын ак ниет катышуучуларына жайылтуу практикасы өзгөчө көңүл бурууну жана мүмкүн болуучу экономикалык кесепеттерди кылдат эске алууну талап кылат. Туруктуу чечимдер фактыларга, кесипкөй өз ара аракеттенүүгө жана мамлекеттердин эгемендүү кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек деп ишенебиз", - деди Сыдыков.
АКШ жана Европа Биримдиги буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу Орусияга согуштук максаттарга колдонулушу мүмкүн болгон "кош багыттагы товарлардын" реэкспорту көбөйгөнүн айтып, кооптонуусун билдирип келишкен.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан быйыл февралда Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен Орусияга каршы киргизилген санкцияларды Кыргызстан аркылуу буйтоо жолдорун азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда ал бир катар тобокелчиликтерди белгилеген.
"Биз эки топтон турган товарлардын тизмеси бар. Алар согуш талаасында колдонулган же согуш үчүн колдонулган продукцияларды чыгарган буюмдар жана аскердик-өнөр жай комплексинин өндүрүшүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон товарлар. Ошол эле маалда айрым кош максаттагы буюмдар да бар. Мисалы радиоэлектроникалык каражаттар, татаал дрондорду жана ракеталарды өндүрүү үчүн аскердик-өнөр жай комплексине зарыл болгон компьютер менен башкарылуучу станоктор", - деген Дэвид О'Салливан.
Кыргызстандын Юстиция министрлиги май айында санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө катышы бар деген негизде өлкө аймагындагы 50 ишкананын ишмердүүлүгүн бир убакта токтотуу боюнча буйрук чыгарган.
Министрлик бул кадамды эл аралык санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатында киргизилген жаңы жумушчу механизмдин алгачкы жыйынтыгы деп атады. Бирок ишмердүүлүгүнө тыюу салынган ишканалардын так тизмеси жана алардын аталыштары коомчулукка ачыкталган жок.
Улуу Британия 26-майда Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага 18 жеке жана юридикалык жакты кошкон.
Алардын ичинен үчөө Кыргызстанда катталган: "Евразия аманат Банкы", "Мамлекеттик брокердик компания" жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" ачык акционердик коомдору.
Документте Кыргызстандын үч уюму өзүнчө көрсөтүлүп, Британия "Евразия Сактык Банкы" ААК банк Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык мааниге ээ болгон тармакта иштеген адамдарга финансылык кызмат көрсөтүү секторунда иш жүргүзгөн" деп билдирет.
"Мамлекеттик брокердик компания" ААК Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, финансылык рынокторду башкаруу менен алектенет. Ага Финансы министрлиги "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААК менен биргеликте ээлик кылат. Улуу Британия бул компания Орусия өкмөтүнөн пайда көрүшү мүмкүн же Орусия үчүн экономикалык мааниге ээ ишмердүүлүк аркылуу аны колдоп жатат деп эсептейт.
"Виртуалдык активдердин эмитенти" ААК / USDKG. Документте бул түзүм да Орусия өкмөтүнөн пайда алышы же аны экономикалык маанилүү ишмердүүлүк аркылуу колдошу мүмкүн экени белгиленген. Компанияга Кыргызстандын Финансы министрлиги ээлик кылат. Ал USD KG улуттук долларлык стейблкоинин чыгаруу менен алектенет.
"Евразиялык аманат Банкына" карата активдерди тоңдуруу, трасттык кызматтарга чектөө, директорлор үчүн тыюу салуу, ошондой эле корреспонденттик банктык мамилелерге жана төлөмдөрдү иштеп чыгууга тыюу салынды.
"Мамлекеттик брокердик компания" жана "Виртуалдык активдердин эмитентине" карата активдерди тоңдуруу, трасттык кызматтарга чектөө жана директорлор үчүн да тыюу салуулар киргизилди. "Виртуалдык активдердин эмитенти" үчүн кошумча интернет-санкциялар да каралган. Бул британ социалдык тармактары, интернет-провайдерлер жана колдонмолор дүкөндөрү бул компаниянын кызматтарын чектеп, финансылык операциялары бөгөттөлөт дегенди билдирет.
Жалпысынан жаңы санкциялар Орусиянын финансы сектору, криптоинфраструктурасы, A7 түйүнү, ошондой эле Garantex жана Grinex компаниялары менен байланышы бар деп эсептелген уюмдарга тиешелүү.
Аталган тизмеге кирген жеке жактарга активдерин тоңдуруу, Улуу Британияга кирүүгө тыюу салуу, трасттык кызматтарга чектөө жана директорлук кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды.
Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн айтып келет.
2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия да Кыргызстандагы "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Расмий Лондон ошондой эле "Капитал банкты" да бутага алган.
Үстүбүздөгү жылдын май айында Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салган. Ошондой эле уюм Кыргызстандагы эки банкты, криптовалюталардын соодасына тиешеси бар ишкананы санкциялык тизмесине кошкон. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырган.
Көп өтпөй, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча расмий билдирүү таратып, бул чечимге "өкүнүчүн жана тынчсыздануусун" билдирген эле.
Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси акыркы убактарда европалык өнөктөштөрү менен санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча туруктуу байланышта болуп келгенин белгилеген.
"Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат", - деп айтылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.