You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Атамбаев эркиндикте. Равшан Жээнбеков камакта". "Кой-Таш" иши кайра каралышы керекпи?
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Чуулгандуу "Кой-Таш" иши боюнча соттолгон мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун үй-бүлөсү жана жактоочусу саясатчы түрмөдө катаал шартта жазасын өтөп жаткандыгын айтып чыгышты. Алардын билдиришинче, мындай шарттар Жээнбековдун ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Мындан сырткары, "Кой-Таш" окуясынын башында турган негизги фигуралар болгон мурдагы мамлекеттик башчылар Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилигин да белгилешүүдө.
"Биз Равшанга балдар менен үч күндүк жолугушууга барып келдик. Ден соолугу жакшы. Бирок геппатит Б оорусу бар болгону үчүн биз аны ар алты ай сайын текшерүүдөн өткөрүп турушубуз керек. Бирок дайыма аны кылууга шарт боло бербейт. Анткени ал жабык мекеме, арыздар кеч каралат. Көп тоскоолдуктар болот. Ошондуктан мындай катаал шартта кармоо Равшанга зыян келтириши мүмкүн. Равшандын өкүмүндө ал айыпталган беренелер боюнча аны катаал шартта кармалышы керектиги айтылган экен. Бирок Равшан Жээнбеков кыргыз саясатчыларынын ичинен биринчи болуп ушундай шартта кармалып жатат. "РЭО" деп коюшат экен, ал жакка оор кылмыштарды кылган кылмышкерлер отурат, "түрмөнүн ичиндеги түрмөдө" жатышат. Аякта экстремисттер, террористтер жатат экен. Бул деген жөнөкөй түрмө эмес, бул психологиялык жактан басымы күч болгон бир бөлмөлөр. Бул - адилетсиз", - деди Айсулуу Кудайбердиева.
Ал "Кой-Таш" иши боюнча суроолор көп деп эсептейт. Бул иштин башкы каарманы болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу да суроо салды.
"Негизи эле "Кой-Таш" иши өтө көп суроолорду жаратат. Мисалы, бул иш боюнча айыпталган негизги адам Алмазбек Атамбаев өзүнүн жашоосун Испанияда өткөрүп жатат. Үй-бүлөсү жанында. Анын достору, санаалаштары, баары эркиндикте. Алар өзүнүн күнүмдүк жашоосун жашап эле жатат. Ал эми Равшан Жээнбеков, Кой-Ташка тынчтык функциясын аткарам деп барып, баарынын ордуна жазасын өтөп жатат. Бул - адилетсиз. Бул иш кайра каралып чыгыш керек", - деди Айсулуу Кудайбердиева.
Мурдагы депутаттын жактоочусу Аскат Жакупбеков саясатчыны мындан жеңилирээк шарттарда кармоого ал айыпталган беренелер жол берерин айтат.
"Биз анын жазасын өтөп жаткан шарттарын абдан катаал деп сыпаттайбыз жана бул анын укуктарын бузат деп эсептейбиз. Анткени ал айыпталган беренелер боюнча ага мындан кыйла жеңил эле шарттар каралса болмок. Анын кийиминде дагы "РЭиТ" деген белгиси бар. Бул радикализм, экстремизм жана терроризм дегенди билдирет. Дайыма мындай катаал шарттагы жабык камерада отуруу анын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн", - деди жактоочу Аскат Жакупбеков.
Ал Равшан Жээнбеков ырайым суроо ниетин билдирбегенин кошумчалады.
Жазаларды аткаруу кызматынан Жээнбековдун кармалуу шарттары боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Буга чейин Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанбек коомдук сайттар аркылуу атасынын түрмөдө кармалган шарттары боюнча айтып, президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана укук коргоочуларга кайрылуу жасаган. Ал атасы сегиз айдан бери "камералык типтеги, айнегине чейин жабылган, террористтерди жана диний экстремисстерди кармаган түрмөдө жатканына" көңүл бурулушун өтүнгөн.
Равшан Жээнбеков 2025-жылы 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабанан 7 жыл 8 айга соттолгон. Аны менен кошо "Кой-Таш" иши боюнча 20дай адамга өкүм чыккан.
Саясатчы менен бирге "Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып, акталган мурдагы депутат, вице-спикер жана укук коргоочу Асия Сасыкбаева "Кой-Таш" окуясына ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун түзмө-түз тиешеси бар деп эсептейт.
"Менин билишимче, Кой-Ташка Равшан Жээнбеков кокус эле барып калган. Барганда деле ал ошол жерде элди тынчтыкка чакырып, элди ынтымакка келтирүүнү көздөгөн экен. Эми азыр баары чыгып, качып кетишти да, Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга кесилип кетти. Менин оюмча, бул адилеттүү эмес. Сот системасына дагы бул чечим залакасын тийгизиши мүмкүн. Анткени мамлекет сот системасы адилеттүү болбосо, эч качан өнүкпөйт. Айтайын дегеним, бул "Кой-Таш" иши жакшы иликтенген эмес. Эгер жакшы иликтенсе, Равшан Жээнбековдун күнөөсүз экени аныкталмак. Мунун баары ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун туура эмес кылган иштери. Анткени, ошол жерде камакка алганда, баарын эле жапырт камап салып, кийин анан иликтеп башташты. Иликтегенде деле бул бир буйрутма иликтөө катары болгон, баарын камаш үчүн. Андан болбойт да. Биринчи иликтениш керек, анан камашсын. Бул укук органдарынын дагы катасы", - деди Асия Сасыкбаева.
Равшан Жээнбековду санаалаштары Кой-Ташка тынчтык миссиясын аткаруу үчүн барган дешкени менен, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева Жээнбеков "Кой-Таш" окуясына "чоң саясатчы" катары өз эрки менен барган деп эсептейт.
"Равшан Жээнбеков деген чоң саясатчы. Саясатта кайнап-бышкан лидер. Анан андай окуяны четтен карап тура албайт болчу, сөзсүз аралашып, кирип кетет. Аны эч ким мажбурлаган жок да. Мисалы "Кемпир- Абад" боюнча да өз позициясын ачык билдирген. Андыктан, Равшан Жээнбеков Кой-Ташка өзү барган, катышкан. Ошондуктан, аны жоопко тартышты", - деди Рита Борбукеева.
56 жаштагы Равшан Жээнбеков эмгек жолун тергөөчү болуп баштаган. Ал өкмөттө жана президенттик администрацияда бир нече кызматтарды аркалаган, министр болгон. 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан.
"Кой-Таш" иши боюнча Ниязовго ырайым берилди, Карамушкинага берилген жок
2025-жылдын 3-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Кой-Таш" иши боюнча жалпы 20дай кишиге чечим чыгарган. Ага ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сыртынан 11 жыл 6 айга кесилип, мүлкү конфискацияланган. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга соттолгон. Экс-депутат Ирина Карамушкинага сегиз жыл берилген. Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга өкүм кылынган.
Фарид Ниязовго президент Садыр Жапаров ырайым берип, абактан бошотулуп жатканы 31-майда белгилүү болгон.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Ниязов ырайым сурап апрель айында кайрылган:
"Ушул жылы 20-апрелде Фарид Аблезимович ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен президенттин атына кайрылган. Ал өтүнүчүндө ден соолугунун абалын айтып, абалы оор экенин көрсөткөн. Тагыраагы, дагы өтөөгө калган мөөнөттөн бошотуңуз деп кайрылган".
68 жаштагы Фарид Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси, кеңешчиси болуп иштеген.
Ал Кой-Таш окуяларында - 2019-жылдын 8-августунда кармалган.
2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда Ниязов башка саясатчылар сыяктуу эле эркиндикке чыккан, бирок 9-октябрда кайра кармалган. 2025-жылдын 3-июнунда Биринчи май райондук соту Ниязовду 7 жыл 8 айга эркинен ажыратууга өкүм кылган.
Аталган иш боюнча соттолгон мурдагы депутат Ирина Карамушкинанын ырайым сураган өтүнүчү четке кагылганын Би-Би-Сиге анын адвокаты Аскат Жакупбеков тастыктады.
Анын айтымында, экс-депутат Степное айылындагы №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат.
"Ирина Карамушкинанын ырайым сураган өтүнүчү четке кагылгандыгы тууралуу президенттин жарлыгы 29-майда келди. Анда эч кандай себеп же жүйө келтирилген эмес. Бирок биз Карамушкина күнөөсүн мойнуна албагандыктан ушундай чечим чыгышы мүмкүн деп жатабыз", - деди Жакупбеков.
Ирина Карамушкина 62 жашта, Жогорку Кеңештин үч жолу чакырылышынын депутаты болгон.
Кой-Таш окуясы: 10 жылга кесилген Алга Кылычевдин жакындары анын ден-соолугуна кабатыр
2024-жылы "Кой-Таш" иши боюнча Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка айыпталган Алга Кылычов 10 жылга абакка кесилген.
Анын жубайы Гүлнур Ниязова жолдошунун ден соолугу начар экендигин, тагыраагы кант диабетинен жапа чегип келерин айтып, анын абалына кабатырлануусун билдирди.
"Менин жолдошум он жылдан бери кант диабети менен ооруйт. Ага карабай, өкүм чыккандан кийин бир жыл аны катаал режимдеги камерада жалгыз кармашты. Кант диабети менен ооругандар бат-баттан тамак жеп турушу керек. Мен ага күн алыс тамак жектирип турдум. Анан былтыр гана жалпы режимдеги камерага которушкан. Бирок азыр да анын ден-соолугу коркунучта. Себеби инсулин алып турат. Кант диабети менен ооруганы үчүн дары көп ичип, боору талкаланып, циррозго айланып баратат. Эки жолу инсульт алгандан кийин алты ай сайын ооруканага жатып, дарыланып турушу керектигин айтышкан. Бирок эки жылдан бери бир дагы жолу чыгарышкан жок. Кант диабетинин көрсөткүчү түшүп, кайра көтөрүлүп жатат. Бул кооптуу. Азыр дарынын күчү менен эле кармалып турат. Биз буга көңүл бурулушу керек деп эсептейбиз. Алты балабыз бар, анын бешөөнүн жашы жетелек. Адилетсиз чечим чыгып, камалып отурат", - деди Гүлнур Ниязова.
Жогорку соттун басма сөз кызматы Кылычов Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы "Барымтага алуу" жана "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" беренелери менен айыптуу деп табылганын билдирген.
Анын иши Аламүдүн райондук сотунда каралган. Бирок башка Кой-Таш иши боюнча айыпталуучулардыкын Биринчи Май райондук соту карап келген.
Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери Испанияда жашап келет. Ал 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болуп турган. 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Атамбаев 2023-жылдын 14-февралында абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.
Атамбаев сот чечимдерин сынга алган. Ал эми бийлик соттордун ишине кийлигишпегенин билдирген.