Курсан Асановдун иши: бийликти басып алуу аудиоcу - фейк

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Генерал Курсан Асанов бийликти басып алууга аракети кылган деп УКМК бетке кармаган аудио жазуу жасалма экени жөнүндө эксперттердин корутундусу келди. Аны Москва менен Алматы шаарындагы эксперттер чыгарган.

Генерал Курсан Асанов “бийликти басып алууга аракет кылган” деген шек менен кармалганына жарым айдан ашты. Соңку кармап-камоолорду байкоочулар парламенттик шайлоонун алдында саясий талааны тазалоо иштери катары карап жатат.

"Ушул далил Курсан Асановдун иш-аракетинде эч кандай кылмыш жок экенин далилдейт. Курсан Асанов биринчи эле күнү айткан эле, бул жазуу монтаж, ар кайсы күндөгү айтылган ар кайсы контекстеги сөздөрдү алып аралаштырып коюптур деп. Ошол чындык бүгүн жазуу түрүндөгү далил катары алынып отурат",-деди адвокат Таалайгүл Токтакунова Би-Би-Сиге.

Азыркы учурда адвокаттар Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан чыгарып алуу боюнча шаардык сотто кармашып жаткан убагы.

Генерал Курсан Асанов “бийликти басып алууга аракет кылган” деген шек менен кармалганына жарым айдан ашты. Аны октябрь окуяларындагы “массалык тополоң” боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка чакырып туруп кармашкан.

"Сотко чейинки иликтөө-тергөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мурунку орун басары К. Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстадын Конституциясын бузуп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу К. Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирген эле ИИМдин басма сөз кызматы.

Курсан Асанов суракка барардын алдында анын Алмаз  Сарыбаев деген ишкер менен сүйлөшкөнү деп аталган видео интернетте тараган болчу. Анын сапаты абдан начар, жакшы угулбайт. Эки адам Жанар Акаевдин, Өмүрбек Суваналиевдин аттарын атап, балдарды топтоо жөнүндө сүйлөшүп жаткандай. Бирок анын качан болгону, аны ким жарыялаганы, кандай чындыгы бар экени белгисиз.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова бул аудио жазууну ошондо эле фейк деп атап, анын авторун жоопко тартуу жөнүндө айткан болчу.

Өмүрбек Суваналиев дагы бул адиону далил катары колдонууга болбойт деген Би-Би-Сиге:

“Интернеттен алынган фейк  далил болуп бере албайт. Анткени, сот уруксат берген тыңшоолор гана далил боло алат. Бул жерде таптаза фейк да”.

Курсан Асанов кармалган учурда эле ЖК депутаты Жанар Акаев дагы Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, кескин жооп кайтарган болчу:

“Курсан Асанов менен көчөдөбү, кафедеби сүйлөшүп, анын ичинде ушул Жанар деген сөздү алып келип чаптап, элди ишендирип, тополоң уюштурганга аракет кылып атат дегендей калп маалымат чыгып атканы абдан өкүндүрөт. Анткени, калп, жалган мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, нормага айланып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш. Экинчиден, күлкүлүү, анткени көчөдө саясатчылар сүйлөшүп, анан ошону арты менен айып тагабыз деген аракетке, карандай калпка биринчи класстын окуучусу да ишенбейт. Мен эч бир саясатчы менен, коомдук ишмер менен бийликти басып алабыз, массалык баш аламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү эч качан сүйлөшкөн эмесмин”.

ИИМ бир жыл мурдакы тополоң окуяларды тергөөнүн алкагында көптөгөн саясатчыларды, анын ичинде парламент депутаттарын дагы тыңшоого алганы жакында ачыкка чыкты. Тыңшоого алынган саясатчылардын арасында, албетте, Курсан Асанов да четте калган эмес. Ошол тополоң окуялар боюнча Жеңиш Молдакматов кармалып, камакта жатат. Социал-демократтардан Темирлан Султанбеков кармалып, кайра бошотулган.

"Саясий талааны тазалоо"

Бир жыл мурдакы бийлик алмашкан массалык тополоң убагында президент болуп турган Сооронбай Жээнбеков өлкөнү көзөмөлдөн чыгарып, башкара албай калган. Парламенттик шайлоонун арты чырга айланып, нааразы болгондор жапырт каршылык акциясына чыгып, милиция күчтөрү менен түнү бою кармашып, акыры аларды борбордук аянттан сүрүп чыгарып, Ак үйдү, мэрияны ээлеп алышкан болчу.

Өмүрбек Текебаев ошол кырдаалды өлкөнүн “укуктук талаадан чыгып кеткени” деп атап, ал учурда баарынын абалы бирдей болгонун айтып келатат.

Курсан Асанов ошол окуялардын убагында Ички иштер министрлигине барып, министрдин милдетин аткаруучу болуп башкарып калган. Аны ошол учурдагы коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев дайындаганын жергиликтүү агенттиктер жазып чыгышкан.

Би-Би-Си генерал Суваналиевдин өзүнө байланышып, ошол тополоң окуялар учурундагы Курсан Асановдун аткарган ролу жөнүндө сураган элек.

“Ошол учурда бийликтин бирден бир легитимдүү өкүлү мен болуп калгам. Ошондо биз коопсуздук кеңешин чакырып, баарын УКМКга көчүрүп барганбыз. Элдин баары күбө. Ошол жерде күч структураларын координация кылдык. Ошондо ИИМде эч ким жок болуп калган. Мен Бишкектин коменданты генерал Орозалиевди чакырып, ветерандарды кошуп бергем. Ошонун ичинде Курсан Асановду дагы жардам бер деп жөнөткөм. Баардыгы чогуу ошол жерде иштеди. Мен аны Орозалиевге жардамчы катары жибергем. Анткени, отставкадагы генерал, шайлоого катышкан, коомдук пикир  ал тарапта болчу. Бүт органдын балдары жардам берип аткан болчу. Милициянын баары тепки жеп, моралдык жагынан басынып турган эле. Анан бул министрдин орун басары (мурдакы), саясатчы катары башкарат да. Салым кошту, аны элдин баары көрүп атты”,-дейт Өмүрбек Суваналиев.

Соңку кармап-камоолорду кээ бир саясатчылар парламенттик шайлоонун алдында саясий талааны тазалоо иштери катары карап жатат.

“Максат – өздөрүнүн талапкерлери үчүн талааны тазалоо, бөтөндөрдү четке сүрүү. Ойго эмне келсе, ошонун баарын иле бермей: алдамчылык, басып алуу, коррупция, негизсиз сын айтуу, кылмыштарга даярдануу”,- деп жазды жакында эле Фейсбукка ЖКнын депутаты Дастан Бекешов.

Эки ай мурун УКМКнын төрагасы саясий терроризмге каршы катуу чаралар көрүлөрүн эскерткен эле.

“Азыр биздин мамлекет башчысын жана башка кызмат адамдарын Интернетте далилсиз шыбап, негизсиз күнөөлөп, кыйкырып жаткандардын баары качан болбосун жоопко тартылат. Азыр ар бириңер жазылып атасыңар, ар бириңерди биздин өлкөдө жана чет жакта дагы эсепке алып атабыз. Азыр аларды бул жакка алып келиш үчүн башка өлкөлөр менен макулдашууларды түзүп атабыз. Ошондуктан мен токтогула деп айтат элем, коомду бузуку иштерге, аракеттерге чакыруунун кереги жок. Бул абдан кайгылуу бүтүшү мүмкүн. Азыркы убакта саясий экстремизм маселеси биринчи орунга чыкты. Биздин саясатчылар чогулуп, ар демени ойлоп чыга баштады. Чогулуп алып күзүндө парламенттик шайлоо болот, андан кийин революция болот деп жатышат. Эч кандай революция болбойт. Биздин элдик бийлик эч убакта революцияга жол бербейт. Революциясы жок өзүбүз кеткенибиз жакшы”,-деген Камчыбек Ташиев.

Кыргызстанда саясий атаандаштарын, оппозицияны кысымга алып, кармап-камаган саясат жакшы бүткөн эмес. Буга чейинки бийлик алмашуулардын негизги себептеринин бири да ушундай бөрк ал десе баш алмай саясат болгон дешет. Садыр Жапаровдун өзү да мурунку бийлик тушунда оппозицияда болгону үчүн кармалып, үч жылга жакын түрмөдө отурганы белгилүү.