Донецк областында көп кабаттуу үйгө тийген ракета он беш адамды өлтүрдү

Published

Ишембиде орус аскерлери Донецк областындагы Часов Яр шаарын аткылап, андагы турак үйгө ракета тийип, он беш адам каза тапты. Урандылар алдында дагы 24 адам калган болушу мүмкүн.

Ракеталык соккудан беш кабаттуу үйдүн эки подьезди бүт талкаланды. Донецк областтык аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко бул үйгө "Ураган" деп аталган ракеталык системанын снаряды келип тийгенин айтууда.

Жекшембиде күн жарымында украин куткаруучулары урандылар алдынан он беш адамдын жансыз денесин алып чыгышты. Ошондой эле беш адам аман-эсен табылды, алар жарадар.

Уранды алдында калган дагы эки адамдын үнү угулууда. Куткаруучулар урандынын алдында дагы 24 адам, анын ичинде тогуз жаштагы бир бала да бар деп болжоп жатышат.

Украинанын ЖМКлары ракеталык соккудан талкаланган үйдүн кадрларын жарыялап жатышат. Жергиликтүү жашоочулар үйдү кечки саат тогуз ченде аткылашканын, үйдүн өзүнө тийген ракетадан башка анын жанынан үч ракета жарылганын айтышууда.

Россиянын Коргоо министрлиги эртең мененки кабарларда Часов Яр шаарындагы ракеталык соккулар жөнүндө айткан эмес. Ал эми кечкисинде "Россиянын жогорку таамайлыктагы ВКС куралынын соккусунан америкалык 155-мм М777 гаубицасы турган ангар жок кылынды", ошондой эле Донецкинин турк үйлөрүн аткылап жаткан отуздай украин аскери өлтүрүлдү деп кабарлады.

Жекшембидеги орусчул телеграм-каналдардан орус аскери аткылаган турак үй эмес, украиндердин аскер казармасы деп жазышты. Аны жазгандар далил иретинде уранды алдынан табылган эркек адамдын күңүрт-жашыл (балким камуфляж) футболкачан экенин белгилешти.

Өткөн суткаларда орус аскери Донецк областындагы башка калктуу пункттарга дагы ракеталык соккуларды урушту. Константиновкага беш ракеталык сокку болду, бир адам каза болуп, он сегизи жарадар. Угледар районундагы жакында эле орус аскеринен бошотулган Павловкага бир сокку болду. Ал эми Авдеевкага РСЗО менен найлуу артиллериядан он сокку жасалды. Ушундай эле ракеталык чабуул Марьинка менен Красногоровкага да болду. Светлодар районунда төрт адам жарадар, бирөө курман болду, Звановск районунда бир адам жарадар.

21 миңден ашык аскер кылмышы – Путин кылмыш жоопкерчилигине тартылабы?

Украина азыркы учурда Россия Украинага басып киргенден кийин орус аскери жасаган 21 миңден ашык аскердик кылмыштарды иликтеп жатканын билдирди. Башкы прокурор Ирина Венедиктова Би-Би-Сиге Украинадагы аскердик кылмыштар жөнүндө күн сайын 200-300 кабар алып жатканын айтты.

Украинага 24-февралда басып кирген Россия аскер кылмыштары жөнүндө бардык айыптоолорду четке кагууда. Жакында эле Украина орустардын танкасынын командирин 62 жаштагы адамды башка атып, аскер кылмышын жасаганы үчүн түрмөгө өкүм кылды.

Анткен менен жогортон буйрук бергендерди, эң оболу Россиянын президенти Путинди жоопкерчиликке тартуу абдан оор маселе. Биздин укуктук кабарчыбыз Доминик Кашани аскердик кылмыштар үчүн Путинди баш кылып айыптууларды жоопко тартуу качандыр бир болушу мүмкүнбү деген сценарийди карап көрдү.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы айыптоочусу, британдык адвокат Карим Хан Украинада аскердик кылмыштар болду деп айтууга негиз бар деп эсептейт.

Тергөөчүлөр Россия Крымды аннекциялап алган 2013-жылдан бери бардык катталган фактыларды карашууда.Эгер далилдер жетиштүү болсо, прокурор Эл аралык кылмыш сотун шектүү адамдарды кармап Гаагада соттогонго алып келүүгө ордер беришин өтүнөт.

Бирок соттун өзүнүн полициясы жок, ошондуктан шектүү адамдарды кармап келүү мамлекеттердин өзүнө жүктөлөт. Ал эми Россия эл аралык кылмыш сотуна мүчө эмес, ошондуктан аскердик кылмышка шектүү адамдар кармалып экстрадиция болушу азыр мүмкүн эмес. (КС)

"Биз чындап баштай элекпиз". Путин Батышты айыптады

Россиянын президенти Путин өз кезегинде жакында Россиянын Мамлекеттик Думасынын жетекчилеринин алдында оптимисттик маанайда чыгып сүйлөп, Украинада болуп жаткан кырдаал үчүн Батышты айыптады. «Так ушул Батыш Москва менен «эң акыркы украинге» чейин согушканы жатат. Бул украин калкы үчүн трагедия, бирок баары ушуга баратат окшойт». 

Ошол эле убакта Россияны «согуш талаасында жеңиш керек» деген билдирүүлөргө: «Кылып көрүшсүн». «Биз чындап баштай элекпиз»,- деп жооп берди.

Россиянын лидеринин сөзүнөн Москванын кандай стратегияны көздөп жатканын баамдаса болот. "Согуш канчалык узакка созулса, экинчи тарапка сүйлөшүүгө келүү ошончолук кыйын болот", - дейт.

Украинада орус армиясы Луганск аймагындагы акыркы шаар болгон Лисичанскини каратып алып, эми Донецк областын көздөй бет алды.

Украинанын түштүгүндө дагы айрым жылыштар болду. Орустар согуштун башында ээлеп алган Кара деңиздеги Змеиный аралында кайрадан Украинанын желеги көтөрүлдү. Орус аскерлери бул аралдан өткөн айда чыгып кетишкен эле. (КС)