Орусиянын жоготуулары: катардагысынан баштап, тандамал бөлүккө чейин

Published

Ольга Ившина, Би-Би-Си

Ачык булактарга таянып, Би-Би-Си жана анын шериктери Украинадагы баскынчыл согушта набыт болгон орусиялык 21 700 жоокердин ысымын тактоого жетишти. Жабыр тарткандардын өсүш ылдамдыгы жогору бойдон калууда. Мында орусиялык абактан чыгарылып келип согушка салынгандардын гана эмес, бул өлкөнүн атайын адистешкен аскер бөлүктөрүнүн жоготуулары да эске алынып жатат.

Би-Би-Си Орус кызматы "Медиазона" басылмасы (ал Орусияда "чет элдик агент" катары таанылган) жана ыктыярчылар тобу менен бирге аныкташкан маалыматка караганда, кеңири өлчөмдөгү баскынчылыктын 14 айынын ичинде орусиялык куралдуу күчтөр Башкы чалгындоо башкармасына (ГРУга) жана орус гвардиясына таандык кеминде 3401 элиталык аскердик адистен (ГРУнун атайын багыттагы жоокерлеринен, десантчылардан, деңизчи жөө аскерлерден жана аскердик учкучтардан) айрылышкан. Мындай адистерди даярдоо үчүн көп жылдар бою күч-аракет жумшалып, миллиондогон долларлар сарпталган эле.

Мында биз ачык булактардан таап, текшере алган маалыматтар жөнүндө гана сөз болуп жатат, башкача айтканда, жоготуулардын чыныгы саны, албетте, мындан алда канча жогору.

Акыркы эки аптанын ичинде 1249 аскер адисинин набыт болгон жана алардын өздүгү аныкталды (алардын кеминде 54ү элиталык бөлүктөрдө кызмат кылган). Бул өлүм-житим саны – 2022-жылдагы орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору. Кеңири өлчөмдөгү согуштун алгачкы 12 айында апта сайын өз тарабынан 250–300дөй киши өлгөнүн орус маалымат булактары кабарлашкан.

Бул жоготуулардын үчтөн бир бөлүгү кеңири өлчөмдөгү баскынчылык башталганга чейин орусиялык армия менен эч байланышы болбогондорго – ыктыярчыларга, аскерге кошумча тартылгандарга (мобилизациялангандарга), абактан алынып келип согушка салынгандарга жана жаңыдан “вагнерчи” болуп кабыл алынгандарга туура келет. Ачык маалыматтарга караганда, абактан алынып келип согушка салынгандар акыркы айларда эң чоң жоготууларга Бахмут аймагында дуушар болушту. Аскерге кошумча чакырылгандар да көбүрөөк өлүм-житимге кабылышты.

Биздин тизмедеги өлгөндөрдүн аты-жөнү Орусияда анык көмүлгөндөрдүн санынан кеминде эки эсе аз болушу мүмкүн деп ойлойбуз. Акыркы 14 айда Орусиянын 65тен ашык конуштарындагы көрүстөндөрдүн абалын изилдеп, дал ушундай жыйынтыкка келдик.

Демек, эң азайтылган эсептөөлөр боюнча, Украинага кеңири өлчөмдө басып киргенден бери Орусиянын аскерлеринин 43 400 кишиси набыт кеткен деп айтууга мүмкүн.

Орусиянын жалпы орду толгус жоготуулары (башкача айтканда, арасында оор жаракат алган, каза болгон же дайынсыз жоголгон жоокерлердин жалпы саны) кеминде 195 000 кишини түзүшү мүмкүн.

Бул санга Донецк менен Лугансктын жикчил “элдик милициялык кошуундарынын” курамында Орусия тарапта согушкандар кирбейт. Мындан тышкары, дайынсыз жоголгон жоокерлердин болжолдуу санын тактоого да азырынча эч мүмкүн эмес.

“Каймактын” жоготууга учурашы

Расмий Москва кеңири өлчөмдөгү чабуулдун башталыш учурунда дал ушул атайын адистештирилген эоокерлерге – аскер аба десант күчтөрүнө, деңизчи жөө аскерлерге, ГРУга, орус гвардиясынын атайын машыккан күчтөрүнө жана армиянын атайын даярдыктагы күчтөрүнө ишеним артылган. Натыйжада согуштун алгачкы айларында дал ушул бөлүктөр украин аскерлеринин соккусунан өтө оор жоготууларга учураган.

Бир гана ырасталган маалыматтарды алчу болсок, согуш кеңири өлчөмдө башталгандан бери Орусия өз элиталык бөлүктөрүнө таандык 3401ден ашуун адисти жоготкон.

Алардын арасында армиянын атайын күчтөрүнүн бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн кеминде 445 киши жана Орусиянын Гвардиясынын атайын кошуундарынын 451 кызматкери бар.

Ачык булактарга караганда, ГРУнун Новосибирсктеги 24-атайын күчтөрү (76 жоокер) жана ГРУнун Тольяттидеги 3-атайын күчтөрү (60 жоокер) эң чоң жоготууга учураган. ГРУнун атайын 346-бригадасы кеминде 38 кишисин жоготту.

Өзүнүн жөө аскерлерине ишенбегендиктен, орус аскер жетекчилери булар сыяктуу атайын күчтөрдү украин аскерлери менен тикелей кагылышууларга жөнөтүп, аларды Харьков облусунда артка аргасыз чегинүү учурунда майдан тилкесин кармап туруу үчүн, жада калса, Мариуполдун көчөлөрүн тарап чыгуу үчүн да колдонушкан. Мунун баары кошумча жоготууларга алып келди.

Набыт кеткен атайын машыккан жоокерлердин 18%ын офицерлер түзгөн. Би-Би-Си менен маектешкен адистердин айтымында, бул офицерлердин машыккан катмарын жоготуу орус армиясы үчүн эң сезимтал жана алардын ордун толтуруу өтө кыйынга турушу ажеп эмес.

Катардагы адистер (мисалы, граната же мина аткычтар) өлгөн же таптакыр согуша албай калган учурда анын ордуна келген башка адистиктеги жоокер бир нече аптанын ичинде, сейрек учурларда – бир-эки айдын ичинде гана кайра даярдалышы мүмкүн. Эгерде ГРУнун атайын күчтөрүнүн ротасынын командири каза болсо, анын ордун ошол эле аскердик адистиктеги даярдыгы бар офицер гана алмаштыра алат.

Тиешелүү кесиптик даярдыктагы (квалификациядагы) лейтенантты даярдоо үчүн кеминде төрт жыл керек. Ал эми ротаны жетектөө үчүн лейтенант тажрыйба топтоп, капитан даражасына чейин көтөрүлүп иштеши керек, бул жагдай – дагы төрт жылга жакын убакытты талап кылат. Жалпысынан, мындай капитанды алуу үчүн кеминде сегиз жыл окутуу зарыл, дешет адистер.

Ачык маалыматтарга караганда, Украинадагы кеңири өлчөмдөгү согуштун 14 айындагы ГРУнун жана Орусиянын Гвардиясынын атайын күчтөрүнүн жоготуулары бул бөлүктөрдүн Чеченстандагы 10 жылдык куралдуу кагылышуудагы жоготууларынан алда канча чоң көрсөткүчкө ашып кеткен.

Набыт болгондордун арасында – орусиялык 139 аскер учкучу бар. Булар – көзгө басар адистер; аларды даярдоо үчүн, жок эле дегенде, 3 миллион доллар жана 7 жылдык эң татаал окуу талап кылынат. Бир учкуч снайперди даярдоо иши 15 жылдан 17 жылга чейин созулуп, 12–14 миллион долларга турушу күтүлөт.

Ыктыярдуулар жана аскерге кошумча чакырылгандар

2022-жылдын май-июнь айларынан тарта негизги түйшүк шашылыш түрдө тартылган ыктыярдуу кошуундарга ооду. Алардын оодук бөлүгүн орточо айлык акысы төмөн аймактардан келген жана жашы 40 жаштан ашкан эркектер түздү.

Дал ушул ыктыярдуулардан куралган кошуундар (мотоаткычтар жана «вагнерчилер» сыяктуу эле) акыркы жарым жылдын ичинде эц жогорку жоготууларга учурап келе жатышат. Ошол эле учурда ыктыярчылар кан майданга жөнөтүлгөнгө чейин болгону үч-жети күндүк гана окуудан өтүшөт.

Ачык булактардан биз тапкан маалыматка караганда, 2001-жылы мобилизацияланган орусиялыктардын өлүм-житими кескин өстү. Алардын 60%дайы 2023-жылдын 1-январынан бери набыт кеткен.

Ачык маалыматтар мобилизациялангандардын жоготууларынын көрсөткүчү дагы эле өсүп жатканын көрсөтүүдө.

Орусиянын ар кыл аймактарындагы мүрзө таштарындагы такталарга жана андагы сөөк коюу даталарына караганда, согушта өлгөндөр Орусияга алынып келинип, орто эсеп менен ар бири өлгөндөн 14–20 күндөн кийин гана жерге берилет. Бирок кээ бир учурларда бул жүрүм ого бетер кечеңдеп жатат. Маселен, Ховалыг Алдын-Херел ысымдуу 20 жаштагы танк айдоочу өзү өлгөндөн 71 күндөн кийин гана жерге берилди.

Абактан согушка алынып келгендер

Ачык маалыматтардан көрүнүп тургандай, "Вагнер" тобунда согушкан жана ага чейин орус түрмөлөрүндө кармалып келген кишилер башка бардык түзүмдөрдүн ичинен эң чоң жоготууга учурап жатышат.

Жалпысынан Орусиянын Украинага кеңири өлчөмдө басып кириши маалында мерт тапкан жана ага чейин орусиялык абактарда мөөнөт өтөп жүргөн 3621 кишинин аты-жөнү аныкталган. Чыныгы жоготуу көрсөткүчтөрү, балким, алда канча жогору болушу ыктымал. Дал ошол «Вагнер» тобундагы абактан келип салгылашкандар, даярдыксыз болгонуна карабастан, Бахмут үчүн жүрүп жаткан айыгышкан салгылашууларда эң алдыдагы сүрмө топтун ролун ойноого аргасыз.

Ошол эле учурда абактан келип урушта мерт тапкандардын баары тең эле өз тууган-туушкандары жашаган аймактарга алынып келинип коюла бербейт. Согуш башталгандан бери «вагнерчи» жоочулардын массалык мүрзөлөрү камтылган жаңы жети көрүстөн пайда болгон. Алардын алтоо Орусияда – Новосибирск, Иркутск, Свердловск, Самара жана Москва облустарында, ошондой эле Краснодар аймагында жайгашкан. Дагы бирөө Украинанын Луганск шаарында жайгашкан.

Жалпысынан Би-Би-Си бул жети көрүстөндө "Вагнер" тобунун кеминде 1209 жоочусу көмүлгөнүн аныктай алды. Ачык маалыматтарга караганда, алардын көбү – азыркы тапта абактарда өз мөөнөтүн тынч гана өтүшү керек болгон соттолгондор болчу.

Би-Би-Си, “Медиазона” жана ыктыярчылар тобу бул сыяктуу маалыматтарды улам жаңы чөйрөдөн изилдеп, Орусия Украинага кеңири өлчөмдө басып кирген 2022-жылдын 24-февралынан бери түзүп келе жаткан тизмеге толуктап кошууда. (TT)