You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Жоопкерчиликсиз эс алуучулардын айынан”: Ысык-Көлдө абал кандай?
Соңку айда Ысык-Көл коронавирустун жайылышы боюнча башка аймактардан алдыга чыкты. Өкмөт облуста эпидемиологиялык кырдаалды оздуктоо аракетин көрүүдө.
Бирок муну эксперттер кечиккен чара катары сынга алууда. Жергиликтүү тургундар аймакта коронавирус тездик менен жайылып жатышына жоопкерчиликсиз эс алуучуларды күнөөлөп жатышат.
“Бул жакка бир ооруп айыгып, кээ бирлери чала айыгып алып эле кызыл зонадан түз эле көлгө келип жатышат. Алар иммунитетти чыңдайлы деп Ысык-Көлгө келип атышкандыр. Бирок көп учурда Бишкектен жана башка жактан келгендер ушул ооруну алып келүүдө. Ысык-Көл аймагы сезон ачылганга чейин эң таза региондордон болчу. Ооруп аткандарды колдун беш манжасы менен санаса болчудай болду. Азыр болсо өтө тез жайылып жатышы туристтердин айынан. Өкмөт башчы К.Бороновдун брифингден айтканын окуп алып, аябай кыжырым кайнады. Эс алганы көлгө барып ошол жактан вирусту жуктуруп жатышат деп маалымдаптыр”,- деди Каракол шаарынын тургуну Кыял Асаналиева.
Шейшемби күнү премьер-министр Кубатбек Боронов кезектеги басма сөз жыйынын аймактардагы абалдан баштап, Ысык-Көл облусу боюнча өзүнчө токтоло кетти:
“Аймактардагы эпид кырдаал дале кооптуу. Жалал-Абад, Ош шаары жана Ысык-Көл облусунда дале абал оор болуп турат. Айрыкча, жайдын келиши менен көлгө эс алууга келгендер көбөйдү. Алардын арасында вирусту ал жактан жуктуруп алгандар болууда. Июнь айында Ысык-Көлгө бардык облустардан келгендердин жалпы саны үч миңди түзсө, кийинки айда 20-июлда эле он миң адамды түздү. Соңку жумада эс алуучулар саны кескин көбөйүп жатат”.
Өкмөт башчы облуска кире бериштеги Балыкчы блокпостунда жарандардын дене табы текшерилип жатканы менен, вирусту билбей алып жүргөн жана жаңы жугузган адамдарды жеринде аныктоо кыйын болуп атканын айтты.
К.Боронов эпидемиологиялык абалдын курчушуну алдын алып, өкмөт аймакта кошумча стационарлар ачып, бейтапканаларга жабдык, дары жана коргоонучу каражаттар ташылып жатканын айтты.
Бирок эксперттер буларды кечиккен чара деп жатышат.
“Өкмөттүн антикризистик бир стратегиясы болушу керек болчу. Коронавирусту дарылоо алгоритми болгондой ал жактан туристтерди жөнгө сала турган бир алгоритм иштеп чыгышы керек эле. Мисалы, бизде туристтик полиция деген бар. Ошол келген туристтерди туристтик полиция көзөмөлгө алып, пансионаттардан сыртка чыгарбай, пляждын ичинде социалдык дистанцияны карманышсын деп жана башка ушул сыңары чаралар иштелип чыгышы керек эле. Тилекке каршы, андай стратегияны көргөн жокпуз. Туризм министрлиги жана өкмөттөн эч кандай чара көрүлбөдү, эми жыйынтыгын көрүп жатабыз”, - деди коомдук ишмер Максат Чакиев.
29-июлга карата коронавирус илдети жаңы 668 адамдан чыкты, анын 157си –ысык-көлдүктөр. Буга чейин антирекорд жагынан биринчиликти бербей келген Бишкекте соңку суткада 118 кишиден бул илдет чыкты.
Аймактагы абалдан кооптонгондобу же алдыдагы шайлоодогу орун алмашуу болдубу, айтор, өкмөт аймактагы өкүлүн жаңы дайындады. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлү болуп келди. Антикризис менеджер катары аймактагы эпидкырдаалды көзөмөлдөйт деп жатышат.
Ал тапта көлгө агылган эс алуучулар саны суюла элек, августта эс алуучулар мындан да көбүрөөк болору күтүлүүдө. Медиктер азыркы шартта көлгө түшүүнүн айрым эрежелерин ЖМКлар аркылуу элге түшүндүрө башташты.
“Коронавирус же пневмония менен ооруп жатсаңар сууга түшкөнгө болбойт. Айыгып, ооруканадан чыксаңар эки жума-он төрт күн үйдө болушуңар зарыл. Андан кийин гана денени чыңдоого болот. Аба жана сууну алмаштырууда он градустай өзгөчөлүк болот да ал адам организмине стресс алып келет. Ооруп жаңы айыккан киши көлгө барды дейли, сууга киргенде дене катуу үшүйт, бул стресс”,- деди врач Жамиля Усупбекова.
Расмий маалыматтар боюнча эпидемия башталгандан бери Ысык-Көл аймагында коронавирус эки жарым миңдей кишиге жуккан.
Буга чейин облус тургундары жайкы сезондо сырттан келген эс алуучулар эсебинен бир жылга жетерлик киреше таап алышчу. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, кардарлары азайды. Бирок соңку кырдаалдан алганда азыр алар акчага эмес, өмүр, саламаттыгына камтама болчу абал жаралууда. Элеонора Сагындык кызы.