Агенттер жана узун кулактар. Украин партизандары орус оккупациясы менен күрөшүүдө

Published

Сара Рейнсфорд, Би-Би-Си

Украин армиясы контрчабуулга даярданып жатканы кабарланууда. Алар Херсон облусуна кайра-кайра сокку уруп жатканда, фронттун экинчи тарабында аларга дагы бир көзгө көрүнбөгөн күч көмөктөшүүдө. Алар душмандын ары жагындагы агенттер жана узун кулактар. Башкача айтканда партизандардын армиясы.  

Биз украин каршылык күчтөрүнүн жоокерлери менен жолугушуу үчүн күн карама талаалары аркылуу өттүк. Украинанын көзөмөлүндөгү Херсонго жакын жайгашкан Николаевге жол тарттык. 

Николаев түштүк фронттогу каршылык көрсөтүү кыймылынын штабы болуп калды.  

Блокпосттордун жанынан өтүп бара жатып биз жүзү чүмкөлгөн, капюшонду баса кийген сүрөтү бар билбордду байкадык. Анда: “Херсон. Рух опору [Каршылык көрсөтүү кыймылы]: партизандар баарын көрүп турушат” деп жазылыптыр. 

Плакат орус баскынчыларынын тынчын алууга багытталган. Экинчи жагынан алардын бийлигинин астында калгандарга моралдык колдоо көрсөтөт.

“Рух опору” - бир эле топ эмес… Ал масштабдуу... Толук каршылык көрсөтүү, - дейт алдымда турган киши. Ал моюндан жүзүн карай тарткан кара беткап тагынып алгандыктан үнү даана угулбайт. Маектештерибизди коопсуздугу үчүн биз тартып жаткан бөлмөнү сүрөттөй албаймын. 

Маектешибиздин атын Саша деп коёлу.

Согушка чейин Украина каршылык кыймылын түзүү жана башкаруу үчүн атайын күчтөрүн күчөткөн. Бийлик атүгүл болочок партизандар үчүн PDF-форматында инструкцияларды жарыялаган, анда “баскынчылардын унааларынын дөңгөлөктөрүн кесүү, алардын бензобагына кумшекер төгүү же жумушта буйрукка баш ийбөө” жөнүндө жазылган. 

Мисалы, инструкциянын бир пунктунда “кежир бол” деп турат.  

Бирок Сашанын узун кулактары башка иш менен алек: алар Херсондун ичиндеги орус аскерлеринин кыймылына көз салып турушат.  

“Мисалы, кечээ биз жаңы бутаны байкап аскерлерге жөнөттүк. Бир-эки күндөн кийин бул бута жок болуп калды... Ушинтип жашап жатабыз”, - дейт Саша, бизге күн сайын коңшу облусттардан келген ар түрдүү видеолорду көрсөттү.  

“Колонна келе жатат... Карагылачы... Кимдир бирөө жолдо бара жатып ал жакта база бар экенин билет, аны оккупанттар басып алган болушу мүмкүн. Ал келе жатып кандай техника бар экенин бизге маалымдоо үчүн баарын видеого тартып жатат”, - дейт ал.  

Бул видео аскер базасынын жанынан өтүп бара жатып орус унааларын тартып алган кишиден. Башка тасмада - чоң Z тамгасы бар орус жүк ташуучу унаалардын өтүп бара жатканы тартылган.   

Саша өзүнүн агенттерин “жеңиштен үмүтүн үзбөгөн жана өлкөнүн бошотулушун каалаган” украиналыктар деп мүнөздөйт. 

“Албетте, коркуу бар, - дейт Саша. - Бирок мекенге кызмат кылуу андан жогору”.  

Саша менен дагы башка топ иштешет - алар Херсондогу фронт сызыгынан дрондорду учуруп, украин аскерлери үчүн жаңы бута табышат. Бардык катышуучулар - ыктыярчылар, жоокерлер эмес. Ал эми кымбат баалуу жабдууларга каражаттар социалдык тармактар аркылуу чогултулат. 

Топтун командири Сергей согушка чейин декоративдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп келген, бирок орус аскерлеринин Бучада жасаган аскердик кылмыштарынан улам каза болгон тургундардын сөөгүн көргөндөн кийин түштүк фронттогу согушка катышууну чечкен. 

“Менин психологиялык абалым жөн жаткарыбады, анткени согуш жүрүп жатканда мен эмне жөнүндө ойлоно аларымды же кыла аларымды түшүнбөй калдым”, - дейт Сергей.  

Ал тандаган жол өтө кооптуу. Орус аскерлери анын төрт адамдан турган тобун тапшырма аткарып жатканда аткылашат, бирок алар жоготуусуз качып кутулууга үлгүрөт. 

“Кээде жакшы иштейбиз, ок тийбей калат, бирок качып баратканыбызда бизди аткылап башташат, - Сергей ийин куушуруп, жылмайып койду. - Мен түшүнүп жатам: эртеби-кечпи бул нерсе болуп калышы мүмкүн. Бирок мен эмне кыла алам? Эч нерсе, бул жөнүндө ойлонбой эле койгон жакшы. Ишиңди кылганың жакшы, тынчыраак. Менин башыма келе турган болсо, жок дегенде бул бекеринен эмес, бир нерсе үчүн болгонун түшүнөм”. 

Партизандар Херсондун оккупациясы туруктуу болуп калбашы үчүн, Москва ал жерде даярдап жаткан референдумду болтурбоо үчүн күрөшүп жатышат. 

Орусия бул аймакка рубль менен өзүнүн уюлдук байланышын киргизип, ошону менен катар украиналыктардын мээсин орусиялык мамлекеттик телеканалдардын пропагандасы менен “толтуруп” жатат. Жергиликтүү журналисттер качып кеткен же жашынууда. 

Херсон областтык администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучусу Дмитрий Бутрий азыр Николаевдеги кум мүшөктөрү басылган чакан кеңседе иштейт. 

“Мен бир нерсени айта алам: Орусия үчүн эч ким добуш бербейт, ишене бергиле, мунун баары фейк болот, - дейт Бутрий. - Ооба, алар референдумду зордук-зомбулук, кыйноо, коркутуу, рублду киргизүү менен өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Оккупацияланган территориянын ичинде гана иштей турган кайдагы бир “жалган-банкты” ачышыптыр. Бирок бул фейк, уюштурулган. Менин оюмча, алар ийгиликке жете алышпайт”.  

Бирок бул азырынча Москванын тынчын албаса керек.

Орусия үчүн Херсон облусу - стратегиялык аймак, ал  2014-жылы мыйзамсыз аннексияланган Крым үчүн суу булагы. Мындан сырткары, жарым арал Херсонщинадан Орусияга кургактыктагы коридор.

Херсондун айрым тургундары Орусия тарапка өтүп, жардам берип жатышат. Ошондуктан Сашанын командасы инсайдердик маалыматтарга таянып, “коллаборанттардын” маалымат базасын жүргүзөт.

"Алардын эч кимиси кийинчерээк каршылык күчтөр менен бирге болгонун айта албайт", - деп түшүндүрдү Саша.

Бирок бул маалымат коркутуу үчүн да пайдаланылат. Партизандар “чыккынчылардын” үйлөрүнө коркута турган баракчаларды илип коюшат. Мисалы, табыттын фонунда адамдын портрети же алардын “башы” үчүн сыйлык акы сунуштаган "Издөөдө" деген кол тамганы илишет.

Активисттер бул баракчаларды сүрөткө тартып, Сашага жөнөтүшөт.

"Дубалдарда "Референдум болбойт, *** жебегиле" деген граффити пайда болот, - дейт Саша ага келген билдирүүлөр жөнүндө. - Көптөгөн баракчалар пайда болот. Бул коркпой турган канчалаган адам бар экенин көрсөтүп турат. Түшүнөсүзбү? Шаардын ар бир бурчунда камералар жана кайгуул тобу бар, адамдар принтерди - ал тургай кээ бирлери түстүү принтерди таап, көчөдө басып, чаптап чыгышат. Кайгуул көчөдө кармап алып, окуя ал адам үчүн кайгылуу аякташы мүмкүн. Бирок алар чаптап, тартып, бизге да жиберишет".

Орус тарапка өтүп кеткендердин өмүрүнө бир нече жолу кол салуу аракети жасалган - бир блогер окко учуп, Орусия орноткон администрациянын чиновниги киши колдуу болду, айрымдары бомба коюлган унаанын жарылуусунан жарадар болгон.

Жогорку деңгээлдеги “коллаборанттар” азыр коомдук жайларда бронежилет кийип жүрүшөт.

Мен жолуккан партизандар буга эч кандай тиешелери жок деп ишендиришти, бирок, айтмакчы, каза болгондорго тилектештигин билдирбейт.

"Чыккынчы жана каргыш тийгир деген сөздөн башка оюма эч нерсе келбейт. Эмнегедир баарыбыз үйүбүздү таштап, согушканы кеттик, алар жөн эле экинчи тарапты тандап алышты. Булар бүгүн биздин душмандарыбыз", - дейт Саша.

Владимир Путин “Орусия Украинаны бошотуу үчүн” өлкөгө басып киргенин айтат, бирок Херсондо орусиялыктар зомбулук жана коркутуу менен башкарып келет.  

Орусия март айында аймакты оккупациялаганда жүздөгөн адамдар кармалган, алардын көбү кыйноого кабылып, айрымдары дайынсыз жоголду жана бир нече жумадан бери байланышка чыга элек.  

Кимдир бирөөлөрдүн сөөгү табылып, туугандарына кайтарылды.  

Шаар ичиндеги булактар орус аскерлер көчөлөрдү кыдырып, автобустарды токтотуп жүргүнчүлөрдү тинтип жатканын кабарлашууда. Украиналык күчтөрдү колдоону көрсөткөн мессенджердеги кат же телефондогу сүрөт камоого алып келиши мүмкүн. 

Олег күзгүнүн алдында жылмайган сайын оозундагы боштук орусиялык суракчылардын ур-токмогун эске салат. Олег алар анын тиштерин гана күбүп салбастан, жети кабыргасын дагы сындырып салышканын айтууда, анын үчөө дагы деле бүтө элек. 

Анын чын аты Олег эмес, ал бизден өзүнүн аты-жөнүн алмаштырууну суранды. 

Олег дагы бир туткун Денис Мироновдун кыйноого кабылганына күбө болгон. Ал камакта каза болгон. 

Олег окуянын үрөй учурган майда-чүйдөсүнө чейин айтып берип жатат. 27-мартта аны Денис менен чогуу көчөдөн кармап кетишип, алгачкы сааттарда электрошок колдонуп, тынымсыз сабашкан. 

Аларды муунтуп, өлүм менен коркутушкан. Олег суракты Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери жүргүзгөн деп ойлойт.

Бир убакта ал кыйноолорго чыдабай, өз жанын кыйгысы келген - атүгүл аны атып салышы үчүн күзөтчүгө кол салууну дагы ойлогон. 

“Алар нацисттерди издешти, менин башым таз болгондугу үчүн гана сабашты. “Таз болсоң демек нацистсиң” дегендей. “Мына, каргыш тийгир нацик, ме сага!” деди. Шылдыңдашты. Чечиндиришти. Менин ич кийимимде Симсондордун (америкалык мультфильм - редакция) сүрөтү бар болчу. Алар: “Сен Американын агентисиң! ” деди. Мунун баары олуттуу түрдө болду, алар сени ушул үчүн айыптап, ушул үчүн “жазалашат”, - деп айтып берди Олег.  

Камакка алынгандан бир ай мурун, Орусия Украинага басып киргенде, Денис менен Олег аймактык коргонуунун ыктыярчылар отрядына кирген. 

Бирок көптөгөн аскерлер биринчи жардыруулардан кийин качып кетишкен, ал эми Херсондо калган күчтөр дароо эле талкаланган. Ошентип экөө тең орус күчтөрү менен оккупацияланган аймактын ичинен согушкан партизан болуп калышты.

“Биз алардын позициясы, жайгашкан жери тууралуу маалымат чогултчубуз. Алар кайда, канча санда, каякка багыт алышууда - биз мунун баарын жөнөтүп жаттык”, - деп айтып берди Олег. 

Башка бир партизан мага украиналык аскерлерге Днепр дарыясынан кайыктар менен качууга жардам бергенин жана орустардан курал-жарактарды кантип уурдап кеткенин айтып берди. 

Бул тууралуу кененирээк айтып беришин суранганымда ал күлүп жиберди: “Кантип айтып бермек элем! Кийинчерээк биз жеңгенде жолугалы, ошондо айтып берем!” 

43 жаштагы Денистин артында жубайы менен уулу калды. Согушка чейин ал мөмө-жемиш сатчу. Партизан болгондон кийин ал Херсонго “Нан” деген жазуусу бар фургон менен азык-түлүк жеткирип, аны менен кошо жолдон маалымат чогултчу. 

Ал Олег менен бирге курал-жарак чогултчу, балким, Херсонду бошотуу үчүн украин армиясынын контрчабуул жасайт? Бирок көп өтпөй аларды камакка алышып, кыйнашты. 

Мен Федералдык коопсуздук кызматына окуянын чоо-жайын сурап, сурамкат жибердим, бирок ал жактан жооп болгон жок. 

Камакка алынгандан кийин Олег Денисти түн жарымында гана көргөн, бирок ал учурда ал бутуна тура албай, араң дем алып калган. Ага карабастан суракчылар аны уруп-сабоону улантышкан.  

“Алар анын чурайына урушту, бетке бир нече жолу чапты, ал жыгылды. Шымын чечип, эки киши аны келтек менен сабап башташты. Бөйрөк жакка, жамбашка, бутка, санга уруп башташты, айтор, бат эле чоң бир гематомага айландырышты. Ушул убакыттын ичинде бардык нерсеси жанчылып бүткөндөй, бирок ушул нерсе менин көз алдымда болду”, - деп эскерди Олег. 

“Бирок бул өлүмгө алып келе турган жарааттар эмес эле, убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндө, аны сактап калууга мүмкүн болчу... Ал дагы бир ай кыйналды”, - деп кошумчалады ал. 

18-апрелде аларды Крымга алып келишип, акыры Денисти аскердик ооруканага жөнөтүшкөн. Олегдин ал ошол жакта айыгып кетет деп ойлонгон.

Бир ай өткөндөн кийин Денис Мироновдун үй-бүлөсүнө анын өлүмү тууралуу кабар келет - анын сөөгү денелерди алмашууда Украинага кайтарылган.  

Орусиялыктар Херсонду басып алгандан кийин көптөгөн тургундар аймактан чыгып кетишти. Жакында эле украин бийлиги контрчабуул даярдалып жатканын эскертип, Херсондо калгандарды эвакуцияланууга чакырган. Бирок бул жактан кетүү оңой эмес. 

Орусиялык күчтөр фронт сызыгын кесип өткөн транспорт каражаттарынын санын чектеп жатышат. Ал эми Украина көзөмөлдөгөн аймактарга бир гана Запорожьеге алып барган жолду калтырды. 

Бул жолдогу көптөгөн блокпосттор согушка жарамдуу курактагы украин эркектердин чыгып кетүүсүнө тоскоолдук жаратууда. 

Эвакуациялоочу автобустардагы орундарды жадагалса аялдар жана жаш балдар да жумалап күтүшөт же жеке унаадагы орун үчүн өтө чоң суммадагы акча төлөөгө аргасыз болушат. 

Ошентсе да, ар күнү жүздөгөндөр качып чыгышат. Биз орус оккупациясынан качкан украиндер кечинде дем кыстыктырган, толтурулган автобустардан супермаркеттин токтотуучу жайына түшкөнүнө күбө болдук - ал жер өзүнүн өлкөсүндө качкын болуп калгандарды бөлүштүргөн пункт катары колдонулат.

Чоңдор жүдөп калышкан, жаш балдар коопсуздукта экенине ишенбегендей коркуу менен жылмайып жатышат. Көгүлтүр “Ладанын” капотунун астынан жарылып кетчүдөй буу чыгууда.  

Полициянын текшерүүсүнөн кийин ыктыярчылар тамак-аш жана кийим сунуштап жатат, ал эми кээ бирөөлөрдүн туугандары көз жашы менен тосуп алууда. 

Биз оккупацияланган Херсонго кире албайбыз, ал эми көчүрүлүп келгендердин маанайы ал жердеги жашоону ачык көрсөтүп турат. Атүгүл Украина көзөмөлдөгөн аймакта жүрүп да адамдар “туура эмес” бир нерсени айтуудан коркушат. 

Камерага тартууга же маектешүүнү жөн эле жаздырып алууга уруксаат берүүнүн алдында кээ бирөөлөр менден: “Муну орустар көрөбү?”, - деп сурашат. Башкалары мени көргөндө баштарын чайкашып, микрофондон баш тартышат.  

“Кыйын. Алар [орус аскерлери] бардык жерде...”- деп мага Александра машинанын арткы отургучунда кичинекей Настяны тизесинде терметип жатып айтып берди. 

Чатырдын ортосунда эки баштыгы бар аял өзүн жоготкон жүзү менен турат. Светлана көз жашын араң токтотуп, чыдабай калгандыктан Херсондон качып чыкканын, бирок күйөөсү ал жерден кетүүдөн баш тартканын айтууда.  

“Ал Украинанын Куралдуу күчтөрү келип, бизди бошотот, деп айтты”, - дейт Светлана.  

Түңкүсү унаалар дагы деле келип жатат. 

Бир киши анын үй-бүлөсү ракеталардан гана качпаганын айтты: “Адамдар жоголуп жатышат...Бул чындык. Херсондо кечинде көчөгө чыгышпайт”. 

Акыркы күндөрү түштүк фронтто эки тараптан тең аткылоо коркунучу күч алды. 

Николаевде адатта таңкы саат төрт чамасында жардыруулар башталат: оккупацияланган аймак бул жердин түштүгүнөн ушунчалык жакын болгондуктан, ракетанын биринчи соккусунан кийин эле аба тревогасынын сиренасы жанат. 

Мен бир жолу эртең менен өзүмдүн мейманканамдын жер төлөөсүндө жашынып жатып, шаарда кеминде 20 жардыруу болгонун санадым. Айрымдары ушунчалык жакын болгондуктан, имарат солкулдап жатты. Коменданттык саат аяктагандан кийин, биз мектептин жанындагы урандыларды таптык, балдар аянтчасындагы селкинчектер талкаланган спортзалдан боз чаңга толуп калган.

Украин тараптын чабуулдары да көбөйдү: сан жагынан дагы, күч жагынан дагы. Аймакка жеткирилген батыш куралдары кырдаалды өзгөртүп жатат.

Херсондун тургундары орустардын ок-дары кампасына болгон бир нече соккуларга күбө болушкан. Орусиялык жабдуулардын жолун жаап салуу үчүн Днепрдеги көпүрөлөргө, анын ичинде Антоновскийге да сокку уруп жатышат. 

Балким жакында Херсонго контрчабуул башталат.

Саша шаарда калгандардын көбү согушууга даяр экенине ишенет. Мен сүйлөшкөн тургундардын айтымында, шаарда орус аскерлерин колдогондор өтө аз, ал эми акыркы айлардагы тинтүү, камакка алуу жана ур-токмокко алуулардан кийин алардын саны мындан да азайды. 

“Украин армиясы контрчабуулга өткөндө эл даяр болуп, жардам берет”, - деп жыйынтыктады ал. 

Олег туткунда башынан өткөргөн бардык окуялардан кийин партизандардын катарында өз шаары үчүн согушууга түштүк фронтко кайтып келди. 

“Аймакты басып алууга болот, бирок элди басып алууга мүмкүн эмес, - дейт ал. - Ал жерде орустар эч качан коопсуздукта болушпайт. Анткени эл аларды күтпөйт, каалабайт. Эл аларды жакшы көрбөйт жана буга чыдабайт”. (ЕВ)

 

Сүрөттөр: Сара Рейнсфорд