Зеленский: Путин шайлоого чейин согуштагы ийгиликтерди көрсөткүсү келет

Published

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда Орусиянын президенти Владимир Путин шайлоого катышуу ниетин жарыялоодон мурун согуш талаасындагы ийгиликтерди көрсөтүүгө умтулуп жатканын айтты.

Шайлоо күнү декабрда белгиленип, 2024-жылдын мартында болот деп күтүлүүдө. Шайлоону өткөрүү боюнча чечим кабыл алынганга чейин Путин дагы бир мөонөткө барар-барбасы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

“Биз түшүнүшүбүз керек, Путин азыр баарына даяр, ал конкреттүү саясий максатты көздөп жатат. Ал декабрдын биринчи жарымында кандай гана болбосун бир натыйжа көрсөткүсү келгендиктен, өз элин каалаганча өлүмгө түртүүгө даяр. Андан соң, ал өзүнүн шайлоосун жарыялоону пландап жатат. Орусия Бахмуттун жанындагыга караганда Авдеевканын тушунда өз аскерлерин да, техникасын да өтө тез жана көп санда жоготуп жатат. Алардын бул чабуулуна туруштук берүү абдан кыйын болууда”, - деди Зеленский.

Буга чейин Зеленский да, Украинанын аскер командачылыгы да орус жоокерлери бир эле учурда бир нече багытта чабуулун күчөткөнүн белгилешкен.

“Авдеевка, Купянск, Бахмут. Ошондой эле түштүк багыттары. Орустардын, өзгөчө Донецк аймагындагы чабуулдары абдан катуу болууда”, - деди Зеленский кайрылуусунда.