You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Газада конфликт жалбырттап атканда, Украинада эмне болуп жатат?
- Author, Катерина Хинкулова
- Role, BBC World Service
- Published
Ноябрь айынын башталышы менен Украина акыркы 24 сааттын ичинде дээрлик 120 объектиге сокку урулганын, бул жыл башынан берки эң ири чабуул болгонун билдирди.
Ал арада дүйнөнүн көңүлү Газа менен Израилге бурулуп турат. Учурда Украина дүйнөлүк колдоонун азайып кетишинен коркуп жатат.
Өнөктөштөрүнүн аскерий жана каржылык колдоосу болбосо, Киевдин согуш талаасында Орусияга каршы туруусу жана Украинанын шаарларынын абадан коргонуусун камсыздоо начарлап кетмек. Келгиле, Орусия-Украина фронтунда өткөн айдагы айрым негизги окуяларга токтололу.
Алсыраткан согуш
Көптөгөн талдоочулар кайсыл тарап узак убакыт бою жоготуулардын ордун толтура алса, ошол тарап акыры согушта жеңет деп айтышат.
Украинанын башкы командачысы Валерий Залужный да "алсыратуучу согуш жүрүп жатканы" тууралуу айтты.
"Биринчи дүйнөлүк согуштагыдай эле, биз жаңы технологияны жарыша колдонуп отуруп, акыры туңгуюкка кептелдик", - дейт ал Улуу Британиянын алдыңкы Economist басылмасына.
Ал Орусия басып алган аймакты кайтарып алуу үчүн беш айга созулган контрчабуулдарда украин аскерлери 17 чакырым гана алга жыла алганын айтты.
Учурда Орусия Украинанын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган аймагынын 17,5%га жакынын көзөмөлдөп турат, бирок 2023-жылы фронт сызыгында анча деле маанилүү өзгөрүү болбойт корүнөт.
Соңку апталарда Украинанын чыгышындагы Авдиевка шаарынын айланасында салгылашуулар күчөп, эки тарап тең чоң жоготууларга учураган, бирок жылыш болгон эмес. Британиянын Коргоо министрлиги Орусия 2023-жылы Авдиевкада эң оор жоготууларга учураган болушу мүмкүн деп эсептейт.
Андан ары Генерал Залужный эки тарап тең каршы тараптын эмне кылып жатканын көрүүгө мүмкүндүк берген өнүккөн технология менен жабдылганын айтып берди. Натыйжада, дейт ал, эч бир тарап алга жылып, максатына жете албай жатат.
Ал өнөктөштөрүн Украинаны мындан да так куралдар, артиллерияга каршы каражаттар жана миналарды тазалоочу жабдуулар менен, анын ичинде робототехника менен камсыз кылууга чакырды.
АКШ жана Украина
АКШ Конгрессинде жаңы спикер шайлангандыктан Украинага жаңы курал-жарак берүү жана каржылык колдоо көрсөтүү кайра кароодон өтүп жатат. Бул анын жеткирүү мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн.
25-октябрда спикерлик жогорку кызматка Луизиана штатындагы республикачылардын өкүлү Майк Жонсон шайланды.
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Конгресстен Украинага 61 миллиард долларлык жардамды камтыган 106 миллиард долларлык каржылоо пакетин кабыл алып берүүнү суранган.
Жаңы спикер АКШнын Израилди колдоосуна артыкчылык берип, АКШ Путиндин Украинада үстөмдук кылып кетүүсүнө жол бергиси келбейт, бирок ал азыр Израил менен болушу керек деп билдирген.
Майк Жонсон Украинага мындан аркы жардам көрсөтүүнү колдоорун айтып, бирок Ак үй бөлүнгөн каражаттар боюнча отчет бериши керектигин жана максаттар так болушу зарылдыгын белгиледи.
Киевдин башкы коопсуздук кызматынын башчысы Алексей Данылов: "Биз жардам тууралуу бардык маалыматты бергенге даярбыз, эч кандай жашыруун нерсе жок", - деди.
Ошентсе да, кошумча жардам бекитилгени менен, алар кечиктирилип, ал арада согуш талаасында дагы жоготуулар болушу ыктымал.
АКШ конгрессинин айрым мүчөлөрү Украинага берилчү жардамды кыскартып, аны Тайванга бургусу келерин билдиришкен.
Президент Зеленский АКШ менен Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Киевди Москва менен сүйлөшүүгө үндөп жатат деген маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүн четке какты.
"Менин буга карата көз карашымды баары билет, ал украин коомунун көз карашына шайкеш келет... ЕБ же АКШ лидерлеринин бири дагы (мага сүйлөшүүгө бар деп) басым жасаган жок", - деди ал Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен менен 4-ноябрда Киевде өткөн биргелешкен маалымат жыйынында.
Ал Орусия менен сүйлөшүүлөр болгонун четке кагып, бирок Жакынкы Чыгыштагы согуш дүйнөнүн көңүлүн Украинадан ошол жакка буруп жатканын ырастады.
Президент Зеленский жогорку генералынын өтүнүчүн кайталап, глобалдык өнөктөштөрүн - "АКШ, Европа, Азияны" Украинага жардам берүүнү улантууга чакырды, анткени Киев демократия сыяктуу "орток баалуулуктарды коргоп жатат" деди.
Америкалык NBC медиасына берген маегинде ал альтернатива өтө кооптуу экенин айтты: "Эгер Орусия баарыбызды өлтүрсө, ал НАТО өлкөлөрүнө кол салат".
Украина Орусия басып алган бардык аймактарды, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крымды кайтарып алууга сөз берген.
Москва Украинага кол салуусун "атайын аскердик операция" деп мүнөздөп, агрессивдүү деп эсептеген Батышка жооп катары жүргүзүп жатканын айкан.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков согуш "туңгуюкка кептелген жок" жана орус аскерлери согуш талаасында алдыга умтулууну уланта берет деп белгиледи.
Орусиянын Коргоо министрлигинин күнүмдүк маалыматтарында фронттогу жоготуулар же көйгөйлөр тууралуу кабар жок, анын ордуна Украинанын адамдык жана техникалык жоготуулары көрсөтүлгөн.
Бирок орус аскер блоггерлери Авдиевканын айланасында согушуп жаткан бөлүктөрдү жетиштүү түрдө даярдап, колдоо көрсөтпөгөнү үчүн орусиянын командирлерин катуу сындашууда.
Жайкын тургундарга чабуулдар
Кыш жакындап калган Украинада катуу тынчсыздандырган маселелелердин бири - энергетикалык камсыздоо жана транспорт каттамдары сыяктуу негизги жарандык инфраструктурага Орусиянын чабуулдарынын көбөйүшү. Чабуулдардын санынын өсүшү Украинанын абадан коргоонусун оорлотот.
Украина күн сайын артиллериялык, ракеталык жана дрондук аткылоолорго туш болууда. Фронтко эң жакын жайгашкан жана орус артиллериясынын огу жеткен аймактарда адам курмандыктары жана кыйроолор көп.
31-октябрда БУУнун жогорку даражалуу расмий өкүлү БУУнун Коопсуздук кеңешинде "Орусиянын соккулары Украина элине оор азаптарды алып келүүдө жана калктын кырк пайыздан ашууну гуманитардык жардамга муктаж," деп билдирди.
БУУнун гуманитардык кенсесинин координациялоо боюнча директору Рамеш Ражасингхам Орусия 2022-жылдын февраль айында басып киргенден берки соккулардан миндеген жайкын тургундар набыт болгондугун маалымдады.
БУУ расмий турдо 9900 жай тургун набыт болгонун ырастады, бирок ал "чыныгы сан, албетте, андан да көп" деди.
Ошондой эле Украинанын медицина тармагы кыйын абалда кептелди. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму согуш башталгандан бери ооруканалар сыяктуу медициналык инфраструктураларга 1300дөн ашуун чабуул жасалганын тастыктады. Бул сан ошол эле мезгилдеги дүйнө жүзү боюнча бардык кол салуулардын 55%дан ашыгын түзөт.
БУУнун маалыматына ылайык, ушул жылдын сентябрынын башынан бери он үч медициналык мекемеге чабуул жасалып, 111 медицина кызматкери жана бейтап каза болгон.
Дан экспорту боюнча келишим
Өткөн айда украин бийликтери Россиянын чабуулдарына туш келбөө үчүн Кара деңиздин батыш тарабындагы тар коридор аркылуу Румыния жана Болгариянын деңиздеги аймактары менен Түркияга азык-түлүк дандарын жеткире алган.
Мындай жагдай данды чектелүү өлчөмдө гана экспорттоого жол берет. Август айынан бери жаңы каттам аркылуу Украинанын портторунан бир миллион тоннага жакын дан экспорттолгону болжолдонууда.
Толук масштабдуу согушка чейин Украина алты миллион тоннага чейин экспорттогон. Экспорттун азыркы деӊгээли өткөн жылдын Октябрь айындагы экспорттун жарымын гана түзөт, ошентсе да ал кутүлгөндөн жогору болду.