You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Токмак үчүн салгылашуу. Украина чабуулунун негизги максатына жете алабы?
Украин аскердик жетекчилигиндеги Би-Би-Синин булактарынын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулунун негизги бутасы азыр Запорожье облусундагы Токмак шаары болуп саналат. Ал быйыл алынат деген чоң үмүт бар.
"Токмакты алуу бул эң минималдуу максат", - деди 22-сентябрда CNN телеканалына берген маегинде "Таврия" оперативдүү-стратегиялык аскерлер тобунун командачысы, украиналык генерал Александр Тарнавский.
Анын айтымында, максималдуу максат – Украинаны 1991-жылдагы чек араларында калыбына келтирүү.
1991-жылдагы чек араларды калыбына келтирүүнү Украинанын айрым жогорку даражалуу аскер кызматкерлери чабуул баштала электе эле негизги жана ишке ашырса боло турган максат деп аташкан. Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов атүгүл украин күчтөрү Крымга 2023-жылдын жазында кириши мүмкүн деп божомолдогон.
Кийинчерээк, украиндерге чабуул тууралуу пландарын өзгөртүүгө туура келди. Алар ошондой эле жайкы-күзгү кампаниянын алдыңкы жетишкендиги Азов деңизинин жээгине чыгуу болмок деп айтышты. Бул орус армиясын камсыздаган кургактагы коридорду жаап калмак. Бирок эми, ал максаттын жакынкы айларда ишке ашуусу күмөн.
Украин бийликтери чабуул операциясы пландагыдай тез жүрбөй жатканын моюнга алды.
Ал эми Токмакты бошотуунун өзү азыр чабуулдун биринчи этабынын максаты катары каралып жаткандай.
Эмне үчүн бул шаар чабуул операциясынын ийгилиги үчүн ушунчалык маанилүү, аны кантип бошотуу керек жана эмне үчүн бул “минималдуу максатты” аткаруу абдан кыйын болушу мүмкүн?
Кыйын тапшырма
Ошол "минимумга" жетишүү үчүн да Украинанын Куралдуу Күчтөрү көп иштерди жасашы керек. Азыр украинанын жоокерлери Токмактан болжол менен он жети-он сегиз км алыстыкта, "Суровикин линиясы" деп аталган негизги коргонуу тилкесин бузуп өтүштү.
Украин армиясы август айынын аягында Роботино жана Вербовое кыштактарынын ортосундагы биринчи зонаны, же советтик аскер терминологиясы менен айтканда, “алдыңкы тилкени” жарып өтө алган.
Украин аскерлери бир эле учурда бир нече маселени чечиши керек болууда.
Биринчиден, алар Россиянын коргонуусун Новопрокоповка кыштагынын түштүк-чыгышында жана Вербовоенын батышында Очеретоватое багытында жиреп, аракетин улантуулары керек. Ошол эле учурда өздөрүнүн флангын бекемдеп, душмандын коргонуусуна сайылган "шынааны" кеңейтүү да бирдей маанилүү.
Би-Би-Синин Украинанын аскерий жетекчилигиндеги булагынын айтымында, азыр көп аракеттер ошол жарып өткөн жердин “мойнун” кеңейтүүгө багытталууда. Азыр ал моюндун эң кенен жери болжол менен он километр, эң кууш жери төрт-беш км.
Чындыгында, флангдарды коопсуз кылбаса, орус аскерлери күч топтоп, жарып өткөн жерде турган украин бөлүктөрүн курчоого алуу үчүн чабуулга өтүшөт. Орусиялык десантчылар акыркы жумаларда Копани жана Вербовое кыштактарына жакын жерде мындай аракеттерди жасашкан, бирок натыйжа чыккан эмес.
Би-Би-Синин булагынын болжолунда, Токмакка чейинки акыркы он беш чакырым Украинанын быйылкы чабуулунун “эң катаал” бөлүгү болушу мүмкүн.
Соода жолдорундагы чеп жана шаар
Келерки жылдын 20-сентябрында Токмактын түптөлгөнүнө 240 жыл болот, бирок бул аймактын дээрлик миң жылдык тарыхы бар. Узак убакыт бою Токмак шаары турган жер түндүк Азовдун кең талааларынан ири державаларды бөлүп турган чек ара болгон.
1103-жылы дал ушул жерде Киев Русунун княздары Владимир Мономах жана Святопольк Изяславовичтин аскрелери менен көп сандагы половецтер (кыпчактар) ортосундагы атактуу салгылашуу болуп өткөн. Половецтер толук талкаланган. Ал жеңиш чек араларды бекемдеп, ошол кездеги байыркы орус мамлекетинин күчүн бир топ чыңдаган.
Андан кийин узак убакыт бою Таврид талаалары Крым хандыгына караштуу болуп, 18-кылымдын аягында Россия империясынын курамына кирген.
Болжол менен ушул мезгилде Молочная дарыясынын төмөнкү агымында жана анын куймасы Токмачкиде Полтава областынан чыккан келгиндер Токмак шаарын негиздешкен. Шаардын аталышынын түбү татар-монгол тилине барышы мүмкүн. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул сөз “соку”, “салгылашуу” же “согуш болгон жер” деген маанини туюндуруп, “тамактанган, курсагы ток” дегенди да билдириши ыктымал.
Кандай болгон күндө да, кийинки кылымда Токмак согуштук салгылашуулардын жери катары эмес, атактуу Чумак кан жолундагы маанилүү соода борбору катары атак-даңкка ээ болду. Чумактар (16–19-кылымдарда азыркы Украинанын жана Түштүк Россиянын аймагында жашап, соода-сатык менен алектенген элдер) Азов жээгинен түндүккө карай балык менен тузду дал ушул Токмак аркылуу ташып турушкан.
20-кылымдын башында Токмакта ири темир жол станциясы курулуп, шаар Украинанын түштүгүндө маанилүү транспорттук түйүндүн ролун ойной баштаган. Темир жол Токмакты Запорожье, Крым жана Донецк менен байланыштырат, автомобиль жолдору болсо Мелитополь, Бердянск, Полог, Васильевка жана Орехово шаарларына алып барат.
2022-жылдын 24-февралында Крымдан чабуул баштап, Мелитопольду ээлеген орус аскерлери Токмокту тез эле басып алып, чеп шаарга айландырганы таң калыштуу эмес.
Спутниктен тартылган сүрөттөрдөн шаарга жакындаган жерлерде күчтүү коргонуу чептерин, атап айтканда, "ажыдаардын тиштери" деп аталган - танкка каршы бетон тосмолорун көрсө болот. Ал эми шаардын өзүнүн бардык периметри орус аскерлери тарабынан танкка каршы аңдар менен курчалган.
Согушка чейин Токмактын калкы 30 миңдей киши болгон. Оккупацияланган шаарда канча адам калганы белгисиз. Токмак шаарынын мэри Игорь Котелевский табышмактуу жагдайда каза болуп, 2022-жылдын май айында өзүн-өзү өлтүргөн болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Ал шаарда калган, бирок орус аскерлери менен кызматташуудан баш тарткан.
Токмакты кантип бошотуу керек?
"Көчө салгылашууларын болтурбоо үчүн, Токмакты чабуул менен албоо үчүн (Украинанын Куралдуу Күчтөрү - ред.) айланма маневр жасоону пландап жатышат, ошондо орустар өздөрү артка чегиниши керек. Баары азыр ал жакта турган аскерлердин чыдамдуулугуна жараша болот." - деп түшүндүрдү Би-Би-Синин украиналык кабарчысына аскерий талдоочу жана тарыхчы Михаил Жирохов.
Талдоочу украин командачылыгы ачык эле шаарды флангдардан курчап, Токмактын жанындагы негизги каттамдарды, анын ичинде Пологи жана Бердянскка баруучу жолдорду кесүүгө ниеттенип жатканына көңүл бурат.
Анын пикиринде, Токмакты мобилизацияланган орус аскерлери кармап турган болсо, алар Украинанын куралдуу күчтөрү шаарды жарым курчоого алып жатканын түшүнгөндө, позицияларын таштап кетиши мүмкүн.
Бирок, эгерде Токмакты орустун кадрдык аскерлери коргосо, анда шаарга жакын жерде абдан оор салгылашуулар болушу мүмкүн.
"Ал жерде абдан күчтүү чеп-тосмолор бар", - деп белгилейт талдоочу.
Азыр Украинанын куралдуу күчтөрү Новопрокоповка жана Вербовое айылдарынын ортосунда Токмак - Пологи жолуна карай жылып баратышат. Томакка чейин 6-7 чакырымдай калды.
Бирок бул жолдо дале орус аскерлеринин колунда турган бийиктиктер бар экени кырдаалды курчутат. Австриялык аскерий байкоочу Том Купер белгилегендей, украиндер буга чейин бир нече жолу ал бийиктиктерди алууга аракет кылышкан, бирок орус аскерлери аларды өз көзөмөлүнө кайтара алышкан.
Токмак шаарынын өзү 40 км түштүк-батыш тарапта стратегиялык маанилүү Мелитополь сыяктуу эле ойдуңда жайгашкан.
Михаил Жирохов эгер Украин армиясы резервдерин сактап калган болсо, украин бөлүктөрү Новопрокоповка менен Вербовдун ортосундагы “Суровикин линиясын” басып өткөндөн кийин Токмакты курчоого алуу үчүн согушка киргизилиши мүмкүн деп эсептейт.
Мындан негизги суроо пайда болот: ошол резервдер барбы жана алардын саны канча?
“Канча резерв бар экени белгисиз. Эгерде Украин Куралдуу Күчтөрүндө запастагы бригадалардын үчтөн бир бөлүгү дале бар болсо, анда мындай ийгиликке жетишүү мүмкүн. Бирок бул бир гана алдыга жылуу болот, анткени, тилекке каршы, жайкы салгылашууларда резервдердин бир өлүгу бөксөрүп калган”, - деп болжолдойт Жирохов.
Эмне үчүн Токмак мынчалык маанилүү?
Токмак - Запорожье облусунун Орусиянын карамагында калган ири шаарлардын бири. Мелитополь (согушка чейин 150 миңге жакын калкы бар) жана Бердянск (110 миң калкы бар) да орус аскерлери тарабынан оккупацияланган, бирок алар фронттун линиясынан алыс жайгашкан, анждыктан жакынкы келечекте аларды бошотуу тууралуу сөз боло элек.
Бирок Токмак орус аскерлери үчүн транзиттик пункт жана негизги транспорттук түйүн болгондуктан да маанилүү. Анын бошотулушу Мелитополго жол ачат.
Оккупацияланган Крымдан Орусиянын Ростов-на-Дону шаарына кеткен автомагистраль да ушул шаар аркылуу өтөт. Орустар үчүн альтернативалык жол болгон Керч көпүрөсү украиндер тарабынан мезгил-мезгили менен аткыланып тургандыктан, бул магистрал жаңжалдын эки тарабы үчүн тең стратегиялык жактан маанилүү.
Эгерде Украинанын Куралдуу күчтөрү Токмакты бошото алса, анда ал ушул жылдын эң чоң ийгилиги болот, дейт Жирохов.
“Токмак – тогуз жолдун тоомунда турган шаар, бул абдан маанилүү стратегиялык пункт”, - деп белгилейт ал.
Донбасстан Азов жээгине чейинки кургак менен кеткен коридорду толугу менен кесип салуу пландарына келсек, аны аткаруу Украина үчүн дагы эле өтө оор, дейт “Маалыматтык каршылык” тобунун аскерий байкоочусу Константин Машовец.
“Ошондуктан (ошол коридорду – ред.) кысмакка алуу чечими кабыл алынган. Бул, мисалы, Керч көпүрөсүнө системалуу чабуулдарды жасоо жана Крымдын жээк бойлой кеткен трассасын (Жанкой – Ростов шоссесин) эффективдүү аткылоого алуу сыяктуу тапшырмаларды аткарууга мүмкүндүк берет”, - деди эксперт. Украинанын 5-каналы.
Машовец ошондой эле белгилүү тыныгуудан кийин 23-24-сентябрда Украинанын Токмак багытындагы чабуулу кайра башталат деп Орусия күткөн эмес деп эсептейт. Анын айтымында, украин жоокерлери Новопрокоповканын түндүк четинен жана Вербовойдун батыш четинен душманды артка кайтарууга жетишкен.
"Бул душман үчүн күтүүсүз болду, анткени ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн оперативдүү-тактикалык тобунун күчү түгөнүп калды деп ойлогон эле".
Бирок согуш майданындагы абал андай эмес экенин көрсөтүп турат, украин армиясы Токмакка карай чабуулун улантууда.
Согушту изилдөө институтунун (ISW) америкалык аналитиктери белгилегендей, орус армиясы болсо бул аймакка кошумча күчтөрдү кайра жайгаштырды. (DO)