"Ыза болуп ыйладым". Ошто дыйканга кол көтөргөндөргө кылмыш иши козголду

4-июль күнү Ош шаарындагы базарлардын биринде сатуучулар менен дыйкандын ортосунда жаңжал чыгып, анын видеосу социалдык тармактарга кеңири тарап, кызуу талкууланууда. Сабалган дыйкан он жыл миграцияда жүрүп кайтканы, бир жыл мурун мекенине кайтып, кулпунай өстүрүп баштаганы белгилүү болду. Ал эми ага кол көтөрдү деген төрт соодагерге карата "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ур-токмокко кабылган 36 жаштагы Сталбек Курбаналиев кулпунай өстүрүп сатат. Ал Би-Би-Сиге курган маегинде токмок жегенден кийин абдан ыза болгонун айтып берди:
"Нес болуп, эч нерсени сезбептирмин. Кечээ өзүмдү видеодон көрдүм. Блогерлер "алты сокку, жети сокку" деп, видеону жайлатып чыгарып коюптур. Ошону көрүп, аябай зээним кейип ыйладым. "Ушунчалык болдубу? Ушунчалык шерменде болдумбу? Элдер көрсө эмне дейт?" деп өзүмө өзүм боорум ачыды. Дээрлик бир сааттай ыйладым. Ошондой болот экен да, маңдайга жазылганын көрөт экенбиз да. Кыргыз элим бар экен, колдогондорго рахмат".
Сталбек Курбаналиев буга чейин дээрлик 10 жылдай Орусияда мигрант болуп жүргөн. Ал бир жыл мурун мекенине кайтып, топтогон каражатына кулпунай эгип, дыйканчылык кыла баштаган. Азырынча кирешеге чыга элекмин дейт:
"10 жылдай Орусияда жүрдүм. Ата-энем каза болуп калып, айылда эч ким болбоду. Орусиядан кайтканда 600-700 миң сомдой акчам бар эле. Интернеттен кулпунай эккендерди көрүп, мен дагы өстүрүп көрөйүн дедим. Үй-жай кылайын деген максатта. Инимдин үйүнө келдим. Инимден "атамдын үйүнүн алдына дыйканчылык кылайын дедим эле кандай дейсин" десем макул болду. Ынтымакташып жашап жатабыз. Бул инимдин үйү. Өзүмдүн үйүм жок".
Окуя болгон учурда Сталбек Курбаналиевдин жубайы Аяна Биймырзаева унаада отурган. Кийин жолдошун көрүп чочуп кеткенин айтып отурду:
"Футболкалары жыртылып, беттери кызарып, тытылып барды. Азыр да айыгып калган учуру. Ошол учурда мен аябай ыйладым. Көпчүлүк деген баары бир көпчүлүк экен. Бирок мен баарынан да видеого тартып койгон акеге ыраазымын. Видео болбогондо булар бизди эмне кылмак билбейм. Ошол видео сактап калды бизди".
Ал эми окуяга тиешеси бар соодагер аялдар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин алар Оштогу блогерлердин бирине жаңжал боюнча өз пикирин айтышкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мына бул кыз эки ящик клубникасын арыраак алып койсо, муну тээп салды. Анда уруш баштала элек болчу. Биз кулпунайын эле четке алып койсок, ошондон улам өзү асылды бизге, сөгүндү. Оозу балит бала экен. Жөн эле кулпунай сатып жаткан баланы жөн эле эч ким урбайт да, туурабы?
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда окуяга тиешеси бар адамдар суралып, тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш ишин козголду.
Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар делген үч соодагер кармалып, кылмышка шектүү катары айып угузулду. Алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми дагы бир соодагердин жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, үй камагына бошотулду. Учурда окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоо үчүн тергөө амалдары улантылууда.
Бул окуядан соң Ош шаарынын мэри Жанар Акаев дыйканга базардан атайын орун бергени маалым болду.
































