You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Үгүт маалында сакталбаган эреже”: коронавирус октябрда кайра күчөйт
Шайлоого саналуу күндөр калганда Кыргызстанда коронавирустун жайылуу темпи жогорулай баштады. Өзгөчө Ош жана Баткен облустарында вирустун жаңы аныкталган учурлар көбөйдү.
Саламаттыкты сактоо министрлиги үгүт өнөктүгү маалында партиялар эрежелерге баш ийбей, көп сандагы кишилерди чогултуп жатканына тынчсызданууда. Ал ортодо күз келип, той-аштын да сезону башталды.
“Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизинен тойлордо көп киши чогулууда. Кафе-ресторандарга барып тойлордун алдын алуу чараларын көрүп, эскертүүлөрдү берип жатабыз. Протоколдор түзүлүүдө ”,- деди Кадамжай райондук милициясынын өкүлү Хайрулло Бердалиев.
Соңку аптада коронавирус боюнча Баткен облусу алдыга чыгып, дүйшөмбүдө аймактык штаб облус ичинде транспорт каттамын убактылуу чектеп, мечит, дүкөн мал базарларды жаап, өзбек жана тажик жарандарын ПЦР тесттин негизинде гана киргизүү чечимин кабыл алган. Бирок Республикалык штаб ал чектөөлөрдү кайра алып салды.
Буга жергиликтүү тургундардын суранычы себеп болгон.
Соңку суткада Баткенде вирус 55 адамдан аныкталды, бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч. Андан кийин эле оору тез жайылып жаткан аймак – Ош облусу, бир суткада 33 кишиден вирус тастыкталды.
Кыргызстан боюнча 167 адамда COVID-19 жаңы аныкталды.
Соңку бир ай Кыргызстанда үгүт өнөктүгү жүрдү. Тилекке каршы, Республикалык штабдын кишилердин санын чектөө, социалдык аралыкты сактоо, беткап кийүү талаптары партиялардын да, шайлоочулардын да көңүл сыртында калды.
“Партиялар азыр үгут иштерин жүргүзүп жатпайбы. Өкүнүчтүүсү көп учурда санитардык коопсуздук чараларын колдонбой келгенин биз көрүп жатабыз. Текшерүүдө да аныкталууда. Биз үгүт жүргүзүп жаткан штабдарга барып атайын эскертүүлөрдү бергенбиз. Айрымдары аткарбай, аларга айып пул салганга да мажбур болуп жатабыз. Миңдеп адамдарды чогултуп, маскасы жок, аралыкты сактабай өтө тыгыз контакт болуп атышат”,- деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш жарыялаганы белгилүү болду.
Сөгүш "мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес" деген негизде берилди. Бирок кайсы сатып алуу чоо-жайы такталган жок.
Боронов оорунун жайылышына жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарынын ишин сындап жатат. Ал ортодо айрым эксперттер Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунунун фазасына кирип бара жатканына тынчсызданууда.
Айбар Султангазиев өткөндү анализдеп, шайлоо бүтөрү менен эпид кырдаал күчөшү мүмкүндүгүн, бирок анын кесепети июнь айындагыдан азырак болорун болжоп жатат:
“Салыштыралы, жазында 11-майда карантинди жыйынтыктаганбыз, анан 15-июндан тарта оору күчөгөн. Оору туу чокусуна жеткиче бир ай аралыгы кетти. Эми азыркыга салыштырсак, эл эс алуудан чыгып, сентябр менен Бишкекке келе баштады, той-топур көбөйдү. 3-сентябрдан тарта болсо, үгүт иштери башталды. Ошол ченем менен алганда октябрдын башында оору күчөшү мүмкүн. Бизде коронавируска чалдыга электер бар эле. Айылдарда жашаган, талаада жер иштетип, жайлоодо жүргөндөрдү айтам. Бирок үгүт эпидемияны күчөтүп жатат. Бир-эки жумада ооруканалар толуп баштайт. Бир жагынан сасык тумоо, ал эми коронавирус менен кошулса жыйынтыгы начар болот. Бирок бул жолу өлүм азыраак болот деген үмүт бар, себеби, дарыгерлер кантип дарылашты үйрөнүп калышты. Фармкомпаниялар жетиштүү дарыларды алып келди деп ойлойм, эл дагы кайсы дарыларды алыш керек түшүнүп калды”.
Алдыда оорунун массалык жайылуу тобокелчилиги турат. Бул 4-октябрь - добуш берүү күнү. Боршайком шайлоого беш күн калганда эпидемия шартында добуш берүүнүн алгоритмин иштеп чыкты. Ага ылайык, ар бир шайлоо участкасында жарандарга бекер беткап жана кол кап таратылат, биометриканы окуй турчу машиналар ар бир шайлоочудан кийин дезинфекцияланат. Кабиналар 1,5-2 метр аралыкта алыс жайгашып, шайлоо участкасы ичинде тааныштар кол алышып учурашууга тыюу салынат. Имарат ичи ар бир 30 мүнөт сайын 15 мүнөткө шамалданып турушу абзел.
Быйыл “Форма 2” арызы менен менен жарым миллионго чукул шайлоочу добуш бергени жатат. Шайлоочуларды партиялар жоон тобу менен бир аймактан экинчи аймакка ташууда дагы вирус жайылуу тобокелчилиги бар дейт адистер. EKa