Венгрияда коменданттык саат, мектептер, ресторандар жабылды

Published

Венгрияда коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн түнкү убакта коменданттык саат киргизилди, орто мектептер, барлар жана ресторандар жабылды. Бул өкмөт киргизген чектөө чараларын айрымдары гана. Соңку убакта коронавирус бул өлкөдө күчөп жайылып баштады.

Будапешттен Би-Би-Си кабарчысы Ник Торп билдиргендей, шейшембиде кечинде Будапешттин көчөлөрү жаштарга толуп чыкты. Алар коменданттык саат кирер алдында ээн-эркин сейилдеп алышты.

Шаршембиден тарта барлар, кафе-ресторандар, театрлар, машыктыруучу залдар баары жабылды. Орто мектептер менен университеттер онлайн окууга кайра көчүштү.

Ал эми бүт эл кечки сегизден таңкы саат бешке чей ин үйдөн чыкпаш керек. Эгер алар жумушка бараткан же кайтып келаткан болбосо.

Бул чаралар премьер-министр Виктор Орбан тарабынан инфекциянын жайылышын ооздуктоо үчүн киргизилди.

Венгрияда коронавирустан болгон өлүм-житимдин жогорку деңгээли Европада Чехия менен Белгиядан кийинки эле орунга чыкты.

Премьер-министр биринчи жолу эгер оорунун жайылыш деңгээли жогору боло берсе, оорулууларды караганга дарыгерлер, медициналык кызматкерлер жетишпей калышы мүмкүн деди.

Күн сайын төрт миңден беш миңге чейин адамдан коронавирус табылууда. Азыркы учурда вирус жугузуп алган алты миңден ашык оорулуу ооруканада жатат. (КС)