You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Воронцовкада 4-5 күндө айыгып чыккандардын саны көбөйөт"
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Бишкек менен анын тегерегинде эпидемиологиялык абал оорлоп, ооруканалар тартыш болууда. Кошумча орундуктар түзүлгөн мекемелердин бири Улуттук курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институту (Воронцовка). Ага оор абалдагы пневмония менен ооругандар жаткырылууда.
Би-Би-Си мекеменин директору Марат Сагымбаев менен маектешип, адегенде ал жердеги жагдай тууралуу сурады.
Марат Сагымбаев: Биринчиден биздин клиника ыйык, бийик жерде жайгашкан. Таш-Дөбө айылы кудайым сүйгөн айылдардын бири. Экинчиден, бул курортологиянын 50 жылдык чоң тажрыйбасы бар. Ынтымактуу чоң жамаат иштейт. Азыркы шартка жараша тапшырма алганбыз. 25-июнда өкмөт өкүлдөрү келип, кыдырып көрүп кетишкен. Блоктун жарымын пневмония болуп ооругандарга жабышты. 26-июндан тарта толук ушуну менен иштеп жатабыз.
Бул жакта "Aпрель баатырлары", инвалиддер, инсульттан, инфарктан кийин калыбына келтирүү үчүн дарыланып жаткан 200 оорулуу бар. Ал эми пневмония менен 110дон ашыгыраак бейтап жатат. Басымдуусу оор, өтө оор абалдагылар да бар. Бирок өкмөттүн, президенттик аппараттын, министрликтин жардамы менен дарыларын өз убагында алып, карап жатабыз.
Намыс менен иштеп жатабыз. Өзгөчө аялдар белди бек бууп, колдон келген жардамды көрсөтүүдөбүз.
Би-Би-Си: Өткөн аптада сиздердин мекемеде 330 орундук камдалып жатканы кабарланып, бейтаптар ошол эле күнү толуп калганын айтышты. Чыны менен ушундайбы?
Марат Сагымбаев: Беш кабаттан турган алты бөлүмдүн баары биригип 330 орун чыгат. Бирок азыр пневмония менен 110 гана бейтап жатып атат. Анткени мурдагыдай бир бөлмөгө алтыдан киши жаткырбайбыз. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, бир бөлмөгө экиден киши жатты. Ошол бир корпуска 110 киши батты. Бул санэпид режимге жооп берет.
Би-Би-Си: Ошондон бери жакшы болуп чыккандар барбы?
Марат Сагымбаев: Ооба, бирин-экин айыгып чыгып жатышат. Дагы төрт-беш күндө сүйүнүчтүү кабарларды айтабыз. Азыр көп адам оор абалдан орточо абалды көздөй жылыш кыла баштады. Жөтөлдөрү азайып, дене табы калыбына келип, дем алуусу жеңилдеп келатат.
Би-Би-Си: Расмий маалыматта Covid19 өзүнчө, "ковидсиз пневмония " деп өзүнчө бөлүнүп айтылып жатат. Бул анда кандай пневмония?
Марат Сагымбаев: Бизге баары пневмония менен келип жатат. Бирок Covid19 үчүн тапшырган анализи терс чыгып, ал вирус жок деп көрсөтүлгөн.
Би-Би-Си: Анда дарылоо пневмонияны сиздер дайыма дарылап жүргөндөй жол менен жүрүп жатабы?
Марат Сагымбаев: Жок, окумуштуулар кеңеши кандай жол менен, кайсы дарылар менен дарылайбыз деп талкуулап, жыйынтыгын жазып биздин колубузга берген. Дүйнө жүзү колдонуп жаткан ыкмадан багыт алып, биздин илимпоздор иштеп чыккан, Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жолдорду гана сактоо менен дарылап жатабыз. Мурдагыдай дарыламай жок.
Би-Би-Си: Бейтаптарды кабыл алуу шарттары кандай?
Марат Сагымбаев: Ал сыртта түзүлгөн. Биз кайсы жерде канча орун бошогонун билебиз, келгенин ошол жерге алып барып жаткырабыз. Коронавирус бейтаптары болбогонуна карабай, аларды коргоочу кийимдерди кийген кишилер коштоп жүрүп бөлмөгө жаткырат.
Би-Би-Си: Сиздерде бош орун барбы же жокпу?
Марат Сагымбаев: Орун жок. Күндө Cаламаттык сактоо министрлигине эртең менен, кечинде маалымат берип турабыз. Бир да керебет бош турбайт, дароо башка бейтапты жөнөтөт, аны кабыл алабыз.