Түркиядагы жер титирөө: “Балдарыбыздын жок дегенде сөөгүн табууга зарбыз”

Orhan Kosker looking over the rubble of buildings
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орхан Көшкер Газиантептеги урандылардан эки жээни табылбай калып, эси эки болууда.
    • Author, Фунданур Озтюрк, Берза Симсек
    • Role, BBC Түрк кызматы, Газиантеп жана Антакиа
  • Published

Түркиянын түштүк-чыгышы менен Сириянын түндүк аймагында алааматтуу жер титирөөдөн бери жети апта өттү. Түркиялык Орхан Көшкер дагы эле жээнин издеп келет.

13 жашар Исмет менен 9 жашар Сираж Түркиянын Газиантеп шаарында өз үйүндө уктап жатышкан кезде зилзала болду.

Алардын ата-энеси жана эжеси жер титирөөдөн улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Алардын сөөктөрү алааматтуу окуядан 9 күн өткөн соң табылып, урандылардан казылып чыгарылды.

Бирок эки эркек баланын сөөктөрү алигиче табыла элек.

Газиантеп шаары - 2023-жылдын 6-февралындагы алааматтуу жер титирөөдөн запкы жеген түркиялык 11 шаардын бири.

Түркиянын өзүндө эле 50 миңдей киши зилзаладан набыт кетишти. Ал эми Сириянын түрк аймактарына чукул жайгашкан түндүгүндө жана түндүк' батышыраагындагы чөлкөмдө дээрлик 6 миңдей киши мерт тапты.

Түркия үчүн ойрондогуч зилзаланын каржылык кесепети 100 миллиард доллардан ашат деп болжолдонууда.

Жакындарынын сөөктөрүн издөө

Бийликтер жана коомчулук жер титирөөдөн жабыр тарткандарга көмөк кылуу үчүн эбегейсиз зор мээнет тер төгүштү, арийне, дагы эле жүздөгөн үй-бүлөлөр дайынсыз кала берип жаткан жакындарынын тирүү табылышын же сөөгүн казып чыгарууну самап келишет.

Күбөлөрдүн Орхан мырзага айткандарына караганда, анын жээндери байырлап келген үй зилзалада 1-2 мүнөттүк ичинде эле кулап түшкөн. Анда жашаган көп киши качып чыгууга үлгүрүшкөн. Орхан өз жээндери да өз өмүрлөрүн сактап калышты го деп үмүт кылат.

Ismet and Sirac's mother and father
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исмет менен Сираждын ата-энеси жана кыз бир тууганы жер титирөөдө набыт кетишти.

Көмөк көрсөтүү

Жер титирөөдөн кийинки мезгилде урандылардан дээрлик эки миңдей ата-энесиз баланы сактап калууга мүмкүн болду. Алардын кимдиги жергиликтүү бийликтер тарабынан аныкталды. Бул маалыматты Түркиянын Үй-бүлөлүк жана социалдык иштер министрлиги билдирди.

Бирок алардын ичинен дээрлик 200дөй баланын кимдиги алигиче тактала элек. Демек, алар өз жакындарына кайрадан кошула элек.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга жана аларды издеп жаткан жакындарына көмөк кылуу үчүн чукул байланыш телефонун сунуштады.

Орхан мырза жаңыдан кимдиги такталгандардын тизмесинде жээндеринин аттары чыгып калабы деген үмүт менен бул чукул көмөк номуруна күн сайын чалып жаткандыгын айтты. Көмөк борборуна алар өз ДНКларын да тапшырышкан.

"Биз балдарыбыз мерт тапса да, сөөгүн таап, көксөөбүздү сууткубуз келет. Алардын сөөгү табылмайынча аларды издегенибиз издеген. Теңир бизди колдосун", - дейт Орхан.

Азырынча канча киши дайынсыз кала берип жаткандыгы тууралуу Түркияда расмий маалымат жарыялана элек. Бери дегенде 1400дөй кишинин сөөгү кимге таандыктыгы ачыктала элек.

Бир айдан бери дайынсыз

Абдүлкудус Казан аттуу айым өзүнүн Хижран аттуу сиңдисин бар аракетин жумшап издеп келет.

Hicran Karadag shown on photo booth photo print
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хижран Карадаг айым оорукананын сыртында ачык аба астында эки күн калып, жүрөгүнөн кармап өлгөнү анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөн улам ашкереленди.

44 жаштагы Хижран Карадаг айым жер титирөөдөн кийинки сааттарда урандыга айланган батиринен казылып чыгарылган. Аны тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен бойдон өлүү-тирүүлүгү дайынсыз болуп жатты.

Жакындары Хижран айымды издебеген шаарлар дээрлик калбады.

Акыры анын жакындары жер титирөөдөн набыт кеткен дээрлик эки миңдей кишинин сөөгү Антакия шаарынын чет жакасындагы Нарлыжа жергесиндеги көрүстөндө жерге берилгендиги тууралуу каңшаарды угушту.

Орток бейит

Абдүлкудус айым Нарлыжадагы жаңы эле көмүлгөн сөөктөрдүн орток бейитине барды. Мында дайынсыз жоголгон зилзала курмандыктары көмүлгөн.

Workers in white suites walk in Narlica Cemetery
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркияда ири жер титирөөдөн кийин канча киши дайынсыз кала берип жаткандыгы тууралуу ачыктаган расмий маалымат азырынча жок.

Дайынсыздардын сөөктөрүн көмүүдөн оболу бийликтер маркумдардын жүзүн денесин сүрөткө тартып ДНК өрнөктөрүн манжа тактарын алышкан.

Ар бир кимдиги дайынсыз маркумдун номуру мүрзөсүнө илинип коюлган.

Абдүлкудус өз сиңдисин табуу үмүтүндө 1500дөй кишинин сүрөттөрүн иргеп иликтеп чыкты. Ал түгүл ал өлүкканадагы сөөктөрдү да көрүп чыкты.

Акыры ал сөзгө алынган көрүстөндөгү бир сөөктүн ДНКсы өз жакындарыныкына дал келген соң, жеңилдене үшкүрдү.

Өлгөндүгү тууралуу күбөлүккө караганда, Хижран айым жүрөгүнөн кармап каза болгон экен. Ага ооруканада тийиштүү жардам берилген же берилбегендиги алиги күбөлүктө чагылдырылган эмес.

Арийне, күбөлүктө жазылганга караганда, Хижран айым оорукананын сыртында автоунаа токтоочу жайда эки күн бою кала берген экен. Андан соң анын кимдигин дааналап аныктап отурбастан, орток көрүстөндө номурлуу мүрзөгө көөмп салышкан.

Анын эжеси Абдүлкудустун айтымында, дайынсыз кала берген жакындарын издөө өтө оор мүшкүл.

Акыры сиңдиси өзүнчө бейитте жатканын аныктап алган соң, өзү бир оор жүк ийнине түшүрүлгөндөй сезилгенин Абдүлкудус айым жашырган жок.

Ал эми Орхан Көшкер өзүнүн дайынсыз кала берип жаткан эки жээнин издөөсүн алигиче улантууда. (TT)