Рэкетир окуясы: ИИМ тогузун кызматтан алды, толтура кызматкерге сөгүш берди

Сүрөттүн булагы, Mvd.kg
Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтор менен милиция жетекчилери кошо кармалган окуядан кийин, ИИМ областтык милициянын начальниги А. Жумабековду баш кылып, тогуз кызматкерди кызматтан алып, үчөөн ички иштер органдарынан биротоло айдап, ондон ашык жооптуу кызматкерге сөгүш жарыялады.
Кызматтан кеткендер ичинде Нарын областтык милициянын начальниги Жумабеков А.А., ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл областы боюнча начальниги Билдебаев А.Б., ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам өкүлдөрү Э. Токтосун, Б. Асанов, А. Маратбек уулу, Нарын областтык милиция башкармалыгынын ыкчам өкүлү У. Омоков ж.б бар. УКМКнын операциясы убагында кармалган Кочкор райондук милициясынын начальниги А. Абыкеевдин жана анын орун басарларынын жоопкерчилиги соттук кароолордун жыйынтыгы боюнча чечилмей болду. Ошондой эле Кочкор райондук милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги А. Абдыкеев, райондук милициянын тергөөчүсү А. Капаров жана аймактык тескөөчүсү А. Мурзабек уулу ички иштер органдарынан биротоло бошотулду. Жыйынтыгында 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, тогуз кызматкер ээлеген кызматынан, үч кызматкер ИИОнун катарынан бошотулду.
ИИМдин басма сөз кызматы милиция кылмыштуулукка каршы күрөштө коркоктук кылган же уюшкан кылмыштуу топтор менен дос-тууган болуп алган башка райондор боюнча "тазалоо" иштери боло турганын билдирүүдө. Ошол эле убакта УКМК шейшембиде Сузак райондук милициянын кылмышты иликтөө начальнигин жана анын эки кызматкерин кылмышты жаап жашырганы үчүн кармагандыгын кабарлады. 9-декабрда Ырыс айыл аймагынын он адам талап-тоноо кылмышын жасап, бир адам бычак жеп жарадар болгон экен. Райондук милиция бул кылмыш боюнча ооз басырык алып, эч кимди кармаган эмес деп айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Gknb.kg
Кочкордогу рэкетирлер
УКМК 24-декабрда Кочкор районунда атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү ишкерлерге күн көрсөтпөй, салык салып келаткан бандиттерди кармады. Алар менен кошо уюшкан кылмыштуулукту калкалап келген деп райондук милициянын башчысы менен орун басарын кошо кармады.
Көрсө, кафе иштеткен жергиликтүү ишкер аялга бандиттер айына миң доллар салык салганда, милиция кызматкерлери эч кандай жардам бере алышкан эмес. Бермек түгүл, барган милиция кызматкерин бандиттер сабап кое беришкен.
Райондук милиция ишкер аялдын арызын, бандиттердин зомбулук окуясын жаап-жашырууга аракет кылган деп айтылууда.
«РИИБ жетекчилиги кызмат абалынан пайдаланып, кафенин ээсин тийиштүү органдарга арыз менен кайрылбоого көндүрүүгө аракет кылган», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Кандай болгону эми тергөөдөн так болот, бирок бул окуя жер-жерлердеги милициянын башчыларынын борбор менен болгон байланышы чабал экенин, кээ бир жерде тартип коргоочулар өзүнчө бир ээн жердин бөрүсү болуп алганын, ИИМ болсо жер-жерлердеги милиция бөлүмдөрүн жеткиликтүү деңгээлде көзөмөлдөй албай калганын көрсөтүүдө.
Эң кейиштүүсү аймактарда милиция уюшкан кылмыштуу топтор менен коюн колтук алышып кеткен учурлар бар экени ашкере болууда.
ИИМде бүгүн жер-жерлердеги милиция башчылары менен онлайн жыйын өткөрүлүп, Кочкордо болгон окуянын контекстинде курч маанайда сөз болуп, олуттуу чараларды кабыл алынары эскертилди.

Сүрөттүн булагы, Gknb
"Бандиттерге дос-тууган"
ИИМ Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар райондук ички иштер бөлүмү эле эмес, бүт Нарын облусунун милициясынын да жоопкерчилигин катуу карала турганын кабарлаган.
"Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан. Азыркы учурда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынды. Кочкор районунун айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалагына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз",-деди ички иштер министри дүйшөмбүдө болгон жыйында.
Улан Ниязбеков ошондой эле жакынкы арада ар бир ички иштер бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын иши кылдат каралып, кадрдык ротациялоо болорун билдирген:
"Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек. Бир жыл бою айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бердик, эми боло турган коллегияда ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүн, аларга жооп берген башкармалыктардын ишмердигине даректүү бааларды беребиз. Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн". (КС)

































