You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Бандиттерден корккон кызматкерлерге милицияда орун жок"
Кочкор районунда ишкерлерге күн көрсөтпөй келаткан менен рэкетирлер кошо райондук милициянын жетекчилери кармалгандан кийин ИИМ кадр, тартип жана жоопкерчилик боюнча олуттуу чечимдерди кабыл алган жатат.
УКМК 24-декабрда Кочкор районунда атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү ишкерлерге күн көрсөтпөй, салык салып келаткан бандиттерди кармады. Алар менен кошо уюшкан кылмыштуулукту калкалап келген деп райондук милициянын башчысы менен орун басарын кошо кармады.
Көрсө, кафе иштеткен жергиликтүү ишкер аялга бандиттер айына миң доллар салык салганда, милиция кызматкерлери эч кандай жардам бере алышкан эмес. Бермек түгүл, барган милиция кызматкерин бандиттер сабап кое беришкен.
Райондук милиция ишкер аялдын арызын, бандиттердин зомбулук окуясын жаап-жашырууга аракет кылган деп айтылууда.
«РИИБ жетекчилиги кызмат абалынан пайдаланып, кафенин ээсин тийиштүү органдарга арыз менен кайрылбоого көндүрүүгө аракет кылган», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Кандай болгону эми тергөөдөн так болот, бирок бул окуя жер-жерлердеги милициянын башчыларынын борбор менен болгон байланышы чабал экенин, кээ бир жерде тартип коргоочулар өзүнчө бир ээн жердин бөрүсү болуп алганын, ИИМ болсо жер-жерлердеги милиция бөлүмдөрүн жеткиликтүү деңгээлде көзөмөлдөй албай калганын көрсөтүүдө.
Эң кейиштүүсү аймактарда милиция уюшкан кылмыштуу топтор менен коюн колтук алышып кеткен учурлар бар экени ашкере болууда.
ИИМде бүгүн жер-жерлердеги милиция башчылары менен онлайн жыйын өткөрүлүп, Кочкордо болгон окуянын контекстинде курч маанайда сөз болуп, олуттуу чараларды кабыл алынары эскертилди.
"Бандиттерге дос-тууган"
Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар райондук ички иштер бөлүмү эле эмес, бүт Нарын облусунун милициясынын да жоопкерчилигин катуу карала турганы кабарланды.
"Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан. Азыркы учурда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынды. Кочкор районунун айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалагына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз",-деди ички иштер министри.
Улан Ниязбеков ошондой эле жакынкы арада ар бир ички иштер бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын иши кылдат каралып, кадрдык ротациялоо болорун билдирди:
"Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек. Бир жыл бою айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бердик, эми боло турган коллегияда ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүн, аларга жооп берген башкармалыктардын ишмердигине даректүү бааларды беребиз. Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн".
Төрт багыт
ИИМдин басма сөз кызматы жарыялаган маалыматка караганда, бүгүнкү жыйында ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздук кызматына жана жер-жердеги ички иштер башкармалыктарына кылмыштарга жол бербөө жана элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды койду.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары, өзгөчө кырдаалдар, жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге өз алдынча бирдиктүү иш-чаралар уюштурулуп, төрт багытта иш-чаралар жүргүзүүнү буйруду.
- Биринчи багыт: Жарандардын, айрыкча жаш балдардын ар түрдүү кырсыктарга кабылуусун болтурбоо боюнча жаңы жылда жардыргыч заттарды (фейерверктер) колдонуудан оолак болуу, ок атуучу куралдарды бейчеки колдонуудан баш тартуу, уурулук, анын ичинде, мал уурулук, батир уурулугуна жол бербөөгө тиешелүү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча чаралар көрүлсүн;
- Экинчи багыт: Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда, жаңы жылдык балатылар орнотулган шаардык, райондук борборлордо жаш балдардын дайынсыз жоголуп кетүүсүнө жол бербөө, кандайдыр-бир кырсык же коркунуч пайда болсо, ошол замат милиция кызматына кабарлоо, ар бир адам өзүн маданияттуу жана үлгүлүү алып жүрүүсү, жалпыга бирдей болгон коомдук нормаларды туура сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери мезгил-мезгили менен жүргүзүлсүн;
- Үчүнчү багыт: Улуттар аралык жаңжалдарга, айылдар ортосунда же жаштар арасындагы массалык мушташууларга, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жана зомбулуктун бардык түрүнө, коомдук жайларда одоно укук бузууларга, чек-ара чыр-чатактарына, эл арасында жат көрүнгөн окуяларга жол берилбесин;
- Төртүнчү багыт: Укук бузган адамдарды убактылуу кармоо учурунда одоно кемчиликтер болтурулбасын. Административдик жана убактылуу кармоочу жайлардагы камералардын абалы биринчи жетекчилер тарабынан катуу көзөмөлгө алынсын.
Бүгүнтөн баштап жаңы жылдык эс алуу күндөрү аяктаган учурга чейин биринчи жетекчилердин жоопкерчиги күчөтүлдү. Кайсы бир аймакта элдин нааразычылыгын жараткан кемчиликтер же өз милдетин аткаруудан четтеп кетүү фактылары аныктала турган болсо, анда ошол жерге жооптуу болгон биринчи жетекчилерге карата катуу чаралар көрүлөт. (КС)