You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзбекстан: Мугалимди башка ишке жумшагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат
Өзбекстанда президенттик аппараттын сектор башчысы Саида Мирзиёева мугалимдерди тикелей милдетинен алаксытып, ар кандай башка иштерге мажбурлаган жетекчилер кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Президенттин аппаратынын коммуникация жана маалымат саясаты боюнча сектор башчысы мугалимдерди мыйзамдык коргоо зарылдыгына биринчи интеллектуалдык олимпиаданын жабылышында сүйлөгөн сөзүндө токтолду.
«Мугалим бүгүн акимдердин иш чараларында кызматчы, үйлөрдү кыдырып статистика чогулткан бекер кызматкер, садовник, тазалагыч, мектепке келген комиссияларды тейлеген официант, ар кандай кызыксыз иш чараларда залды толтурган «массовка». Муну өзгөртүүгө убакыт келди. Биздин президент айткандай, бардык маселелерин өзөгү - билим берүүдө. Анын түркүгү - мугалим жана дагы бир жолу мугалим! Биз мугалимдердин барк-баасы, кадыр-баркы жогору болгон коомду курушубуз керек»,-деди Саида Мирзиёева.
Президенттин кызы мугалимдерди кесиптик милдетинен башка иштерге мажбурлагандар кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылышы керек деп билдирди. Бул үчүн тийиштүү мыйзам долбоору даярдалып, жакында кабыл алынмакчы.
Мугалимдерди жогору жактагы чоңдор ар кандай чарбалык иштерге каалаган учурда жумшап пайдаланган административдик аша чапкан көрүнүш Өзбекстанда совет доорунан мураска калган. Эми бул көйгөйдүн жогорку деңгээлде ачык айтылып жатканы өлкөнүн өзгөрүүгө умтулуу ниетинен кабар берет.
Айтмакчы, Саида Мирзиёеванын сөзүнө постсоветтик башка мамлекеттерде да реакция болду. Мугалимдерди административдик кысымдан куткаруу Россияда да актуалдуу маселе катары Мамлекеттик Думада көтөрүлүп, 2023-жылды педагог жылы деп жарыяламакчы болуп жатышат.
Ал эми Кыргызстанга келсек, мугалимдерди бекер күч катары колдонуу Өзбекстандагыдай деңгээлде эмес, бирок жергиликтүү бийлик органдары мектептерди билим берүүдөн башка иштерге пайдаланган учурлары жок эмес,-деди Би-Би-Сиге коомдук активист Алмаз Тажыбай
"Бишкекте мугалимдерди ишембиликте колдонушат, шайлоо убагында шайлоо комиссияларынан курамында көбүнчө мугалимдер иштейт. Шайлоо участкалары көбүнчө мектепте болот да. Бирок ар кимдин өз ыктыяры менен, анткени акча төлөп беришет да. Ишембилик деген жалпы улуттук өнөктүк болсо бир жөн, андан тышкары эле биз билебиз көл жакта чоң делегация өтүп бараткан учурда мугалимдерди чыгарып, таштандыларды тазалатат жергиликтүү бийлик. Ар кандай акциялар болсо да колдонууга аракет кылышат. Бирок соңку эки-үч жылда пандемиядан бери алганда аз болуп калды. Бирок ар кандай өкмөттүк чогулуштарда зал толтурууга мектепке разнарядка бере беришет".
Ошол эле убакта мектептин сыртында эле эмес, ичинде дагы мугалимдерге ашыкча жумуштарды жүктөп таштаган учурлар кездешпей койбойт.
"Мугалимдерди мектептин ичинде ремонт иштерине, бир нерселерди сатып алуу сыяктуу иштерге завхоз кылып жумшашат. Ошондой жумуштарды айрыкча класс жетекчилердин, завучтардын мойнуна илип коюшат".
Агрессиядан коргоо
Кыргызстанда мугалимдерди башка иштерге мажбурлоодон мурда аларды окуучулар менен ата-энелердин агрессиялык аракеттерине коргоо актуалдуу маселеге айланды. Мектептерде окуучулар менен мугалимдердин ортосунда конфликттер чыгып жаткандыктан, Жогорку Кеңеште биринчи жолу мугалимди ар кандай мазактоодон, агрессиялык аракеттерден коргоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып каралууда.
Аны сунуштаган депутаттардын жүйөсүндө, мектепте мугалимдерге орой, адепсиз окуучулар эле эмес, алардын ата-энелеринен да коргонууга туура келип жатат дешет. Натыйжада мугалимдердин өз кесибинен көңүл калып, мектептен кеткен учурлар болуп атканын айтышат.
"Бул жерде жоопту балдар албайт, анткени баш мыйзамда ар бир балага жооптуу ата-эне деп жазылып турат. Ошонун негизинде эгерде бала мугалимге ыдык көрсөтүп, шылдыңдап, сөгүп, кол көтөргөн учурда ата-энеси, эгер ата-энеси чет жакада жүрсө, аларды караган адам жооп берет. Биз муну зарылчылыктан чыгардык. Бүгүн биз мугалимди кордосок, эртең мамлекетибиз кор болот",-деди Би-Би-Сиге Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо.
Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын туура тарбиясы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө чараларды караган толуктоолорду билим берүү мыйзамына сунуштаганын билдирди. (КС)