Индияда зордуктоонун курмандыгы болгон кыздын апасынын жалындуу күрөшү

Asha Devi celebrates with her neighbours after the four convicts were hanged on March 20, 2020 in Delhi

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аша Деви 2020-жылдын 20-мартында Делиде кызын зордуктагандар дарга асылганда кошуналары менен адилеттик орногонуна кубанууда
    • Author, Гита Панди
    • Role, Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы, Дели
  • Published

Мындан он жыл мурун Индиянын борбору Делиде жигити менен жүргөн жаш кызды автобуста топтошкон зөөкүрлөр мыкаачылык менен зордуктап, аларды өлдү деп ойлоп жолдун четине ыргытып салышкан. Оор жараат алган кыз ооруканада каза болгон. Ал ооруканада өмүр үчүн күрөшүп жатканда ЖМКлар аны "Нирбая" (эр жүрөк) деп аташты.

Бул каргашалуу окуя дүйнөлүк ЖМКларда чагылдырылып, бир нече жумага созулган нааразылык акцияларына алып келди жана Индияны аялдарга болгон зордук-зомбулуктарга каршы жаңы мыйзамдарды кабыл алууга мажбурлады.

Кылмышка негизги күнөөлүү адам - автобустун айдоочусу кылмыш болгондон бир нече ай өткөндөн кийин абактан өлүгү чыкты. Дагы төртөө 2020-жылдын мартында өлүм жазасына тартылды, ал эми жашы жете элек айыпкер үч жылдан кийин бошотулган. (Индиянын мыйзамы боюнча жашы жете электер үчүн мындан оор жаза жок).

Бул окуя көптөгөн индиялыктардын гендердик зомбулукка болгон көз карашын жана жашоосун өзгөрттү. Анын ичинде Нирбаянын апасы Аша Девинин да мамилеси да түп тамырынан өзгөрдү. Үйдө балдарын карап гана тынч жашоо өткөрүп келген карапайым аял акыркы он жылда аялдардын коопсуздугу үчүн күрөшкөн күчтүү активистке айланды. Алгач өзүнүн кызын зордуктап өлтүргөндөрдүн адилеттүү жаза алышы үчүн күрөшүп келген болсо, азыр "Индиянын бүт бардык кыздарынын" укуктары үчүн күрөшөт.

56 жаштагы Аша Деви бутунун ооруганына карабастан, күн сайын кечинде Делинин Дварка районунда жүрүшкө чыккан чакан топту жетектеп жатат. Алар мындан он жыл мурун топтошкон адамдар зордуктап өлтүргөн 19 жаштагы кыздын окуясында адилеттикти талап кылышууда. Бул кылмышка айыптуу болгон үч адамды Индиянын Жогорку Соту өлүм жазасына өкүм кылган эле. Бирок жакында эле алардын "күнөөлүү экенине эч кандай далил жок" деп эркиндикке чыгарышты.

"Биз соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылабыз. Кылмышкерлер кайра түрмөгө отурушу керек,"- деди Аша Деви.

Asha Devi speaks to media outside Patiala House Court, on February 12, 2020 in Delhi. The court sought response of the four death-row convicts on a plea by the victims parents and the Delhi government seeking issuance of fresh death warrant

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аша Девинин тарткан азабы көптөгөн индиялыктардын сезимин ойготту

Жогорку Соттун чечиминин эртеси Аша Деви зөөкүрлөрдүн колунан өлгөн кыздын ата-энеси менен жолугушууга барды.

"Бир кездерде сот залынын сыртында отуруп алып, жалгыз ыйлаган күндөрүм эсимде. Мындай азап эч кимдин башына түшпөсүн. Ошондуктан курман болгон кыздын ата-энеси менен жолугуп, сүйлөштүм, алар ыйласа кошо ыйладым", - дейт ал.

Аша Деви зордукка кабылган Билкис Бано үчүн адилеттикти талап кылган онлайн петицияга дагы колдоо көрсөттү. Кызынын атынан ачылган фондуна зордуктоодон аман калгандарга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн отставкадагы судьяларды, юристтерди, полиция кызматкерлерин жана активисттерди ыктыярчы катары кызматка алды.

Акыркы бир нече жылдын ичинде алар зордук-зомбулукка кабылган ондогон үй-бүлө менен иштешти. Анын кылган аракети астында полиция менен бийлик көп иштерди аткарууга аргасыз болду. Бирок Аша Деви өзүнүн кызы каза болгондон он жыл өткөндөн кийин деле өлкөдө, коомдо абал өзгөргөн жок дейт.

Нирбаяга кол салуу болгон 2012-жылы жылы Индияда 24 923 зордуктоо фактысы катталган. Ал эми 2021-жылы зордуктоо кылмыштарынын саны 31,677ге жеткен.

"Мыйзамдар кабыл алынат, убадалар берилет, бирок аткарылбай жатат, - дейт Аша Деви. - Эгер ушундай улана берсе, биздин адилеттикке болгон ишенимибиз биротоло өлөт".

Арадан он жыл өтсө да ошол каргашалуу күндү эстегенде анын көзүнөн жаш куюлат.

"16-декабрдагыдай каргаша күндү эч ким көрбөсүн",- дейт ал.

Анын 23 жаштагы кызы физиотерапевт катары окуусун жаңы эле аяктаган. Ал ооруканага жумушка киргенде "апа, кызыңыз эми дарыгер",- деп абдан сүйүнгөн экен.

Жумушун дүйшөмбү же шейшемби күнү башташы керек болчу. Жекшемби күнү түштөн кийин апасына эки-үч сааттан кийин келем деп үйдөн чыгып кетет. Ошол бойдон аны апасы ооруканадан канга боёлгон өтө оор абалда көрдү.

Кызынын жараатын сүрөттөп жатып, "дарыгер дагы кызымдын акыбалын көрүп эмне кылаарын билбей калды. Ушунчалык мыкаачылык менен сабашкан, кызымдын тирүү калганга дээрлик шансы жок болчу", - дейт. Бирок "эр жүрөк Нирбая" 12 күн жашады.

Аша Деви Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатындагы анча өнүкпөгөн райондо чоңойгон. Орто мектеп үйүнөн алыс болгондуктан окуусун уланта алган эмес. Мыйзам тилин түшүнүп, басма сөз жыйындарын алып барыш үчүн өзү талыкпай окуп иштегенге туура келди.

Телекамераларга көп чыккан кайгылуу эненин тарткан азабы көптөгөн индиялыктардын сезимин ойготуп, юристтердин, активисттердин, атактуу адамдардын көңүлүн бурду. Зордукчуларды өлүм жазасына тартуу талабы менен нааразылык акциялары бүт Индия боюнча өттү.

2017-жылдын сентябрь айында Жогорку Сот өлүм өкүмүн күчүндө калтыргандан кийин, соттолгондордун үй-бүлөлөрү жана жактоочулары ишти кайра карап чыгуу өтүнүчүн жазып, ырайым сурап бийликке кат жазышты.

A protest in 2014 demanding death penalty for Nirbhaya's rapists

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нирбаяны зордуктап өлтүргөндөргө өлүм жазасын талап кылган акциялар көп болду

Ошол эле убакта башка үгүтчүлөр дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр өлүм жазасы кылмыштарды азайтпай турганын, тескерисинче көбүрөөк кылмыштарга, өлүмгө алып келет деп белгилешти. Бирок Аша Деви кылмышкерлердин өлүм жазасына тартылышын туура дейт.

"Айыпталуучунун укуктары тууралуу кеп кылгандар бар, бирок зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын укуктарычы? Адамдар өзүлөрү коркмоюнча эч нерсе өзгөрбөйт".

Кээде адамдар ага "өлөр кызыңыз өлдү, эми жөн эле башыңызды ташка чаап жатасыз" дейт.

"Бирок мен коомдон чоң колдоо таптым",-дейт ал.

Соттолгондор 2020-жылдын 20-мартында таңкы саат 5:30да дарга асылганга чейин бул иш бир нече этаптан өттү.

"Мен кызымды куткара алган жокмун, бирок кызымды өлтүргөндөр өлүм жазасына тартылганда мен көксөөм суугандай болду, анткени алар менин кызыма кылган кыянат иштери үчүн айыбын башы менен тартышты", - деди ал мага. (NR)