Индия: зордуктоодон өлүм жазасына...

Индиянын соту былтыр Делиде студент кызды зордуктап өлтүрдү делген төрт кишини өлүм жазасына тартты. Кезегинде бул окуя ири нааразылык акцияларын жаратып, зордуктоо кылмыштары боюнча жазаларды катаалдатуу менен коштолгон.
Жума башында зордуктоого катышты делген Мукеш Сингх, Винай Шарма, Акшай Такур жана Пауан Гупта бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган.
Индия соту бул иш “өтө сейрек категорияда” каралганын айтып, жазаны жеңилдетүү боюнча бардык өтүнүчтөрдү четке какты.
Былтыр декабрь айында 23 жаштагы студент кыз автобуста зордукталып, ал эки жумадан кийин көз жумган.
Буга чейин зордуктоого катышты делген бир өспүрүм бала өз алдынча соттолуп, үч жылга кесилген. Ал эми алтынчы киши абакта каза тапкан.
Эми өлүм жазасына тартылган төрт кишинин адвакаты доо арыз менен сотко кайрылабыз деп турушат.
Бириккен улуттар уюмунун докладына ылайык, Азия жана Тынч океан аймагындагы эркектердин төрттөн бири жашоосунда кеминде бир аялды зордуктаганын мойнуна алышат. Бул окуялар көбүнесе үй-бүлөлүк турмушта жана ар кыл деңгээлдеги алака-катыш маалында орун алып келет.



























