"Жаңы геосаясий реалдуулук". Самарканддагы түркий саммит

Published

Өзбекстанда Самарканд шаарында Түркий мамлекеттер уюмунун саммити өттү. Саммитте лидерлер Түркий мамлекеттердин уюмунун жаңы башкы катчысы кызматына Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген Кубанычбек Өмүралиевди дайындашты.

Түркий саммиттин урааны: "Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу-чаран өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө биргелешкен кадам".

Өзбекстандын расмий булактары билдиргендей, саммиттин күн тартибинде экономикалык, транспорттук жана соода маселелери турат. Саммит ошондой эле Түрк инвестициялык фондун жакынкы айларда ишке киргизүүгө жол ачат.

Уюмдун биринчи беш жылдыкка иш-аракетинин стратегиялык планы кабыл алынды. Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "Түрк дүйнөсүнүн жогорку медалы" менен сыйлоо болгону кабарланууда.

Аталган уюм адегенде 1999-жылы Түрк кеңеши болуп түзүлгөн. Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мүчө. Түркмөнстан, Венгрия байкоочу макамында.

Түрк кеңеши өткөн жылы ноябрда Стамбулда болгон саммиттен кийин Түркий мамлекеттер уюму деп аталып калды.

"Бул уюмдун түзүлүшү менен Түрк дүйнөсү өзүнүн регионалдык саясатын иштеп чыкканга кудуреттүү өзүнчө күчкө айланды",-дейт уюмдун азыркы башкы катчысы Багдад Амреев. 

"Түрк кызматташтыгынын эң орчундуу жана эң маанилүү учуру мамлекет башчыларынын 2021-жылы Стамбулда өткөн тарыхый саммити болду. Бул саммитте түрк өлкөлөрүнүн биримдиги жана бүтүндүгү үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон жана түрк дүйнөсүнүн келечегине багыт берген чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, Түрк дүйнөсү Түркий мамлекеттер уюму (ТМУ) деген жаңы аталышка ээ болуп, толук кандуу эл аралык уюмга айланды. Экинчиден, бирдиктүү түрк дүйнөсүн түзүү максаты ага Түркмөнстандын кошулуусу менен ишке ашууда. Үчүнчүдөн, саммитте "Түрк дүйнөсүнүн келечеги - 2040" стратегиялык документи кабыл алынып,  анда түркий өлкөлөрдүн интеграциялык күч-аракеттери жана кызматташтык бийик максаттары жазылды.  Бүгүн Түркий өлкөлөрдүн ортосундагы мамиленин бекемделиши жана анын негизинде турган кызматташтык архитектурасы даана көрүнүп калды. ТМУнун бардык өлкөлөрү бекем өнөктөштүк мамилелерден саясий пайданы, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана байланыштарды жакшыртуудан экономикалык пайданы, ошондой эле чоң туруктуулук жана коопсуздуктан геосаясий пайданы алары калетсиз болуп турат".

Эң башкы башкаруу органы Түркий мамлекеттердин башчыларынын кеңеши, андан кийин тышкы иштер министрлеринин кеңеши, улук расмий кызматкерлеринин кеңеши. Ошол кеңештердин ортосундагы ишти координациялап туруу үчүн туруктуу катчылык иштейт, анын башкы катчысы жана ар бир мүчө өлкөдөн бирден орун басары бар. Алар ар бир өлкөдөн ротация жолу менен алмашып турат. Башкы катчы болуп азыркы учурда Казакстандын өкүлү иштейт. Бул саммитте кезек Кыргызстандын өкүлүнө өтүүгө тийиш.

Түркий мамлекеттердин калкынын саны 150 миллион чамасында, алардын жалпы аянты 4,5 миллион квадрат километрди түзөт. Жалпы ИДП болжол менен1,5 триллион долларга бааланып, дүйнөлүк экономикада 13-орунду ээлейт.

"Соңку жылдары түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы өзүнүн кудурет күчүн көрсөтүп, бирдиктүү түрк дүйнөсүнүн жаңы геосаясий реалдуулук катары өсүп чыгышына алып келди. Тарыхый тамыры бир, тили, маданияты жана каада-салты бир элдерден болгону шыктандыруучу күч болуп, бул көрүнүш эбегейсиз евразиялык континентте орчундуу саясий жана экономикалык натыйжаларды берүүдө",-дейт Багдад Амреев.

Айрым эксперттер Түркий мамлекеттер уюму экономикалык альянс катары азырынча өзүн көрсөтө электигин белгилеп жүрүшөт. Мурдагы саммиттерде саясий жана коопсуздук жаатында дагы маселелер көтөрүлүп, Азербайжан президенти Илхам Алиев Карабак темасында саясий билдирүүлөрдү жасаган жайы бар.

"Түрк дүйнөсүнүн аксакалы"

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев саясий аренадан кеткенден кийин Түркий мамлекеттер уюмунда негизги жолду Түркия президенти Эрдоган баштап калды. Ага чейин негизги стратегиялык демилгелерди көбүнчө Назарбаев көтөрүп, Эрдоган каршы болбой, аны менен эсептешип келген.

Түрк интеграциясы саясатын өнүктүрүүдө Казакстандын мурдакы президенти Нурсултан Назарбаевдин ролуна өзүнчө токтолуунун жүйөсү бар. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешин "Түрк мамлекеттеринин уюму" деп өзгөртүү, "Түрк дүйнөсүнүн келечеги" деп аталган стратегиялык документти кабыл алуу дагы Назарбаевдин демилгеси менен болгону мурда кабарланган.

"Нурсултан Назарбаев Түрк өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин ардактуу төрагасы. Башкасын айтпаганда дагы, анын түрк дүйнөсүнүн аксакалы деген титулу бар. Менин оюмча, ал буга абдан татыктуу. Нурсултан Абишевич бул бирикмени түзүүнүн башында турган, түрк кызматташтык кеңеши ишке ашырып жаткан көптөгөн долбоорлордун дагы демилгечиси. Ошондой эле Назарбаевдин сунушу менен "Түрк көз карашы -2040" деп аталган, түрк тилдүү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн мамлекеттик саясатын координациялай турган стратегия иштелип чыкты. Нурсултан Абишевич бул кеңештин макамын көтөрүп, аны түрк мамлекеттеринин союзу деп атоо маселесин айтып келатат. Ал эл аралык мамилелерде эл аралык интегратор деген атка конду. Бул чынында эле эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө эл аралык жана регионалдык деңгээлде олуттуу салым кошуп келаткан ири саясий ишмер",-деген Назарбаев бийликтен кете электе казакстандык политолог Айдар Амребаев.

Геосаясий контекст

Россия менен Кытайдын гегемониясы күчөп жаткан шартта түрк өлкөлөрү эмне кыла алат? Бул саммит Россия Украинада согуш баштаган жылда өтүп жатат. Бул уюмдун мүчөсү Казакстан Украинадан кийинки бута болуп калбайбы деген кыжаалат суроо турат.

Түркия менен Венгрия өз кезегинде НАТОнун мүчөсү. Түркия анын үстүнө азыркы учурда Кытай жана Россия менен атаандаша ала турган геосаясий, геоэкономкиалык жана аскердик держава катары региондогу потенциалдуу оюнчу катары каралууда. (КС)