You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ташиевдин тергөөдөгү көрсөтмөсү делген видео чыкты, адвокат аны монтаждалган деп атады
15-июнда социалдык тармактарда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин сурак берип жатканы делген видео тарады. Ички иштер министрлиги тергөө материалдарынын сыртка чыгып кетишине эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ташиевдин тарапташтары купуя маалыматтардын монтаждалып, мыйзамсыз жарыяланышын соттолуучуларга жана күбөлөргө карата моралдык кысым деп баалашты.
Бул окуя "75чилердин каты" боюнча соттук отурум ачык режимде башталган күнгө туш келди.
Ачык соттун биринчи күнү аяктап, коомчулук атайын кызматтын мурдагы төрагасы менен эл өкүлүнүн ортосундагы кайым айтышууну талкуулап жаткан маалда, Фейсбуктагы "Кайтар дүйнө" баракчасында Камчыбек Ташиев жана башкалардын тергөөдөгү көрсөтмөсү делген видео пайда болду. Бул баракча 2026-жылдын 10-июнунда гана түзүлгөн, анын ээси белгисиз.
Он бир мүнөттүк видеодо "75чилердин катына" кол койгон адамдардын көрсөтмөлөрү экени жазылат, бирок ал качан жана кандай шартта тартылганы белгисиз.
Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин сурактагы учурлары делген кадрлар көрсөтүлөт.
"Азыркы жымжырттык - жалган жымжырттык. Эл бир аз козголсо, козголо берет. Миң аял көчөгө чыкса эмне кыласың? Артынан миң эркек чыгат. Балдар ата-энелеринин сабалганын көрсө, бүттү. Эч ким эч нерсе кыла албайт" деген ал видеодо.
Камчыбек Ташиев өзү же аны сотто коргоп жаткан адвокаты Икрамидин Айткулов видео тууралуу үн ката элек.
Адамдар видео жаздыруу жүрүп жатканын билген-билбегени беймаалым.
Ошондой эле видеодо президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырган катка кол койгон делген адамдарга түспөлдөш кишилердин кадрлары бар.
Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карыпбек Асанов, Баткен облусунун экс-губернатору Максатбек Дыйканов, Эл акыны Акбар Рыскулов, профессор Алымбек Татыбеков, отставкадагы полковник Эрнис Турдалиев, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жана ишкер Токтогул Сооронбаевге окшош адамдардын сурак берип жаткан учурлары деп көрсөтүлгөн.
Анда сүйлөгөндөр катка кандай шартта кол койгондорун түшүндүрүшөт.
Ошондой эле видеодо Ташиев кызматтан кеткенден кийин "Жапырт башаламандык" беренеси менен айыпталып, кийин үй камагына чыккан журналист Нургазы Анаркуловго окшош адам бар.
Видеодо "бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп айыпталып жаткан сегиз адам конституциялык түзүмдү ыдыратып, коомдук басым аркылуу шайлоону эрте өткөрүп, президентти күтүүсүздөн алмаштыруу сценарийин түзүшкөн" деген ырастоолор камтылган. Ошондой эле "президентке импичмент жарыялоо аракети" болгону да баяндалат.
Адвокаттар видео монтаждалганын, андагы сөздөр контексттен үзүлүп алынышы же өзгөртүлүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.
"Бул мыйзамсыз. Сурак болуп жатса, видеожазуу колдонулса, ал сөзсүз тараптарга айтылат. Видеожазуу колдонулуп жатат, каршы эмессиңерби деп пикирин угушат. Бул жерде жашыруун түрдө атайын чагымга түртүп, бир сөз айтып, экинчисин угуп, кыркып койгон болушу мүмкүн. Себеби бул жерде толук жазуу жок. Үзүндү-үзүндү менен берилип жатат. Маалыматты ким берет? Тергөө берет да, демек, бул тергөөнүн мыйзамсыз аракети. Тергөө айыпталуучуларды каралап, элдин арасында жаман ой жаратуу ниетинде болуп жатат. Жашыруун жазганды бардык адвокаттар билет. Бирок биз мындай пастыкка барбайбыз. Болбосо, ар кайсы тергөөчүгө барып, башын айлантып, ар кайсы суроону берип, жаздырып алып, чыгара берсек болобу? Бул адамкерчиликпи? Бул видеожазуу кылмыш ишинде материал катары жок. Болбогондон кийин биз көңүл бурбайбыз. Эл караңгы эмес, эл өзү таразалап алат", - деди айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев.
Адвокаттын белгилешинче, жашыруун аудио-видео жазуу Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык, аңдып жүрүү деген тергөө амалдарына кирет. Мындай тергөө амалдарын өткөрүү үчүн тергөө судьясынын токтому керек. Ансыз жашыруун видео жазуу жүргүзүү мыйзамсыз.
Февралдын онунан бери саясий чуу жараткан бул иштеги тергөөнүн купуя материалдарын ким ачыкка чыгарганы белгисиз. Жогорку Сот видеону көрбөгөнүн, ИИМ эч кимге эч кандай маалымат таратпаганын билдирди. Башкы прокуратура комментарий бере элек.
"Азыр кылмыш иши сотто. Биз бул ишке жашыруун деген мөөр басып, сотко жөнөттүк. Ошондуктан бул кайдан чыгып кеткенин билбейбиз. Видеону мен да кечинде көрдүм. Эч нерсе дей албайм", - деди ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов.
Ал эми атайын кызматтын мурдагы башчысынын тарапташы Мукай Керимбаев Фейсбуктагы баракчасына тергөөнүн купуя материалдарын мыйзамсыз таратуу, монтаждап коомчулукка чыгаруу бул жөн гана этикага туура келбеген аракет эмес, бир катар мыйзам бузуулардын белгиси деп жазды:
"Эгер кимдир бирөө өзүнүн чындыгына ишенсе, анда соттун чечимин күтүп, далилдерин мыйзам чегинде коргойт. Ал эми тергөөнүн купуя материалдарын кесип-бычып, өзүнө ыңгайлуу бөлүгүн гана көрсөтүү коомчулукту адаштыруу аракети катары кабылданып, күнөөсүздүк презумпциясынын бузулуусу. Соттолуучуларга жана күбөлөргө моралдык басым болуп эсептелинет. Мыйзам баарына бирдей. Тергөөнүн купуялыгы сакталууга тийиш. Ал эми аны бузуу жана монтаждалган маалыматтарды таратуу чындыкты издөө эмес, коомдук пикирди манипуляциялоо болуп саналат. Чындык сотто аныкталат, социалдык тармактагы монтаждалган видеолордо эмес".
Журналист Семетей Аманбек Фейсбукка тараган видеодогу Ташиевдин сөздөрүн карап чыкканын жана андан коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайларды көргөнүн Фейсбук баракчасына жазды.
"Бул сөздөр массалык башаламандыктарга чакырык жана бийликти басып алууга үндөө гана эмес, ошол эле учурда учурдагы бийликке карата шантаж жана түздөн-түз коркутуу эмеспи? УКМКнын төрагасы болуп турган мезгилде жөнөкөй социалдык тармактагы билдирүүлөр жана эң майда сын-пикирлер үчүн да дал ушул беренелер боюнча кылмыш иштери козголуп келген. Журналисттер, блогерлер, активисттер жана социалдык тармактардын жөнөкөй колдонуучулары "көз карандысыз" экспертизанын жана ойдон чыгарылган айыптоолордун "жыргалын" өз баштарынан өткөрүшкөн. Алардын сөздөрүнө салыштырмалуу Ташиевдин билдирүүлөрү алда канча олуттуу жана коркунучтуу угулат..." - деп жазды журналист Семетей Аманбек.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Ибрагим Нуракун уулу тергөө материалдарынын фейк баракчалар аркылуу жарыяланышы боюнча пикирин билдирди:
"Президенттин командасы Ташиевге төңкөрүш маселеси боюнча факт таба албай, ар түрдүү видео компроматтарды ушак деңгээлиндеги айыптоолорду жарыялай баштады. Элдин баары келесоо эмес, сылык айтканда. Андан көрө, Ташиев бийлигинен аша чапты, депутаттардын колун сындырам деп коркутту, каматты, сабатты, кыйнады, журналисттердин бир тобун каматты, сабатты, өлкөдөн кууп чыгарды, ар бир айыл өкмөтү, аким, министрликтин жумушуна чейин кийилигишип, бирден гкнб кадр дайындап, өзүм билемдик кылды, Кыргызстанда сөз эркиндигин жоготту, аял, бала-чака, бизнесмен, кемпир-чал, акын-ырчылардан бери каматты, авторитардык бийлик орнотту деген айыптоолорду такса, фактылар четинен чыкмак".
Фейсбуктагы белгисиз баракчага чыккан видео тууралуу расмий органдар үн ката элек.
Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт.
Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда. Алар: мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.
15-июндан бери сот ачык өтө баштады.