Блогерлерди салыктан бошотуу маселеси дале талкууда

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда блогерлерди салыктан бошотуу маселеси кызуу талкууланууда. Бул чечимди колдогондор мындай кадам чыгармачылык менен алектенгендердин жана санарип контент жаратуучулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн айтышса, каршы пикирдегилер блогерлердин кирешеси ансыз да жогору экенин белгилеп, жеңилдиктер биринчи кезекте мугалимдерге, дарыгерлерге жана башка социалдык маанилүү кесип ээлерине берилиши керек деген көз карашты билдирүүдө.

Маселеге байланыштуу бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат жыйын өткөрүп, коомдо жаралган суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, жарнамадан туруктуу киреше таап жаткан блогерлердин саны көп эмес. Анын маалыматына караганда, 40тай гана блогер жарнамадан киреше табат. Алар жалпы 1,2 миллион сом салык төлөшкөн.

Шыкмаматов бул чечимдин жыйынтыгы кийинчерээк байкаларын белгилеп, жеңилдиктер креативдүү индустрияны колдоого, маданий өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө багытталганын кошумчалады.

Мугалимдер менен дарыгерлерди салыктан бошотуу керек деп коомдо айтылып жаткан сөздөрдү манипуляция деди.

"Мугалимдерге бюджеттен 37 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2026-жылы бул сумма 71 миллиард сомго жетти. Дарыгерлерге 20 миллиард сом каралса, 2026-жылы 23 миллиард сом бөлүнөт. Бул тармактарга ар дайым артыкчылык берилип келген жана ошол бойдон калат. Келечекте экономикага чоң салым кошо турган багыттарды да өнүктүрүү керек",- деди Шыкмаматов.

"Бейрасмий шайлоо кампаниясы башталды"

Активист Адил Турдукулов блогерлерге салыктык жеңилдиктердин берилишине каршы чыккандардын бири. Ал бул чечимди тандалма жана адилетсиз кадам катары баалайт.

"Блогер да башка ишкерлер сыяктуу эле киреше табат. Көп учурда алар коомдук кызыкчылыкка эмес, өз кызыкчылыгы же айрым бир топтордун кызыкчылыгы үчүн иштейт. Андыктан эмне үчүн булар билим берүү же саламаттык сактоо тармагында ишмердик кылгандардан айрымаланып өзүнчө жеңилдик алышы керек",- деди ал.

Садыр Жапаровдун креативдүү индустрия өкүлдөрүн жана блогерлерди салыктан бошотуу тууралуу жарлыгы президенттик шайлоо жакындап калган учурга туш келди. Коомдо бул чындап эле жаңы тармактарды өнүктүрүүгө багытталган кадамбы же бийликтин рейтингин чыңдоо аракетиби деген суроолор көтөрүлүүдө.

"Блогерлердин коомдогу ролу чоң, саясатта да орду жогорулап жатат. Ошондуктан бийлик аларды өзүнө тартуу, керек учурда пайдалануу аракетин көрүп жаткан болушу мүмкүн. Учурда бейрасмий шайлоо кампаниясы башталды десек болот. Ушул шартта берилген жеңилдиктер саясий мүнөзгө ээ болушу мүмкүн",- деди Турдукулов.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү президенттик шайлоо менен байланыштыруу туура эмес экенин белгиледи.

Блогерлер эмне дейт?

Президенттин жарлыгынан кийин Мамлекеттик салык кызматы бул демилгени колдогон маданият өкүлдөрүнүн жана чыгармачыл адамдардын видеолорун жарыялай баштады.

Алар беш жылдык мөөнөткө кабыл алынган мындай чечимди кубаттап, чыгармачыл адамдардын ишин жеңилдетүүгө жана тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн билдиришүүдө. Бирок блогерлер арасында чечимге каршы пикир айткандар да бар.

"Блогерлерди салыктан бошотууга каршымын. Блогер катары көп нерсе жарнамалайм. Компаниялар менен келишимдерим бар. Ал келишимге ылайык, бирдиктүү салыктын негизинде 4 пайыз гана салык төлөйм. Ал эмнени билдирет. Эгер компания жарнама үчүн 100 сом которсо, анын 4 сомун гана салыкка төлөйм. 1000 сом алсам, 40 сом төлөп коем. 100 миң сом алсам, 4 миң сом төлөйм. Бул ит бекерлик. Эгер накталай алсам, анда 6 пайыз төлөйм. Ошондон 100 сомдон 4 сом эмес, 6 сом төлөп коем. Блогерлер чындыгында абдан жакшы жашашат. 1 миллион катталуучусу бар блогерлерге чалып баасын сурасаңар алардын бир тарыхчасы 100 доллардан кем эмес. Айрымдардыкы 500 доллар, айрымдардыкы 1000 доллар. Рилс жана башкаларын айтпай эле коеюн. Алар жыргап эле жашап жүрүшөт",- деди блогер Илим Карыпбеков.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде бир гана блогерлер эмес, IT тармагында иштегендер, аутсорсинг кызматтарын көрсөткөндөр, кино тармагынын өкүлдөрү, креативдүү индустрияда эмгектенгендер жана санарип контент жаратуучулар да салыктан бошотулат.