Индиянын Улуттук Конгресс партиясынын жаңы лидери шайланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индияда азыр оппозициядагы Конгресс партиясында биринчи жолу Гандинин династиясына кирбеген адам жаңы президент болуп шайланды. Малликарджун Харге партия мүчөлөрүнүн 84% добушуна ээ болуп жеңип чыкты.
Конгресс партиясы Индия көз каранды эместикке ээ болгондон кийин биринчи болуп бийликке келген, анда аны премьер-министр Неру жетектеп турган эле. Андан бери көп жылдар өтүп, үй-бүлөлүк династия партияны башкарып келди: анын кызы Индира, анын киши колдуу өлтүрүлгөн уулу Раджив, анын жубайы Соня. Алардын балдары Рахул менен Приянка дагы партияда жетекчи кызматтарды ээлеп келишти.
Бирок кийинки шайлоолордо катар-катар жеңилүүгө учурагандан кийин Гандилердин фамилиясы жеңишке жеткирген ураан болуудан калды. Эми сексен жаштагы Малликарджун Харге партиянын төрагасы болуп шайланды. Анын көп жылдык саясий тажрыйбасы бар, бирок ал өлкөдө анчалык танымал эмес.
Делиден Би-Би-Си кабарчысы Раджини Вайдьянатан жиберген кабарга караганда, Конгрессти шайлоодон ийгиликтүү алып өтүү азыр анын эң чоң проблемасы болуп турат. Анткени Индияда азыркы премьер-министр Нарендра Моди башында турган башкаруучу оңчул индуисттик улуттук партия БДПнын популярдуулугу өсүп турган убак. (КС)



























