Гандинин сейрек сүрөттөрү

Published

Индиянын улуттук боштондук кыймылынын лидери жана идеологу Махатма Гандинин сейрек сүрөттөрү жаңы китепте жарыяланды.

Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1938-жылы Севаграм кыштагында тартылган сүрөт. Махатма Ганди 1936-жылы Сегаон айылына көчүп, ал кыштакты Севаграм же "кызмат көрсөтүү айылы" деп атын өзгөрткөн.
Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гандинин чөбөрөсү Кану Ганди да кыштакта чогу туруп, лидердин күнүмдүк турмушун жана ишин сүрөт аркылуу чагылдырган.
Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1948-жылы Гандини өлтүрүп кеткенге чейин Кану Ганди атактуу идеологдун 2 миңге жакын сүрөтүн тарткан. Анын сүрөттөрү ондогон жылдары бою унутта калып, немис изилдөөчү таап чыккан.
Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эми Гандинин 92 сейрек сүрөтүн берлигилүү фотографтар негиздеген Назар Фонду жарыялады. Ганди күч колдонууну катуу сынга алып, күч колдонбогон коом жөнүндө концепциясын иштеп чыккан.
Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1940-жылы Шантиникетан шаарчасында тартылган сүрөттө Ганди Нобель сыйлыгынын ээси Рабиндранат Тагор менен медитация кылууда.
Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөт Ганди 1945-46-жылдары үч ай бою каражат чогултканын чагылдырат. Ганди каражатты Индияда кулчулукка жана зордукка кабылган тургундарга жардам катары жумшаган.
Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гандинин сүрөттөрүн жалгыз гана Кану Ганди тарткандыктан, фотографтын көптөр көрбөгөн сүрөттөрү арбын.
Photographs by Kanu Gandhi/© Gita Mehta, heir of Abha and Kanu Gandhi.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кану Ганди 1986-жылы Индиянын түндүк тарабында көз жумган. Бул сүрөттөрдү Кану Ганди тарткан. Сүрөттөргө Абха жана Кану Гандинин мураскору Гита Мехта ээлик кылат.