You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путин 70 жашта. Анын баскан жолундагы эң маанилүү жети бурулуш
- Author, Марк Галеотти
- Role, академик жана автор
- Published
Ушул жума күнү Владимир Путин 70 жашка толот. Ал кайдан жүрүп Украинага басып кирген, айтканына кайтпаган, беттегенин бербеген обочодогу автократ болуп калды? Путиндин жашоодогу ой-ниетин калыптандырууга себеп болгон жети маанилүү учурга карап, анын Батыш менен касташкан саясатынын чоо жайын түшүнсө болот.
Дзюдо менен машыгуу, 1964
Дүйнөлүк экинчи согушта дээрлик 900 күндүк блокададан азап тарткан Ленинградда төрөлгөн Владимир мектептеги бала кезинде түнт жана чыр балдардан болчу - мектептеги бир жакшы досу эстегендей, "ал ким менен болсо дагы мушташып кетчү", анткени "коркуп калгандардан эмес эле".
Ошентсе да илмийген, эби-сыны жок балага бандиттер толгон шаарда өзүн коргогонго күч жыйнаш керек эле, ошондуктан ал 12 жашында адегенде орустардын согуштук өнөрү самбо менен, андан кийин дзюдо менен машыккан. Ал чечкиндүү жана тартиптүү болуп, он сегиз жашында дзюдо боюнча кара курга жетип, өспүрүмдөр арасында улуттук мелдеште үчүнчү орунду багындырган.
Албетте, бул ийиликтери ошондон бери анын мачо образын түзүү үчүн колдонулуп келди, бирок бул ошондой эле аны кооптуу дүйнөдө өзүңө гана ишен деген ойго бекемдеп, анын өзүнүн сөзү менен айтканда, мушташтан башка айла жок калганда "сен биринчи болуп согушуң керек, соккондо да душманың кайра турбагыдай кылып согушуң керек" деген түшүнүккө тарбиялады.
КГБдан иш сураганда, 1968
Адамдар КГБнын Ленинграддагы Литейный 4 дарегиндеги кеңсесине жакын жолошчу эмес. Сталиндин тушунда анын камераларында канча адамдар сурак берип, ГУЛАГга айдалды. Кызык жери анын "Чоң үй" деп аталганында, ал Ленинграддагы эң бийик имарат болчу, анын терезесинен Сибир көрүнүп турчу дешет.
Он алты жашка келгенде Путин ушул имаратка кооз кызыл килемче менен барып, кабылдамага кирип, аны таң калып карап калган офицерден кандай кылып аларга кошулса болорун сурайт. Ошондо ага аскердик кызмат өтөп келип, тийиштүү даража-наам алыш керектигин айтканда, ал кандай даража керек экенин да тактап сураган экен.
Ага юриспруденция деп айтышат, ошондон баштан Путин юридикалык билим алууну чечет. Ал ошентип акыры жашыруун кызматтын колуна өтөт. Путиндей бейбаш үчүн КГБ шаардагы тартипти караган жана партияда жокторду да кызматтан өстүрө турган эң чоң банда болуп саналган.
Ошол эле учурда бул ага жашоодон өзүнүн жолун табуунун өзүнчө бир шансы болуп калды - ал өзү бала кезде көргөн тыңчылар жөнүндө фильмдерди айткандай, "бир тыңчы миң адамдын тагдырын чечип коет" деген жолго бет алды.
Курчоодо калганда, 1989
Путин канчалык аракет кылса дагы анын КГБдагы карьерасы ойдогудай өсүп кеткен жок. Ырас, ал жооптуу кызматкер болду, бирок чоң кызматка жете алган жок. Ошого карабай, немис тилин окуду, натыйжада 1985-жылы КГБнын Дрездендеги бөлүмүнө иштегенге жөнөтүлдү.
Бул жакта ал комфорттуу, ыңгайлуу жашоого жакшы көнүп алганда, 1989-жылы Чыгыш Германиядагы коммунисттик режим ыкчам түрдө кулай баштады.
5-декабрда толтура адам КГБнын имаратын курчап алды. Путин чочулап Кызыл Армиянын жакын жердеги гарнизонуна телефон чалып жардам сурап атты. Бирок ал жактан "Москвадан буйрук болмоюнча биз эчтеке кыла албайбыз. Москва болсо унчукпай жатат" деп араң жан жооп берип жатышты.
Путин борбордук бийлик заматта кокустан кулап калганын көрүп, ошондо эле коркуп калгандай, ошон үчүн советтик лидер Михаил Горбачевдин каталыгын, атап айтканда оппозицияга бет келгенде ыкчам жана чечкиндүү реакция кылбай, кылчактаган жосунду эч качан кайталабаш керек деп чечти.
"Мунайды азык-түлүккө алмаштыруу" программасына ортомчулук, 1992
Советтер союзу таркаганда Путин КГБдан кетти, бирок бат эле Санкт-Петербургдун реформачыл жаңы мэринин ишенимине кирип, анын жардамчысы болуп алды.
Өлкөдө экономика өчөйүп абал барган сайын начарлап жаткан, ошондо Путинге шаардыктарга жардам бере турган келишимди түзүү тапшырмасы берилди. 100 миллион доллар наркындагы мунай менен металлды азык-түлүккө алмаштыруу керек эле.
Иш жүзүндө азык-түлүктү эч ким деле көргөн жок, бирок Путин өзү басып койгон тергөө материалдарына караганда, анын достору менен шаардагы бандиттер акчаны кымырып коюшкан.
Жапайы капитализмдин ошол 90-жылдары Путин саясий күч - сатып байый турган товар экенин, а бандиттер пайдалуу шерик болорун тез түшүндү. Айлана тегерегиндегилер кызматынан пайдаланып акча таап атканда, ал эмне карап турмак беле?
Грузияга басып кирүү, 2008
Путин 2000-жылы Россиянын президенти болуп калганда мурдагы Советтер союзунун аймагындагы таасирин жоготпой, Батышка өзүнүн шартын коюп жакшы мамиле түзүүгө үмүт кылды. Бирок алардан бат эле көңүлү калды, андан кийин Батыш Россияны четке сүрүп, кемсинтип жатат деп ачуусу келди.
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өзүнүн өлкөсүн НАТОго алып кирүүгө аракет баштап, Россия колдогон жикчил аймак Түштүк Осетиянын үстүнөн көзөмөл орнотууга киришкенде, бул Путинге жазалоо операциясын баштоого шылтоо болуп берди.
Россиянын армиясы Грузиянын күчтөрүн беш күндө эле талкалап салып, Саакашвилинин айласын кетирген тынчтык шартын таңуулады.
Батыш нааразы болуп жатты, бирок бир жылдан кийин АКШ президенти Барак Обама Россия менен болгон мамилесин кайра оңдоп кетти, оңдой берди болуп, ал түгүл Москва 2018-жылдын футбол боюнча чемпионатын өткөрүү укугуна ээ болду.
Путин алсыз жана туруксуз Батыш канчалык наалый берген менен акыры катуу турсаң артка кетет экен деп түшүндү.
Москвадагы каршылык акциялары, 2011-13
2011-жылдагы парламенттик шайлоо бурмаланды деген пикир элге жайылып, бийликке каршы нааразылык акцияларынын дүрт этишине алып келди, ал эми Путин 2012-жылы кайра шайлоого бара турганын билдиргенде толкундоолор ого бетер күчөдү.
Болот аянтындагы каршылык акциялары Путинге, анын саясатына ошол убактагы эң ири коомдук оппозиция болуп калды.
Ал өз кезегинде бул каршылык жыйындарына дем берип уюштуруп, кайраштырып жаткан Вашингтон, АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтондун так өзү деген ойго да бекем ынап алды.
Путин үчүн бул Батыштын аны аңтарып салууга аттанганынын, керек болсо аны менен согушуудан да кайра тартпай турган кастыгынын кашкайган далили эле.
Ковидден обочолонуу, 2020-21
Covid-19 бүт жер шарын каптаганда, Путин да обочого кетти. Аны менен жолугуша тургандардын баары эки апта бою обочодо болуп, андан кийин микробдорду өлтүрө турган дары-дармек чачылган узун коридор менен келиши керек эле.
Ушул убакытта Путин менен бетме-бет жолугуп сүйлөшө турган союздаштар менен кеңешчилердин саны кески азайып, көбүнчө кошоматчылар эле тегеректеп калды.
Чындыкты айткан атаандаш пикирлер азайып, өзүнүн өлкөсүн дээрлик көрбөй калган Путин ушул учурда өзүнүн кас душмандары жөнүндө оюнан кетпеген, башына бекем орногон шек саноосу чын экенин биротоло "билген" окшойт, ошондо анын Украинага кол салуу ой-ниети дагы бышып жетиле баштады.
Профессор Марк Галеотти — окумуштуу жана жазуучу, "Биз Путин жөнүндө сүйлөшөлү" жана Путиндин согуштары жөнүндө башка китептердин автору.
.