Түркияда биринчи жолу толук локдаун башталат

Сүрөттүн булагы, Reuters
Карантин чектөөлөрү күчүнө кирердин алдында жергиликтүү тургундар базарларга жана соода борборлоруна шашты. Түрк өкмөтү бейшемби күнү кечинде локдаун күчүнө кирерин жарыялаган. Буга коронавируска кабылгандардын саны кескин өскөнү себеп болду.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Анкаранын коронавируска каршы аракетин кубаттаган. Бирок бир жылдын ичинде эпидемиологиялык абал кескин начарлады.
Түркияда эмне себептен вируска кабылгандардын саны кескин өстү?
Түркияда коронавирустан каза тапкандардын саны салыштырмалуу төмөн, вирустан 39 миң киши көз жумду. Өкмөт вирустун жайылышы дагы деле көзөмөлдө экенин айтууда. Буга өлкөнүн күчтүү саламаттыкты сактоо тармагы себеп. Ага карабастан соңку апталарда вирусту жуктурган жарандардын саны кескин жогорулады.

Сүрөттүн булагы, AFP
Анкара өткөн жылы ноябрь айында карантин чектөөлөрүн киргизип, вируска кабылгандардын саны төмөндөгөн. Бирок март айында чектөөлөр алынгандан кийин эпидемиологиялык абал кайрадан курчуду.
Апрель айында Түркия кайрадан чектөөлөрдү киргизген. Бирок бул кадам өтө кеч жасалды. Апрель айында күнүнө 60 миң киши вирусту жуктуруп, үч жүздөн ашуун адам каза таап жатты.
Сынчылар Түркиянын өкмөтү карантин чектөөлөрүн өтө эрте алып, жапырт эмдөө жараяны тез болбой калганын айтууда. 82 миллион калкы бар өлкөдө 22 миллион киши вакцина алды.
Түркия негизинен Кытайда өндүрүлгөн Sinovac жана аз көлөмдө Pfizer-Biontech вакцинасын колдонуп жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Окумуштуулар коронавирустун жаңы түрү, өзгөчө британ штаммы абалдын начарлап кеткенин себеп экенин айтышууда. Эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыктан, президент Эрдоган 29-майда жергиликтүү убакыт менен саат 19:00 өлкөдө толук локдаун күчүнө кирерин жарыялады.
Кандай чектөөлөр күчүнө кирет?
- Жарандар азык-түлүк же медициналык жардам алуу үчүн гана көчөгө чыга алат
- Бир шаардан экинчи шаарга барууга тыюу салынат. Расмий уруксат менен гана башка аймакка баруу мүмкун
- Мектептер жабылып, коомдук транспортту саналуу кишилер гана колдоно алат
- Алкоголдук ичимдиктердин соодасына чектөө коюлат
Эксперттер өкмөттүн чечимин колдоду. Бирок локдаун натыйжалуу болуу үчүн жапырт эмдөө жараянын тездетүү дагы зарыл экенин кошумчалашты. Ошондой эле карантин учурунда жарды үй-бүлөлөргө жана бизнестерге колдоо көрсөтүлүшү абдан маанилүү экени айтылууда.
Өткөн жылы Түркияга келген чет өлкөлүктөрдүн саны 70 пайызга кыскарган. Туризм багытында иш кылган мекемелер жайга чейин чектөөлөр алынат деп үмүттөнүүдө.



































