Орусиянын муфтийи мигранттарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Сүрөттүн булагы, EPA
Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөдө мыйзамдуу иштеп жүргөн эмгек мигранттарын укуктарынан пайдаланып, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Мындай чакырык көпчүлүк мусулмандар үчүн ыйык саналган Орозо айында жасалды. Орусиянын аймагында жүз миңдеген кыргызстандыктар эмгектенет.
Муфтий Албир Крганов коронавируска байланыштуу эмдөө жүрүп жатканы кырдаалды жакшыратат деп баалап, өлкө аймагындагы мыйзамдуу мигранттардын санын калыбына келтирүү чаралары көрүлүшү керек деген пикирин бөлүшкөн.
Өткөн жылдын октябрында Москванын жергиликтүү бийлиги чет жерлик жумушчу күчү 40 пайызга кыскарганын билдирген эле. ЖМКлар жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен курулуш жана коммуналдык кызматтар жабыр тартканын жазып чыгышкан.

Сүрөттүн булагы, ZUMA\TASS
Мигранттардын мындай агымы пандемияга байланыштуу деп айтылды. Марттагы чектөө учурунда көпчүлүк мигранттар өлкөсүнө чыгып кете албай калышкан. Кийин темир жол бекеттеринде, аэропортто, чек арада жыйналып калган Борбор Азиядан келген мигранттардын маселеси курч коюлуп турду.
Журналисттер курулуш тармагындагы жумушчу күчтүн жетишсиздигинен көпчүлүк объектилерде иш токтоп калганын жазган. 2020-жылдын мартындагы карантин маалында Орусиянын Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясынын эсебинде, мигранттардын 54 пайызы жумушсуз калды же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыкты. Мигранттардын 32 пайызы киреше булактарынан ажырады. Изилдөөдө Орусиядагы мигранттар эпидемиологиялык жактан эң кооптуу абалда деп көрсөтүлөт. Мигранттар топтошуп, көбүнчө жатаканаларда жашайт.
Кыргызстандык мигранттардын басымдуу көпчүлүгү Москва шаарында эмгектенет. Коронавирус курчуган июнь-сентябрь айларында өткөн жылга салыштырганда мигранттардын акча которуусу 21,8 пайызга азайган. Орусияда экономикалык оорчулук жаралып, көптөгөн кыргызстандыктар мекенине кайтып келүүгө аргасыз болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын муфтияты эмне үчүн мындай чакыруу менен чыкканы белгисиз. Бирок Москва муфтийи мигранттарды эмдөөгө бардыгы кызыкдар экендигин билдирди. Муфтийдин айтымында, мигранттардын көпчүлүгү тейлөө кызматында иштеп, кишилер менен көп аралашат. Ошон үчүн эмдөөдөн өткөнү пайдалуу дейт.
Мигранттарды эмдөөдөн өткөрүү жумуш берүүчүлөргө милдеттендирилген эмес. Ошондуктан алар өз ыктыяры менен эмдөөдөн өтө алат.
Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 20 миллиондон ашуун мусулман жашайт. Орусиядагы мусулмандардын кыйла бөлүгүн Борбор Азиядан келген мигранттар түзөт.

































