You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Көчмөндөр жери": "Америкалык кыял" кытайлык аялдын көзү менен
"Көчмөндөр жери" көркөм тасмасы "Оскардын" үч сыйлыгын утуп алды. "Эң мыкты тасма", ошондой эле Хлоя Чжао "Мыкты режиссер", актриса Фрэнсис Макдорманд "Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн" сыйланды.
Бул ийгилик күтүүсүз болду деп айтууга болбос эле. Анткени тасманын тушоосу кесилген Венециа фестивалында эле сыйлык алган. Андан сырткары "Алтын глобустун" жана BAFTA сыйлыктарына ээ болгон. Анын триумфу эмнеде жана тасмада авторлор кандай идеяны көтөрдү?
Китептен башталган...
"Көчмөндөр жерин" тартууга шык берген америкалык журналист Жессика Брудердин китеби болгон. Анын "Көчмөндөр жери: XXI кылымда Америкада күн кечирүү" деген документалдык эмгеги бар. Автор китепти АКШда узак убакыт саякаттап жүрүп, 2017-жылы жарыкка чыгарган. Анда "жаңы көчмөндөрдүн" - 2008-жылдагы каржылык кризистен кийин үстүндөгү үйүнөн, жумушунан айрылган жашы өтүп калган кишилердин жашоосу сүрөттөлөт. Убактылуу жумуштарды жасап, төрт дөңгөлөктүн үстүндө күн кечирген кишилер тууралуу. Алар автофургондордо минималдуу шарттарда жашайт.
"Мен алардын күнүмдүк турмушуна сүңгүп кирип, бир нече апта чатырда, андан кийин айлап автофургондо жашадым,-деген Брудер. - Тажрыйба - мыкты окутуучу. Бул убакыт аралыгында "көчмөндөрдүн" жашоосу тууралуу үстүрт элестөөлөрүмдөн баштап, жашоосун талкалап салган чоң көйгөлөргө карабай өздөрүнүн чыгармачыл энергиясын, туруктуулук жана айкөлдүктү сактап калган кишилерге терең урмат-сый пайда болгонго чейинки жолду басып өттүм".
Убакыттын өтүшү менен башка тууралуу кеп жалгаша баштады. Жумуштан айрылып калуу, ажырашуу, банк тарабынан үйүнүн тартып алынышы жана башка аларды бул жолго түрткөн себептер. Алар легенда кылып айтышчу. Бирок бара-бара мифке катылган айныгыс фактыларды билдим деген автор.
"Легенда аларга жеке жашоосун башкарып жаткандай сезим берген. Баарбызга жашообузду түшүндүрүп берген окуялар керек. Бирок бул окуялар ар дайым эле чындыкка дал келе бербейт",-дейт Брудер.
Фрэнсис Макдорманд - тасманын негизги "кыймылдаткычы"
Фрэнсис Макдорманд - таанымал голливуд жылдызы жана буга чейинки эки жолку "Оскар" сыйлыгынын лауреаты. Макдорманд китеп жарыкка чыкканда 60 жашта эле. Аны Брудердин китеби катуу таасирленткен. Макдорманд "жаңы көчмөндөр" менен муундаш эле. Ошондон дагы алардын турмушун жон териси менен сезди. Көркөм тасманы жаратуу үчүн тандем түзүлүп, башкы каараманды жана продюсерликти Фраэнсис Макдорманд колго алса, режиссер коючу Хлоя Чжао болду. Эки аялдын чыгармачыл тандеминин арты менен тасма жаралды. Профессионалдуу эки гана актер ойногон.
Картинанын маани мазмуну легендарлуу "америкалык кыялдын" кыйрашы катары көрүнүшү мүмкүн. Бул кыялды 60-жылдары торолуп өскөн муун - бэби-бумдар жакшы көргөн. "Көчмөндөр жеринде" дал мына ушул муундагылар Американын жолдорунда көчүп-конуп, күн кечиргендердин өзөгүн түзөт. Алар үчүн бакубат карылыкты үйүндө тосуу кыялы урады. Бирок ошентсе дагы тасмада саясат эмес, Америкага болгон ишеним берилген.
Тасманын жаратуучусу дагы режиссер-иммигрант. Хлоя Чжао 1982-жылы Бээжинде төрөлгөн. Атасы Кытайдагы ийгиликтүү өндүрүшчү. Хлоя бала кезинен сүрөт тартып, комикс стилинде чыгарма жаратууга кызыккан. Ата-энесинин колунда бар экени англис тилин билбеген 15 жаштагы кызды Англиядагы жеке менчик мектепке жөнөтүүгө мүмкүндүк берген. Аны бүтүп Лос-Анджелеске келет. Анын биринчи жогорку окуу жайдан алган диплому саясий илимдер боюнча.
Андан кийин гана бала кезиндеги кыялдын артынан түшүп, Нью-Йорк университетин кинематография багыты боюнча окуду. Чжаону деле таза иммигрант деп айтууга болбос. Анын эр жеткендеги өмүрүнүн баары АКШда өттү. Ошентсе дагы анын уникалдуу жашоо тажрыйбасы Американы башкача көз караш менен кароого мүмкүндүк берди. "Көчмөндөр жери" тасмасы бир жыл ичинде эле кино дүйнөсүнөн жаңы эле ордун издеп жаткан режиссерго дүйнөлүк атак алып келди.