You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19 каяктан келди? Бээжин менен Вашингтонду кайым айтыштырган доклад
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Covid-19 келип чыгышы боюнча докладын жарыялайт. Доклад уюмдун 17 эксперти жана кытайлык окумуштуулардын биргелешкен ишинин жыйынтыгынын негизинде түзүлдү.
Доклад жарыяланардан бир күн мурун ЖМКлардын колуна тийди. Аны менен таанышып чыккан журналисттер маанилүү делген суроолорго так жооп таба алган эмес.
Covid-19 жарганаттардан тарап, башка жаныбар аркылуу мутацияланып кишиге жукканы айтылат. Бирок ал эмне болгон жаныбар экени аныкталган жок. Мындай божомол буга чейин деле кеңири айтылып келген эле.
ДССУ эксперттери вирус Ухандын вирусология институтунун лабораториясынан тарап кетиши мүмкүн экенин күмөндүү божомол деп эсептейт. Буга эч кандай далил жок. Ошентсе дагы вирус лабораториядан тарашы мүмкүндүгүн четке какпайт. Буга кошумча изилдөөлөр керек.
Уюмдун эксперттеринин Ухандагы 27 күндүк жумушчу сапары чектелүү болуп, Кытай бийлиги тарабынан тоскоолдуктар болгонун айткандар болду.
Изилдөөгө алынган маалыматтарды кытайлык окумуштуулар берген. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик мекемелерде иштейт.
Документти сындагандар арасында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы бар.
"Бизде докладды даярдоонун методикасы жана процесси боюнча олуттуу суроолор бар. Анан калса Бээжиндеги өкмөт аны жазууга катышкан окшойт", - деди Блинкен жекшемби күнү CNNге курган маегинде.
Буга жооп кылып Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамлекеттик департаментин докладдын авторлоруна саясий басым кылып жатат деп айыптады.