Шахноз, Садия...Ооганстанда телеканалда иштеген кыздардын өлүмү

Published

Акыркы айларда Ооганстандын түштүгүндөгү Жалал-Абад шаарындагы "Иньикос ТВ" телеканалынын төрт аял кызматкери өлтүрүлдү.

2020-жылы 10-декабрда теле жана радио алып баруучу болуп эмгектенген Малала Майванд жумушка келе жаткан жеринен атып өлтүрүлгөн. Кол салуудан айдоочу дагы каза табат.

Ушул жылдын 2-мартында телеканалдагы сериалда үн коштогон үч кыз жоочулардын колунан өлдү. Садия Садат менен Шахноз Роафи жергиликтүү убакыт боюнча 16:00дө жумушунан үйүнө көздөй кайткан учурда көчөдө ок атылган. Аларды башка атып өлтүрүшкөнү белгилүү болду. Ушул эле күнү Жалал-Абаддагы башка райондо Мурсала Вахида атылды.

Бул үрөй учурган кол салууларды ооган өкмөтү, эл аралык коомчулук, адам укугун коргогон уюмдар кескин айыптап, билдирүүлөрдү таратты.

Соңку алты айда Ооганстанда ЖМКда иштеген 15 журналист киши колдуу каза тапкан. Кол салууга талиптерди, ошондой эле өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топту айыптап келишет.

Жалал-Абаддагы аталган телеканалдын кабарчылары киши колдуу каза тапкан журналист кыздардын жакындары менен маектешкен. Журналисттердин бири Би-Би-Сиге билдиргендей, акыркы айларда өлтүрүлгөн журналисттер, сот тармагында иштегендер жана укук коргоочулардын көпчүлүгү аялдар болду.

АКШ ушул жылдын 1-майынан тарта аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетет. Азыркы маалда "Талибан" менен ооган өкмөтүнүн ортосунда тынчтыкка жетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Көп өлкөлөрдө экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Талибан" аялдардын укуктарын чектеген саясаты менен белгилүү. Эгерде алар ооган бийлиги менен келишимге жетип өкмөткө келсе, анда өлкөдөгү аялдар укугуна байланышкан жагдай оорлошу мүмкүн деген кооптонуулар бар.